КАРЫЗГА БАТКАН ӨЛКӨДӨ МИНИСТР 82 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК УНААДА ЖҮРӨТ

Өлкөбүздө саламаттык сактоо тармагы өтө оор абалда. Дарыгер, медайымдардын, ооруканалардын жетишсиздиги, "Тез жардам" унааларынын аздыгы, врачтардын айлыгынын төмөн болушу. Бирок министрлик бул көйгөйлөрдү чечүүгө аракет кылганы байкалбайт.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев саламаттык сактоо министри 82 миң долларлык унаа айдап жүргөнүн айтып, сынга алды. Ал 30-январда парламент отурумунда бул маселени көтөрүп, Жогорку Кеңештин комитетине протоколдук тапшырма бериш керек деди:

– Саламаттык сактоо министри 82 миң долларлык жип машине алып, минип жүрөт. Бул 6 миллион сомго жакын акча. Унаа Дүйнөлүк банктын акчасына алынган. Азыр ооруканада пол жуугучтар 2 миң, медайымдар 6 миң сом айлык алып жатканда министрдин мындай кымбат автоунаа минип жүрүүгө кандай моралдык укугу бар? Кечээ маалымат чыкты, "Тез жардам" унаасы жок врачтар оорулууларды жонуна көтөрүп алып келишиптир. Бул машинаны сатып, ордуна "Тез жардам" унаасын алыш керек. Силер ошондой машине айдай тургандай эмнени кыйраттыңар?- деди депутат.

Кыргыз Республикасы жергиликтүү медицинаны өнүктүрүү максатында Улуттук Банктан жардам сураган. Мына ошол жардамга келген каражаттын эсебинен министрге унаалар сатып алынганы белгилүү болду.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан