Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.
КОЙ (21.03-20.04)
Сиз бул аптада буюм, акча иштери менен алпурушасыз. Өйдө-төмөн учурлар болот. Жеке иштериңизге да тийиштүү деңгээлде көңүл бурууга аргасыз болосуз. Үй-бүлө мүчөлөрү менен болгон мамиле өзгөрмө мүнөздө өтөт. Андыктан ачууну ооздуктай билиңиз. БУКАЧАР (21.04-20.05)
Алып барып жаткан иштериңизге бир ирет көз жүгүртүп чыгууга туура келет. Кошуна, бир тууган, жакынкы чөйрөдөгүлөр менен тыгыз байланышта болосуз. Сапарга чыгуу, иш кагаздар, электрондук приборлор маселе жаратат. Эске алыңыз.ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Апта башында жалгыздыкта иш алып барууга туура келет же купуялуулук күчөп жашыруун жумуштарды жасайсыз. Киреше кирүүнүн үстүндө иштейсиз. Ал кирешенин кириши же кирбеши сиздин акыл калчап иш алып барууңуздан толук көз каранды.БӨЙӨН (22.06-22.07)
Айрым жакын санаалаштар менен баарлашасыз. Үмүттөрүңүздүн орундалышын күтөсүз. Адаттагы тартынчаактык мүнөзүңүздү ооздуктасаңыз, анда жакшы нерселердин болушу толук мүмкүн. Ийгиликтер жана маанайыңыз өзгөрүлүп турат.
АРСТАН (23.07-23.08)
Сизди бул жумада эки айрылыш жол күтөт: “Оң жакка кетсең сырдуулук, сол жакка кетсең жетекчилик” деген. Биринчисин тандаганыңыз оң. Анткени жетекчиликтин бул күндөрдөгү сизге болгон мамилеси өзгөрүп турмакчы. Курмандыкка айланып калбаңыз.БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Алыскы жол, жогорку билим, документке байланыштуу иштерге чуркайсыз. Өнөктөштөр, бийлик өкүлдөрү менен да алака кылууга туура келет. Сырдашыңыз, ишканалар менен сүйлөшүүгө барасыз. Кыйкымчылдыгыңызды ооздуктасаңыз тилегиңиз орундалат. ТАРАЗА (24.09-23.10)
Бөтөн буюмдар, каржы суроолорун чечүү менен алектенесиз. Колго акча тийбесе, карыз алууга аргасыз болосуз. Сарптоолор болот. Кызматта иштеген адамдар менен алака кыласыз. Акыл тездигин колдонсоңуз баары сиз ойлогондой бүтөт.ЧАЯН (24.10-22.11)
Мыйзам суроолору боюнча иштерди аткарасыз. Өнөктөштөр, жубайыңыз менен биргеликте жалпы темаларды талкуулайсыз. Сапарга чыгуу, окуу, кагаз иштерине алагды болосуз. Башка шаардыктар, дин өкүлдөрү, куда тараптар менен баарлашасыз. ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Жумуш, ден соолук жаатына көңүл бөлөсүз. Айыл жеринде жашасаңыз дыйканчылык же ири малдарга маани бериңиз. Ошентсеңиз натыйжасы жаман болбойт. Акча түшүшү да мүмкүн. Каржы маселесин чечүүдө этияттык керек. Сарамжалдуу болуңуз.ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Айрым эс алууларды кантип уюштурсам деген ойлор сизди түйшөлтөт. Балдарыңыздын бири сизди укса, кайсы бири кулак салбай айлаңызды кетирет. Жубайыңыз алар тарапка жан тартса, чыккынчылык катары эсептебеңиз. Баары жакшы болот!
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бул күндөрү жакындарыңызга эле эмес, жумушуңузга да жакшы көңүл бурууга туура келет. Кесиптештердин сизге болгон көз караштары өзгөрмө мүнөздө өтөт. Айылда жашасаңыз чарба иштерине көп алагды болосуз. Башка нерселерге убакыт аз.БАЛЫК (20.02-20.03)
Жакын туугандар менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрөт. Документ, жолго чыгуу, окуу темалары күн тартибинде болот. Көңүл ачуу, спорт, чыгармачылык тармактарына убакыт бөлөсүз. Дем алыш күндөрү көңүлүңүз көтөрүлөт.