«Кыз-Бурак” тобунун мурунку ырчысы, учурда жеке ырчы катары эмгектенип келаткан Азалиянын “Алыстадым” аттуу ыры талашка түштү. Талашка дегенде кандай, анын аталган ырына окшош аранжировкадагы “Арноо” деген сөзү башка ырды сахнага жаңы чыгып жаткан Айзада Болотбекова да аткарып баштаган. Азалия аталган чыгарманы былтыр күзүндө жаздырганын айтат.
– Былтыр 1-июнда аранжировкачы Азамат Такырбашов менен таанышып, “Алыстадым” деген ырыма буюртма бергем. Ыр көңүлүмө толбой, чогуу отуруп чыгармага кандай ритм, эффекттерди кошсок болорун сүйлөшүп, ырдын сөзүн Тимур Салиевге жаздырып, үчөөбүз чогуу студияда иштеп чыкканбыз. Ырдын бет ачарын сентябрда жасап, бирок радиолорго бергенге жетишпей калгам. Анткени Малайзияга сулуулук сынагына кетиш керек болду. Ал жактан келип депрессия болуп, эми өзүмө келип ырга клип тартайын дегенде ушундай окуяга туш болдум,- дейт.
– Ырымды башка бирөө ырдап жүргөнүн бир кесиптешим айтты. Угуп көрсөм, аранжировкасы так меникиндей. Аябай жаман болдум. Ырдаган Айзада аттуу кызды таап байланышсам “бул менин дебюттук ырым болчу, чуркап жүрүп жаздырткам, энергиям, акчам кетти” дейт. Анын аткаруусундагы “Арноо” аттуу ырдын тараганына 1 жумадай болуптур. Азырынча радио, сайттардан алдыра элек. Ал эми Азамат байкеге байланышсам “мен адашып алыптырмын, Айзадага башка жазып берем” деди. Эми көрөбүз мындан ары эмне болорун,- дейт Азалия.