6-январдын таңында Ош облусунун Ноокат районундагы Өрнөк айылында КамАЗ менен Бишкек-Кызыл-Кыя багыты боюнча жүргүнчүлөр бара жаткан Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Жеңил унаа менен сүзүшкөндөн кийин КамАЗ теректи сүзүп, андан ары жолдун четинде жайгашкан дүкөндүн ичине кирип кеткен. Кырсыктын айынан Тойотадагы 5 жүргүнчү каза болуп, 3 адам ар кандай жаракат алган. КамАЗдын айдоочусу аман-эсен.
“ЖАҢЫ КОДЕКС БОЮНЧА ЖАЗАЛАРЫ ЖЕҢИЛ БОЛОТ ЭКЕН”
– Кызым каникул убагында Кадамжайга таенесиникине кеткен. 5-январь күнү кечки саат 6лар чамасында таксиге өзүм салгам. Кызым унаанын сол жагындагы эшик тарапка отурган. Акыркы жолу Сокулукка жеткенде чалып сүйлөшкөм. 6-январь күнү таңкы саат 6:30дарда “Ошко келдик” деп билдирүү жазган. Окуя тууралуу түшкө маал билдим. Шыр эле Ошко учуп бардым. Кызымды ошол жактан жерге бердик. Окуя болгон жерди барып көрдүм. Жол кенен экен. Сураштырып, видеодон көргөнүбүзгө караганда, Эстиманын айдоочусу уктап кеткен деп болжоп жатабыз.
1 эмес, 5 адам өлүп жатса, кырсык болгон күндө да, айдоочулар шектүү катары тергөө бүткөнчө камалышы керек деп эсептейбиз. Жакындарыбыз муздак жерде жатса, булардын эркиндикте жүргөнүн көрүп ичиң ачышат экен. Жаңы күчүнө кирген Кылмыш-жаза кодекси боюнча жазалар да жеңилдетилиптир. 297-берене боюнча айыпталса, айдоочу айдоочулук укугунан 2 жылга ажыратылып, же 3000 сом айып пул төлөп, же ашып кетсе 5 жыл камалат экен. Бирок ал беренеде адам өлүмү тууралуу сөз жок. Кызымды жоготуп жанымды коёрго жер таппай жатам. Эстиманын айдоочусу алысыраак тууганым болгонуна карабай келип же чалып абалымды сурап койгон жок. Туугандары келип куран окутуп кетишти.
“УНААГА ОТУРГАНДАН КОРКУП КАЛДЫМ”
23 жаштагы Умар Усонов Тойота Эстиманын жүргүнчүсү болгон. Ал көргөнүн төмөнкүчө айтып берди:
– Мен Кызыл-Кыяга 4 жылдан бери көрө элек ата-энемди көргөнү бараткам. Алар Орусиядан келишкен эле. Унаанын оң тарабында, айдоочунун артында отургам. Жолдон Кара-Көлдөн жарым сааттай токтодук. Жалал-Абаддан 1 сааттай токтодук. Айдоочу Ноокатка жетип калганда бир жолу токтоп эшикке чыгып бетин карга жууп келди.
Кырсыкка чейин жарым саат мурун унаа жолдон чыккандай болуп, оңго-солго бир аз ойноду. Анан айдоочу токтоп дагы бетин карга жууп келди. Ошол жерден уйкусу келип жатканы билинди. Өрнөккө кирип баратканда ылдамдыкты карагам. Саатына 80 чакырым менен бараткан. Айдоочунун “эртең менен өзү көп уйку тартат” деп айтып жатканын угуп калдым. Тасбихат окуп жатып колумду жайып, башымды ылдый кылганымда унаа оң жакка бурулду. Ошол маалда катуу бир нерсе урду. Унаа айланып кетти. Айдоочу эшикти ачып түшүп, кыйкырып басып кетти да, ары баргандан кийин унаа жакты бир карап койду. Сол жагымды карасам, айдоочунун жанында отурган байке катуу сокку жеп, бетине шишенин сыныктары кирип, кан агып, кыйналып дем алып жатыптыр. Жанымдагы эки кыз бири-бирине жөлөнүп уктап келатышкан. Алар ошол бойдон отурушту. Артты карасам, эки байке баштары отургучка жөлөнүп жатышыптыр. Менин артымдагы эженин кыйкырганын уктум. Эшикке чыктым. Мечиттен аксакалдар чуркап чыгышты. “Тез жардам” чакыргыла” дедим. Өзүм да 103кө чалсам, алар “биз ал жакты тейлебейбиз, биздин аймак эмес” дешип, башка номер беришти. Анысына чалуу кеткен жок. Анан башкалар чалып билдиришти. КамАЗдын айдоочусу менден “Айдоочуңар мас эмес беле? Ал жолдон сыртка чыгып ойноп келе жаткандыктан мен солго качтым” деди. Бирок айдоочу мас эмес болчу. Көрсөтмө бергенге барганда биздин айдоочу чоң апама “жок жерден эле
КамАЗ пайда болуп калды” дептир. Кийин видеодон көрсөм, КамАЗ бизге фарасын өчүрүп-күйгүзүп белги берген экен. Бирок биздин айдоочу ага реакция кылбаптыр. Демек, ал уктап калган окшойт. Видеодон байкасаңыз, КамАЗ жолдун четинде эле келе жатыптыр. Биздин айдоочу КамАЗды көрүп, шыр эле өз жолуна түшкөнгө аракет кылган. Ал учурда КамАЗ оңго бурулуп өтүп кетем деп ойлоп, анан экөөнүн багыты бир болуп калып сүзүшүп калышкан окшойт.
Окуядан буттарымдан жаракат алдым. Дарыланып жатам.
“МЕН БАРГАНЧА ЖҮРГҮНЧҮЛӨРГӨ ЭЧ КИМ ЖАРДАМ БЕРБЕПТИР”
Мансур Калмурзаев ал күнү аталган каттам боюнча Тойота Эстиманын айдоочусу Замирбек Адамов менен бир убакытта жолго чыккан.
– Ал күнү мен Замирбектен 15 мүнөттөй эрте чыккам. Сокулукта май куюп жатсам, Замир өтүп кеткен. Андан кийин Жалал-Абаддан жолугуп, жарым сааттай уктап алып, жолго чыктык. Мен Оштон бир нерсе таштамакмын. Ошого бир аз кармалып калдым. Өрнөккө Замир баргандан жарым сааттан кийин бардым.
Окуя болгон жерге токтосом жүргүнчүлөрдүн баары унаанын ичинде канжалап отурушуптур. Замир нес абалында экен. Тегерегинде эл жүрүптүр. Мен барып жүргүнчүлөрдү түшүрүп баштадым. "Тез жардам" мен баргандан кийин 10 мүнөттөй убакыттан кийин келди. Кызыл-Кыядагы ооруканадан окуя болгон жерге чейин 10 мүнөттүк убакыт. Өрнөктөгү медициналык пунктка чейинки аралык 1 чакырымга жетпейт. Демек, эрте келишсе болмок. Мен барганда ортоңку катарда отурган 2 кыз, арткы катардагы сол жактагы бала каза болуп калган экен. Арткы катарда ортодо отурган жигит кыйналып дем алып жаткан. Жанында отурган келинчеги поликке кулап калыптыр. Ал башы айланып жатканын айтты. Колу кыймылдабай калыптыр. Келинди чыгарып кайра келгиче жолдошу каза болуп калды. Замир өзүнө келген сайын кабыргасы ооруганын айтып жатты. Аны да унаага салып ооруканага кетиргем. Ушинтип кишилерди чыгарышып, "Тез жардам" унааларына, тааныштардын унааларына салышып коюп кетип калдым. Менин да жүргүнчүлөрүм бар болчу. Замир “Фура мен жакка буруп салды. Ошол күнөөлүү” деди. Окуяны өз көзүм менен көргөн жокмун.
“МЕН КҮНӨӨЛҮҮ ЭМЕСМИН”
Тойота Эстиманын айдоочусу 36 жаштагы Замирбек Адамов Бишкек-Кызыл-Кыя багыты боюнча 2 жылдан бери жүргүнчү ташып иштейт. Ал өзүн күнөөлүү эсептебейт.
– Мен Бишкектен 5-январь күнү кечки саат 6ларда чыккам. Чычканга токтойлу десем, жүргүнчүлөр “бул жакта тамактар кымбат, айдай бер” дешкенинен токтобой айдап кеттим. Бирок Кара-Көлдөн токтоп чай ичкенбиз. Майлуу-Сууда 40 мүнөт, Жалал-Абадда 1 саат уктагам. Жүк ташуучу унаалар негизи жолдун ортосу менен айдап, бизди тоготушпайт. Бул ирет да Өрнөк айылына жеткенде
КамАЗдын жолдун ортосу менен келе жатканын көрдүм. Качпай койду. Мен саатына 50 чакырым ылдамдык менен өз жолумда бараткам. КамАЗ саатына 60 чакырым ылдамдык менен келе жатыптыр. Жакындап кеткенде шыр эле оң жакка качсам,
КамАЗ келип унаамдын сол жагына сүзүп өтүп, даракты сүзүп барып дүкөнгө кирип кетти. Менин линияма кирип сүзгөнү схемада деле көрүнүп турат. Ал мен жакка бурбай түз кетсе, мен өтүп кетмекмин. Мен уктаган эмесмин. Уктап кетсем анчалык кача албайт болчумун, тебеленип калмакпыз. Катуу келе жаткан болсом унаа чимирилип кетмек же келе жаткан жагымды карап туруп калмак. Менин унаам бир аз кайрылып, түштүктү карап токтоп калды. Мен күнөөлүү эмесмин. Окуя жолдун ортосунда же берки линияда болсо, балким, күнөөлүү болмокмун.
Окуядан кийин унаадан түштүм. Кабыргам, ичим, башым ооруп чыкты. Артта отурган балага, эшиктегилерге “Тез жардамга” чалгылачы” дедим. Башка кишилер менен бирге арткы эшикти ачканыбызды билем. Андан кийин эсимди жоготтум окшойт. Бир маалда жолдо отурганымды билем. Бирөөлөр унаага салып ооруканага жиберишти. Андан кийин оорукананын алдында отурганымды билем.
Жабырлануучуларга туугандарымды жибердим. Анткени өзүм кан басымым түшүп, 3 күн башымды көтөрө албай жаттым. Ооруканадагыларга 2-3 жолу бардым.
“ЭКСПЕРТИЗАНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГА ЭЛЕК”
Кырсык тууралуу Ош облусу боюнча ЖКККБ өкүлү Алтынбек Теңизбаев буларды билдирди:
– 6-январь күнү таңкы саат 8:16 чамасында Ош-Исфана жолунун 73-чакырымында жүк ташуучу унаа менен жүргүнчүлөрдү ташыган Тойота Эстима үлгүсүндөгү унаа кагышкан. Окуя болгон жерге Ноокат РИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү иш-чараларды жүргүзгөн, соттук-автотехникалык экспертиза даярдалган. Анын жыйынтыгы чыкканга чейин айдоочуларды кармай албайбыз. Окуя ошол күнү эле КЖБРге Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган. Видеорегистратордон Эстима чыгыштан батышты карай баратып, карама-каршы тилкеге чыгып, жүк ташуучу унааны сүзүп алганы көрүнөт.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg