Кутман Кадырбеков, дарбазачы: «ЧУРКАГАНДЫ ЖАМАН КӨРГӨНҮМ ҮЧҮН ДАРБАЗАЧЫ БОЛУУНУ ТАНДАГАМ»

Футбол боюнча Азия Кубогунун финалдык этабына биринчи жолу катышкан Кыргыз курама командасы өзүнүн мыкты оюну менен көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Тажрыйбанын аздыгына карабай жигердүү аракеттери жана мыкты сейфтери менен элдин эсинде калган оюнчулардын бири – дарбазачы Кутман Кадырбеков болду.


Аты-жөнү – Кадырбеков Кутман Кадырбекович

Туулган жылы – 13-июнь, 1997-жыл

Туулган жери – Бишкек шаары

Бою – 192 сантиметр

Салмагы – 76 килограмм

Учурда – Улуттук курамдын жана “Дордой” клубунун оюнчусу

Амплуасы – дарбазачы

Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын ортончусу


– Салам алейкум, Кутман. Азия Кубогунда элге эстен кеткис эмоцияларды тартуулаганыңар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ал оюндардагы сезимдериң менен бөлүшө кетсең?

– Алейкум салам. Азия Кубогунан менде жалаң гана жылуу сезимдер калды. Уюштуруу иштери, стадиондордун абалы, бардыгы мыкты деңгээлде болду. Күчтүү командалар менен ойноп тажрыйба топтоо – бул чоң жетишкендик.

– Эки ай мурун Катарга машыгууга жөнөп жатканда мелдешке катыша турган 23 оюнчунун арасына кошулам деп ойлодуң беле?

– Ар дайым ар бир оюнчу курама командада ойносом деген үмүт менен жашайт болуш керек. Мен дагы кичинекей кезимде эле топ тээп жүргөндө мекенимдин намысын коргосом деп кыялданган балдардын катарында болчумун. Албетте, ошол 23 оюнчунун арасына кошулуп калганыма абдан кубанычтамын.

– Түштүк Корея менен болгон оюнга машыктыруучу курамды жарыялаганда өзүңдүн атыңды укканда кандай сезимдер болду? Старттык курамда ойнойм деген үмүтүң, ишеничиң бар беле?

– Ар бир оюнчу машыгууда старттык курамга чыксам деген ишенич менен даярданат. Анткени машыктыруучулар көптөгөн оюнчулардын ичинен 23 оюнчуга ишенип тандоо кылышкан. Бардык футболчулар көк майсаң үстүнө чыгууга даяр болчу. Ошентсе да өзүмдүн старттык курамда экенимди билгенде мен үчүн таң калычтуу болду. Экинчи жагынан абдан сүйүндүм. Анткени негизги курамда ойноо менин кыялым болчу. Азыркы учурга чейин ошол оюндарга катышканыма сүйүнүп жатам.

– Түштүк Корея менен болгон оюнда дарбаза сенин жакын досуңа айланды. Оюндан кийин дарбазага рахмат айттыңбы?

– Албетте, кандайдыр бир деңгээлде (күлүп).

– БАЭ менен болгон оюнда биздин команда акыркы мүнөттөрдө гол киргизгенде кандай эмоциялар болду?

– 92-мүнөттө эсепти теңеп кеткенибиз мен үчүн жомок болду. Мындай керемет учурларды кинолордон же сыналгы аркылуу оюндардан көрүп келген болсом, ошол футболдогу керемет учурду өз көзүм менен көрдүм. Ал сезимдерди мен түшүндүрүп бере албайм.

– Аэропорттон миңдеген күйөрмандар курама команданы тосуп алышты. Ушунчалык көп адам келет деп күттүң беле?

– Биринчи оюндан баштап эле жакын туугандарым колдоп жатканын билгем. Бирок көпчүлүк эл кызыгып көрүп жатканын чындап ойлогон эмесмин. Аэропорттон бизди тосууга үй-бүлөбүз жана ондогон күйөрмандар келсе керек деп күткөнбүз. Бирок мынчалык көп адам тосуп аларын ойлогон да эмесмин. Адамдар ушунчалык көп болгондуктан жадакалса үй-бүлөм менен да көрүшө албай калдым.

– Бала чагыңдан эле футболду жакшы көрөсүңбү?

– Мени 7 жашымда атам футболго биринчи жолу алып келген. Атам өзү футболго аралашып жүргөн киши. Ал Кыргыз Республикасынын мини-футбол боюнча ассоциациясынын 1-президенти. Кичинекей кезинен эле футбол ойноп, футболду сүйгөн адамдардын катарында болгон. Азыркы ийгиликтеримдин себепчиси атам десем болот. Бул спорттун түрү мурда мага жөн гана жакса, азыр менин жашоом болуп калды.

– Кандай себептерден улам дарбазачы амплуасын тандап алгансың?

– Футболго машыгууга баргандардын баары эле чабуулчу же коргоочу болсом деп кыялданат. Башында мен дагы дарбазачы болуп калам деп ойлогон эмесмин. Кийинчерээк чуркаган мага жакпасын түшүнгөн соң дарбазачы болуп калдым. Бирок дарбазачы болуу мен ойлогондой жеңил эмес экен. Тескерисинче, жоопкерчиликтүү милдет экенин кийин түшүндүм.

– Улуттук кураманын акыркы оюнунда кытайлык калыска нааразычылык көп болду. Негизи эле калыска нааразы болгон учурлар көп кездешеби?

– Калыстар боюнча эч кандай комментарий бере албайм. Анткени ар ким өзүнүн ишин жасайт. Арабдар менен болгон оюнда гол киргизүүгө биздин дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр болду, бирок колдоно албай калдык. Арабдар өзүнүн мүмкүнчүлүгүн колдонуп кетишти. Буйрук ушундай экен, жеңиш алар тарапта болду. Жалпы футболдо деле ар кандай учурлар болот. Бирде калыстык болот бирде болбой калат дегендей. Бул бир гана футболдо эмес, жашоодо да ушундай.

– Күйөрмандар сени Кутмэн деп атап алышты. Жакын адамдарың сага кандай кайрылышат?

– Досторумдун, туугандарымдын арасында баягы эле жөнөкөй Кутманмын. Кутмэн деген элдин ою, алардын оюн өзгөртө албайм. Элге ал ат жакса, мен каршы эмесмин.

– Александр Крестинин сабырдуу, эмоциясын көргөзбөгөн машыктыруучу экенин билебиз. Футболчуларга жинденген учурлары болобу?

– Жинденген учурларын көп деле байкабаптырмын. Ал абдан адилеттүү. Машыктыруучу гана болбостон Александр Сергеевичти мыкты мугалим, мыкты психолог деп эсептейм. Уруша турган жерде урушуп, мактай турган учурда мактайт, дайыма чындыкты айткан инсан.

– Дарбазачы болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуш керек?

– Машыктыруучум мага "ар дайым жоопкерчиликтүү жана эр жүрөк бол" деп айтат. Дарбазачы оюндун аягына чейин жалпы оюнга кунт коюп көзөмөл жүргүзүшү керек.

– Оюн алдында сага ким мотивация берет?

– Эң негизги мотивация берген адам – бул менин апам. Ар бир адам мени менен макул болсо керек, эне дүйнөдөгү эң кымбат зат. Футболду тандап алганыма апам ыраазы. Ал дайыма мени колдоп, ийгиликтеримди тең бөлүшүп келет. Мен оюнга ар дайым апамдын жылмаюусу үчүн чыгам.

– Келечекте кайсы чемпиондукта өз күчүңдү сынап көргүң келет?

– Апам “жакшы нерсени тилей бер” деп көп айтат. Ошондон улам мен Англиянын алдыңкы командаларында ойногум келет. Үмүттү үзбөш керек. Буюрса, күчтүү чемпиондукта ойноп калармын.

– Алдыдагы пландарың менен бөлүшө кетсең?

– 2020-жылы 23 жашка чейинкилер арасында Азия биринчилиги өтөт. Ошол мелдешке тандап алуу оюндары ушул жылдын март айында болот. Жакын арада ошол мелдешке даярдыктар башталат. Андан кийин, албетте, 2022-жылы боло турган Дүйнөлүк мундиалга тандап алуу оюндары башталат. Буюрса, дүйнөлүк биринчиликте ойноо үчүн бүт аракетибизди жумшайбыз.

– Ийгилик!

АЛГАЧКЫ...

...айлыгыңды эмнеге коротконсуң?

– 18 жашымда үйгө азык-түлүк алып баргам.

– ...сүйүүң канча жашыңда болгон?

– Жакында эле (күлүп), 19 жашта болсо керек.

– ... жолу канча жашыңда машина айдагансың?

– Мен унаа айдабайм.

– ...машыктыруучуң?

– Мифтахов Рашид Вагизович.

– ...жолу кайсы оюнчунун формасын сатып алгансың?

– Атам алып берген, Түркиянын улуттук курама командасынын формасы болчу.

Кубан Жумамидинов
Адилет Бектуров
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кутман Кадырбеков: "Чуркаганды жактырбагандыктан дарбазачы болгом"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Grazy-girl2019
2019-02-05 11:00:10
Азамат машине ийгилик
+2
elmira.
2019-02-05 12:39:56
Азаматсын!
+2
elb_2121
2019-02-05 13:23:18
Азаматтсын алгыр жигит
+3
naida81
2019-02-05 17:28:43
кыргыздын кыраандарыны бири, алга
+1
Baktyluu_bolgum_kelet
2019-02-05 22:36:21
Көздөрү башкача экен.Харизматичный деп коёбу?
+1
States
2019-02-06 03:05:32
192 бойго 76 кг ото эле аз жок дегенде 82 кг болуш керек . Коздору башкача экен харизматичный . Менин боломдун козу да ушундай . Негизи бизди убагында Чынгыз хан монголдор менен аралаштырбаганда аябай сулуу келген калк болмок экенбиз. Менден тан калып сурашат Европада эмнеге Азиаттарга окшошсун бирок козун аябай копкок биздикиндей деп
+2
pearle
2019-02-06 09:43:52
Азаматсын, Кутман! Акыл-эстуу, ыймандуу, келбеттуу жигит экенсин. Интервьюнду кызыгып окудум! Тилектерин орундалсын! Ийгилик сага! ушундай жигитти остургон ата-энене чон рахмат!
+1
Sagidko88
2019-02-06 14:48:11
красавчик! сенден умутубуз чон.азаматсын!
+1
Muratmipa
2019-02-06 15:25:23
Бирок сен оюнда оюнду кылышын керек иним судя бар офсайд деп сен тоскондун ордуна кыйкырып алаксып журуп гол откозуп алдын
0
Skarlett-Skarlett
2019-02-07 14:17:59
Азаматсын!Дагы-дагы ийгиликтерге жет!
+1
kakukani
2019-02-07 14:57:38
Ийгилик ар дайым
+1
Surotchu-kyz
2019-02-07 18:15:45
Азамат! Кыргыздын намысына жараган жигиттерден бол. Англиянын командасында ойносом дебечи. Кыргыздын курамасын сүйрөп Англия командасына теңде! Кыргызстандын сенде үмүтү чоң!
0
Farhat25
2019-02-09 02:34:55
Surotchu-kyz,урматту эгер сизге тушундуро кетсем бул англия курама командасында эч качан ойной албайт себеби биздин курамада ойноду. Ал эми клубда ойной берет
0
Margana93-
2019-02-08 17:03:03
Азаматсын
0
s81
2019-02-08 21:36:37
А өнөрүң ашсын
0
zamirbek33
2019-02-11 21:22:29
Азаматсың
0
№ 848, 1-7-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан