ҮЙ-БҮЛӨДӨ АЯЛ ЭРКЕКТЕН КӨП АКЧА ТАПСА КАНДАЙ МАСЕЛЕЛЕР ЧЫГАТ?

Үй-бүлөгө күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын эмгек кылуу керек. «Бүгүн эмгек кылдым, эми бир ай эс алам» деп ойлосоңуз эле чебиңиз четинен урай баштайт. Үй-бүлөдө аял-эркектин ролу, заманбап аялдын «мен эле таап келип жатам» деген сөзүнүн оордугу тууралуу сөз кылмакчыбыз. "Paradise Sun" борборунун психологу Айзада Танаева бул маселе тууралуу айтып берет.

ТАБИЯТКА КАРШЫ БАРА ЖАТАБЫЗБЫ?

Көпчүлүк үй-бүлөдө аялдар күйөөсүнөн көбүрөөк таап жаткан учур. Бизде эле эмес, дүйнөлүк практикада аялдар көбүрөөк киреше табууда. Анткени аялдарда ийиле турган жерден ийилип, жетекчинин тилин таба турган жерден таап, ордуна койчу жерде ордуна коё ала турган ийкем акыл бар. Мунун терс жагы да бар. Табышкерлик аялдардын табияты эмес. Жан-жаныбарда болобу, адамдарда болобу, эркектин Жараткандан берилген милдети – үй-бүлөсүн камсыздоо. Эркек алып келген тамакты даярдоо, тукумду улантуу, үй-бүлө мүчөлөрүнө камкордук кылуу аялга тиешелүү милдет. Демек, илгертеден бөлүнгөн роль замандын агымы менен алмашып калды. Табиятыбызга каршы кетип баратабыз. Бул нерседен эркек, аял, ал эле эмес, ортодогу балдар да жапа чеге баштайт.

БЕТ КАПТАР СЫЙРЫЛГАНДА...

Эркек аялдардай эмоциясын ачык чыгара бербейт. Бирок бөркүңүздөй көрүп коюңуз, эгер аялы андан көп акча тапса өтө жабыр тартат. Алгач аялынын ийгилигине кубангандай түр көрсөтөт, кийин «баары жакшы» деген сыпайы бет кап киет. Аны чечип, кийин кайдыгерликтин бет кабын ченеп көрөт. Бет каптарынын баары сыйрылып бүтүп калганда чыныгы жүзү – агрессия башталат. Күнүмдүк кылып жүргөн жумуштарынан баш тартат. Баласынын окуусун көзөмөлдөгөндөн, азык-түлүк алып келгенден, кээ бир учурда өтө жөнөкөй иштерден баш тартканга чейин барат. Өзүн маанилүү көрсөтүү үчүн «мен баланча иш менен кеттим» деп куру шылтоо менен үйдөн чыгып сыраканага отуруу, бильярд ойноп, дагы ушул сыяктуу адаттар менен жүрүп алуусу көбөйөт. Кээде телевизор көрүмүш болуп дивандан түшпөй калат. Стоп! Бул белгилер башталганда аял да, күйөө да жашоосун карап, анализдегенге өтүшү керек.

АРАБАНЫН АЛДЫНА ЧЕГИЛБЕҢИЗ

Табиятынан ургаачынын негизги функциясы – тукум улоо. Акча көп таба баштаса ал төрөгөндү жылдыра баштайт. Эркекче ойлонгонго өтөт. Мээримдүүлүк, назиктиктин ордуна өктөм сүйлөө, чечимди тез кабыл алуу, сабырсыздык сапаттары көбөйөт. Көпчүлүк аялдар өзүнүн чечимди тез кабыл алганын, эркектин ордуна мык кагып койгонун айтып, сыймыктанышат. Жок, бул жерде сыймыктануунун ордуна кооптонуу керек. Аялдар бул адат менен кетсе, кантип арабанын алдында чегилген атка айланып, калганын аңдабай калат. Автоматтык түрдө күйөө арабанын үстүнө отуруп алган жүргүнчүгө айланат. Буга аял күнөөлүү, анткени эркектин табиятынан берилген функциясын тартып алып жатат. Ал арабанын үстүндө отуруп калганына канчалык кыжалат болсо, сиз арабанын алдында тартып баратканыңызга капасыз. Демек, бул абалда эч ким бактылуу эмес.

БИРИ-БИРИНЕ ТАРТЫЛУУ ЖОГОЛОТ

Эркек менен аялдын ортосундагы сексуалдык тартылуу жоголот. Аптада бир, айда бир болуп баратып, аягы качан болгонун деле эстей албай калышат. Мындан көп учурда эркектер жабыркайт. Жоокер заманда жоонун алдында аялдар эркектерин кумарын кандырып туруп жиберишчү деген маалыматтар бар. Анткени кумарлуу түндөн кийин эркектер бир канча эсе сергек, күчтүү, батыл болуп калышкан. Сексуалдык турмушу төмөндөсө эркектин энергиясы да төмөндөп жүрүп отурат же бош калган балансты кумар ойноо, арак, ойноштук сыяктуу нерселер менен толтура баштайт.

БАЛДАР ЖАБЫР ТАРТАТ

Үй-бүлөдө балдар болсо андан да жаман. Үйдө балдар атанын орду менен эненин ордун айырмалап чоңойгону оң. Негизинен эркек бала апасына окшогон аялды издейт. Анткени кичинесинен көргөн модель ошол. Эч бир эне уулунун така алдында калышын каалабайт. Демек, аял өз уулу така алдында болуусун каалабаса, күйөөсүнө болгон мамилени өзгөртүү керек. Кыздар мындай үй-бүлөдө өссө, көп учурда жалгыз калууну чечишет. Андыктан эгерде кызды кыздай, эркекти эркектей тарбиялайм десеңиз өзүңүздүн ролдоруңузду баштапкы калыбына келтириңиз.

ИШЕНИМ БААРЫН ЖЕҢЕТ

5 маселени талдап чыктык. Эми айлампадан чыгуунун жолдорун издеп көрөлү. Аял киреше азыраак тапканга аракет кылышы керекпи? Жок! Абалдан чыгуу үчүн үй-бүлөдөгү кирешени теңелтүү керек. Бул үчүн эркекке мотивация берүү керек. «Жаным, сенин колуң ушунчалык эптүү, балким, ушу ишти кылып көрсөң кантет?», «Ий, сенин акылың менен кылсам туптуура болбодубу, рахмат», «Бул ишти кандай кылсак болот?», «Мен сага ишенем, сенин колуңдан келет» деген сыяктуу сөздөрдү айтуу керек. Эркек өзүн керектүү сезген учурда гана аракет кылып, жаңы демилгелерге шыктана баштайт. Мотивация берүүдөгү эң негизги курал – бул ага чындап ишенүү. Жакшы сөздөр ооз учунан айтылса же алдап коюш үчүн айтылса максатына жетпейт. Ал сөздөр жүрөгүңүздүн түпкүрүнөн айтылышы керек. Аял өзү эркектин колунан келерине ишенүү керек. Чындап эркекке ишениңиз. Андан да жакшысы, өзүңүздү эркектин жанында капкалуу чептин ичинде тургандай сезиңиз. Аз убакыттын ичинде ишеним өз жыйынтыгын бере баштайт.

СИЗ КЫЙЫНСЫЗ! БАШКАЧА БОЛУШУ МҮМКҮН ЭМЕС
Эркектер, табияттан силерге берилген үч нерсе бар. Мээримдүүлүк, берешендик, анан баатырдык. Кимде көп, кимде аз, бирок бар. Муну өөрчүтүп, үй-бүлөңүздүн пайдасына аракет кылыңыз. Мейли, аялыңыз көбүрөөк акча таап жатыптыр. Ал аны төркүнүнө алып барбайт, сизге жана балдарыңызга жумшайт. Сиз андан ашканга аракет кылыңыз. Колуңуздан келет, болгону каалоо керек. Чакан чарбаңызды деле гүлдөтүп баштасаңыз, канчалык пайда, ал көздөн тыш калбайт, аялыңыз да баалайт. Балким, кичине чарбаңыз 5 жылдан кийин чоң ишкана болор, ким билет?

ЭРКЕКТИ СӨЗГӨ СЫНДЫРЫП АЛБАҢЫЗ
Жогорку тонду, үндү бийик чыгарганды жумушка таштаганыңыз оң. Үйгө келгенде өзүңүздү өзгөртүңүз. Сиз үйдө мээрман эне жана назик аялсыз. «Сенин колуңдан бул иш келбейт», «сени мен адам кылдым», «турчу ары жакка, качан эле сен иш бүтүрө алчу элең?», «мен акча таап жаткандан кийин сен отура бер да» деген сөздөрдү турмушубузда көп эле угабыз. Өлүп бара жатсаңыз да күйөөңүздүн дарегине бул сөздөрдү айтпаңыз. Бул сөздөрдү лексиконуңуздан алып салыңыз. Эркектер морт келишет, мындай сөздөргө бат эле сынып калышат. «Бул реалдуулук да, чын эле колунан иш келбесе» дешиңиз мүмкүн. Макул, чындыкка жараша ошентип сындырып салдыңыз, бирок сынып калган күйөө менен сиз өмүр бою жашашыңыз керек да. Ортодо балдар болсо сиз мындан да терең ойлонушуңуз кажет .

АЙЛА ЖОК, ЖАМБАШТЫ КӨТӨРБӨСӨ ТАШТАҢЫЗ
Көздү чоң ачсак, айланабызда эч бир мотивация да, жылуу сөз да жардамга келбеген учурлар бар. Тилекке каршы, таптакыр жамбашы көтөрүлбөй койсо, жакшы ойлонуш керек. Диванда жата берген, үйдүн чоң баласына айланган эркек сиздин жашооңузга кереги барбы? Балким, коё бериш керек...


АЯЛ ДАЙЫМ АЯЛ БОЛУШУ КЕРЕК
Ошондой эле «мен эле, мен» деп эркектин аракетин көрбөгөн аялдар да жок эмес. Мындай учурда эркек аз убакытка болсо да ал аялды жалгыз калтырып көргөнү оң. Жашоосун анализдеп, баары бир эркек боло албасын түшүнгөн соң аял, балким, кайтып келер.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
baku24
2019-02-13 00:26:20
Эн туура айтыптыр. Аял эркектин оорду алмашып баратат. Мунун айынан ажырашуу да кобойуп атат. Ушул макаланы бардык социалдык тармактарга жайылтыш керек соц.тармактарга кирбеген адам аз эле го. Окуп ар бир акылы бар адам талдап ойлонот. Айрыкча жаштарга жакшы жардамы тиет деп ойлойм. Оз оордуларын билишсин.
+6
Feiza1982
2019-02-14 18:34:49
Соонун кенеш
0
Zhiidegul_Abdinazarova
2019-02-16 10:03:49
Мыкты кеңеш болуптур. Кийин турмушка чыкканда пайдасы тийчү.
0
pero5184
2019-02-16 11:28:11
Жеңем окуду бекен
+2
Burulka97
2019-02-17 06:22:34
Туура жазылаган бирок деген соз бар ,азыркы эркектердин 50% жалко болуп калышкан мурункудай жооп керчиликти сезбей калышкан,ачуу чындык!!!Москва да аялдары иштеп ,оздору уйдо бала карап олтурушат,мындай карап корсом аял мн эркектин милдети алмашып калгандай ,намыс деген жоголуп баратат, буга кандай карайсыздар ?Албетте беш кол тен эмес ...
+2
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан