Жаңы дайындалган транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов менен каржы министри Бактыгүл Жээнбаева 31-январда Жогорку Кеңеште ант беришти.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия балдарга кыргыз тилин үйрөтүү үчүн "Бал тил" деген тиркеме иштеп чыкты.
Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылып, ооруканада жатат.
"2018-жылдын 9-апрелинде Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамына президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
“Global Finance” журналы "Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө" деген рейтинг түздү. Анда Кыргыз Республикасы 128 мамлекеттин ичинен 80-орунга коюлган.
Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиргендей, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттери кытайлардын улуттук "Жаз майрамына" байланыштуу 2-февралдан 10-февралга чейин жабылат.
Борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архаровага ишти кароо боюнча ишенбестик көрсөттү.
Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы элчилигине Николай Удовиченкону дайындады. Буга чейин бул кызматты Андрей Крутько аркалап келген.
2018-жылы Кыгыз өлкөсүнүн аймагында 6 гана бала бакча курулган. Маалыматты өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
2018-жылдын 12 айында республикалык бюджеттин чыгашасы 141 миллиард 939,5 миллион сомду түздү.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов кызматтан бошотулуп, ордуна Керим Турапов жетекчи болуп дайындалды.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.