Финансылык сабаттуулук: «АКЧАНЫ ТУУРА ПАЙДАЛАНУУНУ ЖАНА ТОПТООНУ ҮЙРӨНГҮЛӨ»

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Улуттук банк жана Банктар аралык процессинг борбору калктын финансылык сабаттуулугун арттыруу кербенин баштады. Кербен учурунда адистер акчаны туура пайдалануу, сарамжалдоо жана заманбап санариптик төлөм аспаптарды колдонуу боюнча акысыз семинарларды өткөрүп жатышат.

Финансылык жактан сабаттуу болгуңуз келеби? Заманбап финансылык кызматтарды пайдаланууну каалайсызбы? Анда бул макала сиз үчүн. Улуттук банктын Коомчулук менен иш алып баруу бөлүмүнүн Финансылык сабаттуулук секторунун жетекчиси Эмир Бообеков окурмандарга керектүү кеңештерди бермекчи.


ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК ДЕГЕН ЭМНЕ?

Финансылык сабаттуулук – бул адамдын акчага байланыштуу ойлонулган жана жүйөлүү чечим кабыл алуу, кирешелерине жана чыгашаларына эсеп жүргүзүү, аларды туура колдоно билүү, өз келечегин узак жылдарга пландоо жана финансылык жоготууларга даяр болуу жөндөмдүүлүгү. Буга чейин Улуттук банк Кыргыз калкынын финансылык сабаттуулук деңгээлин аныктоо боюнча социологиялык изилдөө жүргүзгөн. Жыйынтыгында калктын үчтөн бир бөлүгү гана кирешелерине жана чыгашаларына эсеп жүргүзөрү анык болгон. Ал эми ар бир алтынчы жаран ай ичинде канча акча алып, анын канчасын кайда сарптаганы тууралуу билбегени ачыкталган. Ошондой эле жарандардын басымдуу бөлүгү баштапкы финансы кызмат көрсөтүүлөрүн гана колдонот экен. Калк түрдүү финансы-насыя мекемелеринин кызмат көрсөтүүлөрүн колдонордон мурда алардын шарттарын салыштырбайт десек болот. Финансылык сабаттуулук көйгөйү жалпы улуттук мааниге ээ болгонун эсепке алуу менен «Финансылык сабаттуулук» кербени уюштурулду. Анын негизинде адистер өлкөбүздүн жети дубанын кыдырып калкты кызыктырган финансы маселелер тууралуу маалымат беришүүдө.


«ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУК» КЕРБЕНИНИН НЕГИЗГИ МАКСАТТАРЫ

  • Жарандардын финансылык сабаттуулугунун деңгээлин жана жыйым топтоо маданиятын жогорулатуу.
  • Жергиликтүү элге кредитти туура тескөө тууралуу маалымат берүү, банктык карттарын жана санариптик төлөм аспаптарын колдонууну үйрөтүү жана башка.


ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУКТУН НЕГИЗГИ ПРИНЦИПТЕРИ

  1. Тапкан кирешеңиздин аз бөлүгүн гана сарптоону үйрөнүңүз.
  2. Күнүмдүк керектөөлөрдү толуктаңыз. Алсак, турак жай, билим алуу, ден соолук жаатындагы керектөөлөр жана башкалар
  3. Бир нерсе аларда анын баасына гана эмес, сизге ал нерсе чын эле өтө зарылбы, ага кетчү чыгымдарды да эске алыңыз. Кымбат унаа, чет жерде эс алууга жолдомо алууну эң акыркы кезекке коюу керек. Алсак, кымбат унаа алдыңыз дейли. Эгер унааңыз бузулса анын тетиктери да, оңдоп-түзөө иштери да кымбатка түшөт.
  4. Эмне кымбаттап жатканына баам салып, ошону сатып алууга аракет кылыңыз. Тескерисинче, эмне арзандап жатса аны сатып алуудан баш тартыңыз.


ФИНАНСЫЛЫК ЖАКТАН САБАТТУУ АДАМДЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Киреше жана чыгашалардын эсебин жүргүзөт
  • Акча чогулта билет
  • Тапкан кирешесинин аз бөлүгүн иштетет
  • Финансылык кызматтарды туура тандайт
  • Каржы жаатындагы актуалдуу маалыматтар менен таанышат
  • Өз укугун билет жана коргой алат


ЖЕКЕ ФИНАНСЫЛЫК САБАТТУУЛУКТУ КАНТИП ЖОГОРУЛАТУУ КЕРЕК?

  • Кирешени жана чыгашаны туура анализдеңиз. Чыгашалардын санын мүмкүн болушунча кыскартууга аракеттениңиз, өзгөчө ири суммадагы.
  • Кирешени жана чыгашаны каттоого алуучу атайын программаларды пайдаланыңыз. Алсак, «Үй-бүлөлүк бухгалтерия».
  • Финансылык сабаттуулукту арттыруучу ар кандай семинарларга, тренингдерге катышып маалымат алып туруңуз.
  • Топтогон акчаңызды капчыкка катып жата бербей, акчадан акча жасоонун жолдорун үйрөнүңүз. Алсак, үйдө сактаган акча ар кандай коопсуз жагдайларга учурашы мүмкүн: уурдалышы же тилсиз жоого, өрткө кабылышы мүмкүн. Мындай учурда акчаңызды эч ким кайтарып бербейт, демек, күйүп кетти деген сөз. Андыктан депозит ачып, банкта сактаңыз. Акчаңызга үстөк пайыз кошулуп каражатыңыз көбөйөт жана ишенимдүү корголот. Мындан сырткары ар кандай облигация, мал сатып алыңыз, жеке бизнес ачыңыз.
  • Алынган насыяны туура пайдаланыңыз.


ЗАПАСТА АР ДАЙЫМ АКЧА БОЛСУН!

Ар бир адам форс-мажордук абалга, тагыраагы, кыйын кырдаалга тушуккан окуяларга деп запаска акча сактоосу керек. Анын өлчөмү канча болушу керек?

Минималдуу өлчөмү – 6 айлык киреше.

Оптималдуу өлчөмү – 1 жылдык киреше

Бул запастагы өлчөмдөр кыйын кырдаалдардан оңой чыгууда жардамга келмекчи.

Дамира Арстанова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aslan_akjol89
2019-02-13 01:30:03
Айлык аран жетип атса минимум 6 айлыктын коломун кантип чогултасын?
+1
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан