Руслан Чойбековду Жогорку Кеңеште жаңы депутат деп атоого болот. Ал парламентке өткөн жылдын 18-апрелинде «Кыргызстан» фракциясынын атынан депутат болуп келген. Эл өкүлү менен коомчулукта талкууга алынып жаткан айрым маселелер боюнча кенен маектештик.
Чойбеков Руслан Нуркалиевич
Туулган жылы – 1979-жылы Балыкчы шаарында туулган
Билими – жогорку
Кесиби – юрист
Учурда – Жогорку Кеңеште «Кыргызстан» фракциясынан депутат
Жогорку Кеңеште – Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасынын орун басары
– Руслан Нуркалиевич, айрым саясатчылар акыркы күндөрү учурда иштеп жаткан Конституцияны кайрадан карап чыгып, өзгөртүш керек деп чакырык сала башташты. Ушул маселеге Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасынын орун басары, юрист жана жөн гана кыргыз жараны катары оюңуз кандай, Баш мыйзам өзгөртүүгө муктажбы?
– Рахмат. Сиз туура айтып жатасыз. Акыркы учурда айрым саясатчылар, коомдук ишмерлер Конституциянын текстин кайрадан карап, тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизиш керек деп массалык маалымат каражаттарында, тегерек стол, конференцияларда же башка коомдук талкуу болгон аянтчаларда өз пикирлерин билдирип жатышат. Айтылган сөз, каалайбызбы, каалабайбызбы, кандайдыр бир деңгээлде талкууга алынат, ал боюнча пикир алмашуу жүрөт. Бул табигый процесс. Анткени мыйзам тирүү организмдей эле, толукталып, байытылып, кошумчаланып жана коом менен мамлекеттин акыбалына жараша эл мүдөөсүн жана кызыкчылыгын эске алуу менен өзгөртүлүп турушу керек. Бирок ар бир өзгөртүүнүн артында абдан дыкаттык менен талданган анализ, экспертиза, эсептөөлөр, талкуулар турушу зарыл. Алар терең изилденип, жети өлчөнүп, бир кесилиши керек.
Мамлекетибиздин Конституциясы эгемендүүлүккө ээ болгондон берки 28 жыл ичинде 11 жолу өзгөртүүлөргө дуушар болду. 11 жолу бул көппү же азбы деген суроо туулат. Менин оюмча, көп. Мисал катары ала кетсек, 200 жылдык тарыхы бар Америка кошмо штаттары Баш мыйзамына 1787-жылдан бери бир дагы жолу өзгөртүү киргизген эмес. Бизде болсо, албетте, кырдаалга жараша жүйөлүү, керектүү, коомубузга ылайык келген өзгөртүүлөр да болду, ошондой эле арасында бир адамдын жеке кызыкчылыгын көздөгөн өзгөртүүлөр да болбой койгон жок. Аларды коомчулук жакшы билет. Аягы да эмне менен бүткөндүгү белгилүү.
2010-жылы 27-июнда жалпы элибиз колдоп референдумда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы азыркы учурда толук кандуу иштеп жатат. Жаңы редакциядагы кетирилген айрым техникалык, грамматикалык каталарды жоюу максатында жана айрым жүйөлүү толуктоолорду киргизүү максатында 2016-жылы 28-декабрда айрым өзгөртүүлөр сунушталып, жалпы элдик референдумда кабыл алынып, күчүнө кирген.
2010-жылкы бүткүл элдик референдумда 2020-жылга чейин Баш мыйзамды өзгөртпөө, толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизбөө тууралуу чечимди эл кабыл алган. Ал чечим ар бир келген мамлекет жетекчиси өзүнүн кызыкчылыктарынын алкагында негизги мыйзамды бурмалабаш үчүн сунушталган.
Менин жеке пикирим – элдин чечимин сыйлашыбыз керек, бул – биринчиден. Экинчиден, 2020-жылга өтө эле аз убакыт калды, бир аз сабырдуу болуп, жеңил-желпи чечимдерге барбашыбыз керек го деп ойлойм. Бул тууралуу өзүнүн оюн мамлекет башчы Сооронбай Шарипович дагы 2018-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 80 жылдыгына карата уюштурулган илимий-практикалык конференцияда сүйлөп жатып билдирди. Ал Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн кажети жок экендигин айтты. Президенттин бул сөзүн мен дагы толугу менен колдойм жана туура деп эсептейм.
Менин оюмча, кеп Конституциянын нормаларында эмес, кеп ошол мыйзамдардын талаптарынын так аткарылышында. Коомубуз мыйзамдарды так аткарганга, сыйлаганга көңүл буруусу зарыл деп ойлойм. Бардыгыбыз жапырт ошол тартипке көнүп, баш ийип жашашыбыз керек.
– Ушул эле пикириңизди кошумчалай кетсеңиз. Элге таанымал болгон айрым коомдук ишмерлердин Конституцияга ылайык расмий тил макамына ээ орус тили боюнча айтып жаткан сунуштары канчалык деңгээлде учур талабына ылайык келет?
– Рахмат. Түшүнүктүү. Айрым коомдук уюмдар жана ишмерлер 2018-жылдын 24-ноябрында Бишкек шаарында өткөн «элдик курултай» деп аталган чогулушта Кыргыз Республикасынын Конституциясынан орус тилинен расмий тил деген макамын алып салуу керек деген ойлорун билдиришкен. Ошондон бери коомчулукта бул маселе да кызуу талкууга алынууда.
Биринчиден, бул чогулуштун статусу өзү белгисиз. «Элдик курултай» деп аталганга жана элдин атынан сүйлөгөнгө бул жарандарыбыз кимден жана кандайча укук алганынын өзү күмөн. «Элдик курултай» деген институттун статусу азыркы күнгө чейин мыйзамдуу түрдө белгилене элек.
Экинчиден, бул сунуштун өзүн көтөрүп, талкууга салган туура эмес. Бул маселенин козголушуна мен негизинен каршымын. Орус тилинин статусу азыркы учурда жакшы эле көңүл бурулуп бекемделген жана ушул калыбында калуусу керек деп эсептейм. Орус тилинин расмий деген макамынын биздин мамлекетибиздин өсүп-өнүгүүсүнө салымынан башка зыяны тийген жок деп ойлойм. Ал эми өзүбүздүн кыргыз тилибиздин өнүгүшүнө, элибиздин калың катмарына жайылтылышына биз өзүбүз мамлекеттик деңгээлде өзгөчө кам көрүп шарт түзүүбүз зарыл. Тиешелүү мыйзамдар кабыл алынган жана башка укуктук актылар иштеп жатат. Болгону, өкмөт акча каражаттарын караштырып таап, анан ага ылайык тиешелүү иш-чараларды максаттуу план менен иш жүзүнө ашырууга тийиш.
Мындай маселелерди көтөргөндөн мурун экономикабызды ойлойлу, кошумча жумуш орундарды түзүү жагын карайлы, анан акча каражатыбыз пайда болгондо тил жана маданият маселелерин чечкенге оңой болуп калат. Бүгүн орус тили биздин экономикабыздын өнүгүүсүнө жолтоо болуп жаткан жок да? Тескерисинче, чет өлкөлөрдө биздин 1 миллиондон ашуун жараныбыз нан таап иштеп, үй-бүлөсүн багып, өлкөбүздө жашап жаткан туугандарына, ата-энелерине жардам берип жүрүшөт. Жеке өзүлөрү гана пайда көрбөстөн, мамлекеттин экономикасына да салым көрсөтүп келишет. Алардын көбү Орусия Федерациясында. Бул мигранттар жыргаган жашоодон улам Орусияга кетишкен жок да. Аларга бул жерден шарт түзүп бере албаганыбыздан улам, иш орундарын түзө албаганыбыздын айынан кетишти. Аларга шарт түзүп бербегенден кийин, жок дегенде зыяныбызды тийгизбейли.
Бул маселени көтөргөндөр чет мамлекеттерде жүргөн биздин жарандарыбыздын укугун, акыбалын жана көйгөйлөрүн эске алуулары абзел. Аларга туура эмес, ойлонулбай сүйлөнгөн сөзүбүздүн залакасы тийип калбайбы деген суроо салышыбыз керек. Орусия бизге стратегиялык өнөктөш, Евразиялык экономикалык шериктеш мамлекет. Экономикалык жактан бизге эбегейсиз чоң жардамын берип келет. Бул мамилелерди биз баалап, туура саясат жүргүзүшүбүз керек деп ойлойм.
– Жакында эле борбордук аянтта өлкөбүздө мыйзамсыз жүргөн кытай жарандарына каршы митинг өткөнү баарыбызга маалым. Бул митинг, анда көтөрүлгөн маселе боюнча сиздин пикириңиз кандай?
– Биринчиден, бул ачык айтканда, жакшы эмес көрүнүш. Мунун бардыгы тиешелүү мамлекеттик органдардын жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин жүргүзбөгөндүктөн жана калкыбызга маалыматтын толук кандуу жетпей жаткандыгынын белгиси. Экинчиси, мамлекетибиздин бейпилдигин бузууга кызыкдар кандайдыр бир күчтөрдүн бар экендиги ачык көрүнүп калды. Алардын көздөгөнү эмне экендиги белгисиз, бирок өз максаттарына жетүүнүн бир жолу катары алар ушул багытты тандап алгандай сезилет.
Эл арасына туура эмес маалыматты таркатып, эки тараптуу калыптанып калган мамилени бузууга аракет кылган күчтөрдүн ою ишке ашпасы бардыгына маалым. Алар жайылтып жаткан цифралар жана башка көрсөткүчтөр бир нече эселеп көбөйтүлүп көрсөтүлүп жатат.
Чындыгында, реалдуу цифралар башкача. Айта кетсек, бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын өкмөтү парламентке келип эл өкүлдөрүнүн алдында да расмий түрдө берди. Кеңири талкуу, суроо-жооптор болуп, депутаттар тарабынан да сунуштар айтылды.
Реалдуу расмий маалымат менен туура эмес таркатылып жаткан маалыматтар эки башка болуп чыкты. Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, биздин мамлекетке 2018-жылдын ичинде болгону 35 215 кытай жараны кирип, кайра 34 436 жаран чыгып кеткен. 2017-жылдагыга салыштырмалуу кытай жарандары 6092ге аз киришкен. Андан тышкары Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылы кытай жарандары 21 017 виза алышкан, анын ичинде 14 492 виза электрондук негизде берилген. Мамлекеттик каттоо кызматынын расмий билдирүүсүнө карасак, 2018-жылы Кыргызстанда убактылуу жашоого уруксат алган кытай жарандарынын саны – 11 966. 2017-жылы – 18 312 уруксат кагазы алынган. Анын ичинен 2018-жылы Кыргыз мамлекетинде убактылуу эмгектенүүгө уруксат кагазын 9498 кытай жараны алган болсо, 2017-жылы 11 593 жаран алган.
Өзүңөр байкагандай, тескерисинче, жылдан жылга цифралар азайып жатканын көрүп жатабыз. Дагы айта кетсек, 2010-2018-жылдардын аралыгында 60 кытай жараны менен кыргыз жарандары баш кошуп, никелерин расмий түрдө катташкан. Ал эми Кыргыз мамлекетинин жарандыгын 6 кытай жараны алып, мамлекетибиздин тургуну болуп калышкан. Көрдүңүздөрбү, таркатылып жаткан маалыматтарда он миңдеген жарандар жөнүндө айтып жатышты эле, расмий булактар бир нече эсе аз цифраларды берип жатышат.
– Негизинен келген кытай жарандары булар биздин мамлекетте иштеп жаткан кыргыз-кытай биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруучу мекемелерде жана ишканаларда иштешкен кызматкерлер. Бардыгыбыз билгендей, Кыргызстанда бир топ эл аралык долбоорлор ишке ашырылып жатат. Алардын көпчүлүгү кыргыз-кытай биргелешкен жана Кытай мамлекети тарабынан каржыланып колдоого алынган иш-чаралар. Жол салуу, тери иштетүү, кагаз чыгаруу, кийим тигүү, кен казуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, мунай иштетүү жана тамак-аштарды кайра иштетүү багыттарында биргелешкен ишканалар абдан көп. Алардын саны 600гө жакын, тактап айтканда, 397 кытай ишканасы, 177 кыргыз-кытай биргелешкен компаниялар бар. Ал эми Кыргыз менен Кытай мамлекеттеринин жалпы соода-сатык, товардык айлануусунун көлөмү жана Кытайдын Кыргызстанга көрсөткөн акчалай инвестициялык салымы – 2,1 миллиард доллардан ашты. Ушул ишканалардан биздин мамлекетибизге түшкөн салык эле 3,8 миллиард сомду түздү. Бул биздин бюджетке эбегейсиз чоң салым. Андан тышкары мындай ишканаларда иштеген кыргыз жарандарынын саны 2500 адамдан ашты, бул деген ошончо адам иш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багып жатат деген көрсөткүч.
Кытай Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү, жакшы коңшулук сый мамиледе болуп жатат. Дүйнөнү дүңгүрөткөн, экономикасы өтө өнүккөн, миллиарддан ашкан калкы бар гигант Кытай мамлекети менен биз кызматташтык позицияда болгонун жакшы көрсөткүч катары кабыл алып, түшүнүү менен иш алып барышыбыз керек. Мамилени бузуп алсак, бул бир тараптуу эле Кыргыз мамлекетине зыян алып келет. Кытай бул жоготууну байкабай да калышы мүмкүн.
– Жыл жаңыргандан тартып эле коомчулукту дүрбөлөңгө салган дагы бир иш – айып пулдардын көлөмүнүн кескин өскөнү болду. Сиздин оюңуз кандай?
– Жылдын жаңырышы менен коомчулукта резонанс жараткан маселе, чындыгында, ушул жаңы мыйзамдардын күчүнө кириши болду. Кыргыз Республикасынын президентинин 2012-жылдагы жарлыгына ылайык, мамлекетибизде жүргүзүлүп жаткан сот-укуктук реформанын алкагында кабыл алынган жана 2019-жылдын 1-январынан тартып колдонууга киргизилген жаңы 5 кодекс, 2 мыйзам ишке кирер замат жарандарыбыздын кескин сынына кабылды.
Булар – Кылмыш-жаза; Жоруктар жөнүндө; Жазык-процесстик; Жазык-аткаруу; Эреже-тартип бузуулар жөнүндө кодекстер жана «Пробациялоо жөнүндө», «Мунапыс негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» мыйзамдары.
Толуктоолор, өзгөртүүлөр, албетте, бирөөнө жагат, бирөөнө жакпайт. Жактырган тараптар да болот, жактырбагандар андан көп болот. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Жашоо бир орунда турбайт да. Бирок коомдун жана мамлекеттин акыбалына жараша табигый процесс өз нугу менен жүрө бериши керек. Жогоруда айтып өткөндөй, ар бир өзгөртүүнүн артында абдан терең жасалган анализ, экспертизалар, эсептөөлөр, талкуулар турушу зарыл. Катачылыктар кетпей койбойт, алар сөзсүз орун алып турат. Ишке киргенде бул мыйзамдар кандай таасирлерге дуушар болот аны да байкап, ошого жараша кайрадан тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизсек болот. Ага мыйзам жол берет. Идеалдуу, кынтыксыз мыйзам эч качан болгон эмес. Аны баарыбыз билип түшүнүп турабыз. Кабыл алынган мыйзамдардын нормалары, мезгил талабына жараша, реалдуу турмушка ылайык келтирилип туруусу зарыл.
Жакында эле ушул мыйзамдардын өкмөт тарабынан аткарылышы тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин жыйынына келип вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Талкуунун жана суроо-жооптордун жыйынтыгы менен парламент токтом кабыл алып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө тиешелүү тапшырмаларды берди. Айта кетсек, аракеттеги мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүү, жаңыдан ишке киргизилген ченемдик-укук актыларында кетирилген калпыстыктарды кайра тактоо, айып пулдардын көлөмүн кайрадан тактап карап чыгуу, мыйзамдардын ишке ашырылышын камсыз кылган иш-чараларды колго алуу жана башка бир топ маанилүү маселелерге көңүл бурулуусу керектиги белгиленди.
Мыйзамга болгон өзгөртүүлөрдүн эң негизги максаты – бул айып пулдарды көбөйтүп бюджетти толтуруу болбошу керек. Негизги максат – калкыбызды, жарандарыбызды мыйзамды сыйлоого үйрөтүү, айлана-чөйрөнү коргоого үйрөтүү, тегерегиндеги башка жарандарды сыйлоо жана аларга аяр мамиле кылуу, мамлекетибиздеги коопсуздукту жана тынчтыкты сактоо, коомубузду укуктук маданиятка үйрөтүү, жол коопсуздугун сактоо, жолдогу болгон кырсыктардын санын азайтуу, жарандардын өлүмүн кыскартуу жана өмүрүн коргоо болушу керек.
Ар бир жараныбыз коомдогу өзүнүн укугун жана милдеттерин билип, жоопкерчилигин сезиши керек. Жоопкерчилик жок болсо, мыйзамды сыйлоо эч качан орнобойт. Өнүккөн, укуктук маданияттын туу чокусуна жетишкен мамлекеттер дагы өз учурунда иш-чараны ушуга окшогон аракеттерден баштаган. Көптөгөн жылдар өтүп, ал мамлекеттеги коом да ошого көнгөн жана жүрүм-турумун мыйзамга ылайыкташтырышкан. Алыс кетпей эле, КМШ өлкөлөрүнүн статистикаларын карасак деле, алардын айып пулдарынын көрсөткүчтөрү биздикине караганда кыйла жогору. Албетте, ал мамлекеттердин жарандарынын айлык акылары да жогору деген сөз айтылышы мүмкүн.
Башкасын айтпай эле, бир гана беренени мисал катары келтирип көрөлү. Коомчулукта өтө эле талкууга алынган маселенин бири болгон – мас абалында автотранспортту башкаруу беренеси боюнча салыштырмалуу анализ жүргүзсөк, анда биз төмөнкү таблицаны көрөбүз:
Өзүңүздөр байкагандай, эң төмөнкү айлык маянага карата белгиленген айып пулдун өлчөмү Кыргызстанда 13,5 эсеге туура келет. Ал эми алыс кетпей, Казакстан менен Өзбекстанда 30 жана 20 эселеп айырмаланат. Демек, бизде бул көрсөткүч салыштырмалуу аз эле деп эсептейм. Эң кымбат болгон адам өмүрү, жарандардын ден соолугу, мамлекеттин жана коомдун коопсуздугу жөнүндө сөз болуп жатканда, эч кандай акчалай өлчөмдөр мааниге ээ болбошу керек.
Дагы бир белгилей кетчү нерсе, өтө катуу коомдук талкууну жараткан «түкүрүк» маселеси. Менин жеке пикирим, негизинен бул айып пулдун киргизилиши абдан туура. Ал эми айрым кесиптештерим көтөрүп жаткан «кодекстин башка бөлүгүнө жазылып калыптыр, юридикалык жактан туура болбой калыптыр» деген кептер болгону кодексти даярдаган жумушчу топтун техникалык катасы болушу мүмкүн. Ал өзгөртүүлөрдүн негизинде калыбына келчү маселе.
Тарыхы тереңге кеткен элибизде уңгулуу сөздөрүбүз көп. Жер эне, «эл эмгегин жер жебейт», «жери байдын эли бай» жана ушундай жерибизди даңазалаган көптөгөн маанилүү, маңыздуу кептерибиз бекер жерден чыкпаса керек. Анан ошол ыйык жерибизге түкүргөндү кандай бааласак болот? Биринчиден, коомдук тартип, экинчиден, маданият, үчүнчүдөн, гигиена, тазалык, төртүнчүдөн, медициналык жагдайды эске алсак, анда бул өзгөртүүнүн киргизилишин жапа тырмак колдоого алышыбыз керек. Бирок бул берененин иштешинин механизмдерин жакшыртуу максатында кайра карап, тактоо иштерин жүргүзүү максатка ылайык. Коомдук тартипке чакырып, маданияттуулукка үйрөтүүнү жарандарыбызга бала кезинен эле жайылтууну колго алуу зарыл. Бул нерсе калкыбыздын калың катмарынын аң-сезимине бекем орноосу мезгилдин талабы.
– Асылбек уулу Дамирбек Казакстанда кылмышка шектелип кармалып, камакка алынган соң БШК аны депутаттык мандаттан ажыратты. Ал мандаттан ажыратылган соң сиз парламентке депутат болуп келдиңиз. «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлү, парламенттин депутаты катары сиздин партиялашыңыз, мурдагы депутат Асылбек Дамирбек уулуна карата Казак Республикасынын Коопсуздук комитети тарабынан козголгон кылмыш иши жөнүндө эмне пикир айта аласыз? Коомчулукта бул маселе дале бүдөмүк бойдон калууда.
– Асылбек уулу Дамирбекти кыргыз спорт күйөрмандары жакшы тааныйт. Жалпыбызга маалым болгондой, ал грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. 1997-жылы Дүйнөлүк чемпиондуктун коло медалына татыган. 1998-99-жылдары Азиянын 2 жолку чемпиону аталган жана Кыргызстандын мыкты спортчусу деген титул ыйгарылган. 2000-жылы Дүйнөлук чемпиондукка катышып, эң күчтүү 10 балбандын катарын толуктаган. Ал эми 2001-жылы жеңишке жетишип, Азия чемпиону болгон. 2012-жылдан бүгүнкү күнгө чейин өлкөбүздүн Күрөш федерациясынын биринчи вице-президенти болуп келет. Ошондой эле Азиянын спорт күрөшү боюнча кеңешинин (AAWC) төрагасынын орун басары кызматын да аркалап келди.
Спорт чөйрөсүнөн тышкары Асылбек уулу Дамирбек саясатка да аралашып, өзүн жакшы жагынан элге тааныта алды. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009- жана 2015-жылдагы 4-6-чакырылыштарынын депутаты болуп шайланган. Депутат катары өз шайлоочулары менен тыгыз байланышта болуп, колдон келген жардамын көрсөтүп келди. Коллегалардын арасында өзүнүн орду жана аброю бар эле. Спорт жана жаштардын көйгөйлөрүн байма-бай көтөрүп, маселелерди кабыргасынан коюп турчу.
Анын Казакстандын коопсуздук кызматы тарабынан кылмышка шектелип кармалышы биз үчүн абдан күтүүсүз болду. Коомчулукта да бул жагдай кызуу талкууга алынып, бүгүнкү күнгө чейин түшүнүксүз болуп келет. Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 17-февралында казак жергесинде экономикалык кылмышка каршы жүргүзүлгөн атайын операциянын жыйынтыгында контрабандалык кылмыш менен алектенет деп жалпысынан 35 адам кармалып, камакка алынган. Анын ичинде Асылбек уулу Дамирбек жана дагы эки кыргыз жараны кармалып, убактылуу камоочу жайына киргизилген. Аларга казактардын кылмыш кодексинин 234-беренеси – «Экономикалык контрабанда» жана 264-берене – «Улут аралык кылмыштуу топтун мүчөсү болуу жана аны түзүү же болбосо башкаруу» деген беренелер менен айып коюлуп, азыркы учурда Алматы шаардык сотунда сот процесси жүрүп жатат. Соттук териштирүүнүн негизинде бир топ дал келбестиктер жана түшүнбөстүктөр ачыкка чыгып жатат. Бара-бара баарыбызга толук маалымат белгилүү болот го деген ойдомун.
Кесиптешибиз Дамирбекке укуктук, моралдык колдоо көрсөтүп, дем берүү иретинде биз Жогорку Кеңештин депутаттары Алматы шаарына барып, соттук отурумдарга катышып келип жатабыз. Жеке өзүм акыркы айдын ичинде эле 5 жолу барып сот отурумуна катышып, процесстин өтүшүн өз көзүм менен көрүп байкоо салып келдим. Андан тышкары журналисттик байкоо салабыз деген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө да тишелүү шарттарды түзүп, уюштуруу жагынан жардам берип жатабыз.
Эгерде камакка алынган учурда Дамирбек Асылбек уулу казак жараны деп таанылып камакка алынса, 2018-жылдын декабрь айынан баштап аны кыргыз жараны катары карап жатышат. Бул болсо соттук процесстин жүрүшүнө сөзсүз оң таасирин тийгизет. Атайын операция учурунда Дамирбектин жанынан табылган казак паспорту мыйзамсыз деп табылып, жарактан чыкты. Демек, анын казак жараны экендиги мыйзамсыз деп аныкталды. Ал эми Казакстан менен биздин мамлекеттин ортосундагы кол коюлган эл аралык келишимдердин негизинде, кыргыз жаранын казактар кармаган учурда өз жарандыгына жараша Кыргызстанга өткөрүп берүүгө толук мүмкүнчүлүк бар. Буюрса, бул ишти парламент дагы, коомчулук дагы өз көзөмөлүнө алып, иштин оң жагына чечилишине бардык аракетибизди жумшайбыз деген ойдомун.
– Маегиңизге рахмат. Депутаттын коңшу мамлекет тарабынан кармалып, камакка алынышы тууралуу келечекте дагы кенен маек курабыз деген ой бар. Маегиңизге рахмат.
– Сиздерге да рахмат. Иштериңизди ийгиликтер коштосун.
Ибрагим Жусуев