МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЭЛДИ КОРГОЙБУ ЖЕ КОРДОЙБУ?

Бишкек шаарынын 28 жаштагы Б.Т. аттуу тургуну 28-январь күнү Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө 27-январь күнү Новопокровка айылындагы Чоң Чүй каналына жакын жерде бир нече эркек аны күчтөп зордуктап кетишкенин билдирип арыз жазган. Кызды зордуктоого шектүүлөрдүн бири кармалып, анын милиция кызматкери экендиги маалым болду. Тактап айтканда, зордуктоого шектелип кармалган 36 жаштагы И.К. аттуу жаран Бишкек шаарындагы Свердлов РИИБинин нөөмөт бөлүмүндө иштээри аныкталды. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүргүзүлүүдө.

Бул укук коргоо кызматкери катышкан биринчи кылмыш эмес. Ушул жылдын башынан баштап эле милиция кызматкерлери катышкан кылмыштар, жол кырсыктар байма-бай катталууда. Мисалга алсак, 21-январга караган түнү Бишкек шаарындагы 7-апрель жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде Mercedes-Benz жана Toyota Avensis үлгүсүндөгү автоунаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталып, бир аял каза болгон. Адам өлүмүнө алып келген бул жол кырсыгынын себепкери Октябрь РИИБинин 26 жаштагы кызматкери болуп чыкты. Экспертизанын жыйынтыгында жол инспектору мас абалында машина айдап баратканы аныкталган.

29-январь күнү болсо, Сокулук районунун Новопокровка айылында милиция кызматкери 11 жаштагы баланы сүзүп кетти. Алган жараатынан улам бала кырсык болгон жерде каза тапты.

Жогоруда айтылган кылмыштар жана жол кырсыктар милиция кызматкерлери катышкан окуялардын чети гана. Элдин коопсуздугун камсыз кылуусу керек болгон кызматкерлер, тескерисинче, жарандардын өмүрүнө залакасын тийгизип жатканы өкүндүрөт. Акыркы жылдары укук коргоо органдарында бир топ реформалар болду деп жарыяланганына, көп суммада каражаттар коротулганына карабай, жыйынтык байкалбайт.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан