– Сүрөттөгү киши ким?,- деген билдирүү келди WhatsApp’тан.
– Группалашым
– Бул сүрөттү профилиңден алып салчы, сураныч.
Жумуштан чарчап келип, телефонду ойлуу тиктеп жаткам. Маанайым жок болчу. Бул СМСти окуганда кадимкидей жандана түштүм. Бул менин сезимдеримдин жообу деп кабыл алып, көздөрүм жайнай түштү. Жанагы суз кебетем жаркырап, бактылуу жылмайып алдым. Ушул жерден тактоочу суроону беришим керек эле.
– Эмнеге алып салыш керек?
– Мен сени кызганам да.
Мына, сага! Мындай билдирүүнү мен жок эле дегенде жарым жыл күткөм. Сен экрандын артында эмне болуп жатканын көргөн жоксуң. Бирок бир билдирүүң менен мага көп күнгө жете турган энергия бердиң. Ордумдан туруп алып кадимкидей секирдим, каткырдым, күзгүдөн карап, өзүмө суктандым. Андан кийин музыканы катуу чыгарып алып бийледим. Бул башы гана болчу. Мен бир айдан бери көңүлүм тартпай жыйналбай турган үйүмдү түнкү саат бирде жыйнап баштадым. Кыңылдап ырдап коюп үй жыйнап бүткөндөн кийин да энергиям ашып-ташып, уктай албай башка жумуштарды кыла кеттим. Кызык, менин «ойгонушум» үчүн бир эле сөз керек болчу экен да. Эртеси эртеден кечке сенин билдирүүңдү күттүм. Кыялымда сени менен айга учуп кеткем. Кечинде дагы жаздың. Бул ирет билдирүү менен чектелген жоксуң. Жолугушууга чакырдың. Назданышым керек болчу. Бирок мен эки саат мурун эле боёнуп-жасанып алгам. Шыр эле макул болуп, күттүрбөй чуркап чыктым. Сенин да жасанганыңды көрүп алып жүрөгүм бат-баттан сого баштады. Мен кыялдангандай жолугушуу эмес эле. Сен 101 роза көтөрүп, капкара Гелендвагендин эшигин ачып мени отургузуп, эң кымбат ресторанга алып барган жоксуң. Бирок сенин уялганың, үтүктөлгөн аппак көйнөгүң менен жылтырата майланган бут кийимиң анын баарынан артык болду. Мен эми сендеги сезимдерге айттырбай эле ишендим. Бул ишенич мага көп жылдарга жете турган энергия бере аларына ишендим. Ушул эле учурда жарым жыл мурун таанышканыбызда сенин мага татыктуу эмес экениңди ойлогонумду эстедим. Анда силердин партия жергиликтүү кеңешке шайлануу үчүн ат салышып жаткан. Сен мен иштеген телеканалга келип маек бергенсиң. Түз эфир бүткөндөн кийин «жакшы алып бардың, азаматсың» деп бетимден өөп коштошконуңда эле уялып кызарып кеткем. Кийин сен социалдык тармактардан мени таап, ошондогу сүрөттөрдү жөнөтүп коюшумду сурандың. Баары ушундай баналдуу башталган. Шайлоо бүткөндөн кийин ортобуздагы байланыш үзүлүшү керек эле. Бирок жарым жылдан кийин минтип кайра жаздың да, жолугушууга чакырдың. Кызыгы, сенде мен өзүм үчүн түзүп алган идеалдуу эркектин бир да сапаты жок болчу. Боюң кичинекей, сары, жадакалса, мен эң эле жаман көргөн назиктик да сенде бар. Колдоруң меникинен да жумшак, пахтадай. Анан да, жолугушууга чакырып алып «кайда баралы?» деп менден сурадың. Адатта, мен мындай учурда шарт бурулуп кетип калам. А бүгүн идеалыма такыр төп келбеген адам менен баратканыма бактылуумун. Эртеси жумушта жаңы батарейка салып алгандай эле иштедим окшойт. Дагы СМС: «Сулуусуң».
Бул статуска койгон сүрөтүмө комментарий эле. Сөздүн жылуулугу денемди аралап өттү. Кызарып да чыктым. Демек, мен элесимде сенин келбетиңди чийип алып күндөрдү өткөрүп жатканда сен да ошол аракет менен алек болгон экенсиң. Мунун артынан дагы жүрөгүмдү жылытчу сөздөр жазылды. Бизге, айымдарга бакыт тартуулап, күч берүү үчүн ушул эле 1-2 ооз сөз эле жетиштүү. Жакшы сөз айтууну унутпагыла!..
Акылай