Бир кезде “Сага” деген ыры менен көпчүлүктү сыздаткан ырчы Назира Токоновага операция жасалды. Учурда ден соолугун калыбына келтирүү процессинде жүргөн Назирага акыбалын сурап байланыштык:
– Былтыр белиме суук тийгизип алган экенмин. Кээде сыздатып ооруп калчу. Көңүл бурбай жүрө берип, бир күнү эртең менен такыр эле баса албай калдым. Воронцовка айылындагы ден соолукту чыңдоо борборуна барып дарыландым, бирок дарыгерлер белимдеги маселени айтышкан эмес. Акыры травматолог Сабырбек Жумабековго кайрылсам, омуртканын кичинекей бөлүгүнө суук тийип кертилип кеткенин, операция жасап, ошол жерге аппарат салыш керектигин айтты. Операция бир жарым саатка созулду. Ал жакка кирерде баламды ойлоп ыйлагым келип, араң өзүмдү кармандым. Операциядан кийин өзүмдөн чоң жүктү алгандай эле болдум. Дарыгерлерге рахмат,- дейт Назира.
Назиранын ден соолугу бекем болушун каалайбыз!