Архив
792
793
794
795
796
797
798
799
800
801
802
803
804
805
806
807
808
809
810
811
812
813
814
815
816
817
818
819
820
821
822
823
824
825
826
827
828
829
830
831
832
833
834
835
836
837
838
839
840
841
842
843
740
741
742
743
744
745
746
747
748
749
750
751
752
753
754
755
756
757
758
759
760
761
762
763
764
765
766
767
768
769
770
771
772
773
774
775
776
777
778
779
780
781
782
783
784
785
786
787
788
789
790
791
687
688
689
690
691
692
693
694
695
696
697
698
699
700
701
702
703
704
705
706
707
708
709
710
711
712
713
714
715
716
717
718
719
720
721
722
723
724
725
726
727
728
729
730
731
732
733
734
735
736
737
738
739
635
636
637
638
639
640
641
642
643
644
645
646
647
648
649
650
651
652
653
654
655
656
657
658
659
660
661
662
663
664
665
666
667
668
669
670
671
672
673
674
675
676
677
678
679
680
681
682
683
684
685
686
583
584
585
586
587
588
589
590
591
592
593
594
595
596
597
598
599
600
601
602
603
604
605
606
607
608
609
610
611
612
613
614
615
616
617
618
619
620
621
622
623
624
625
626
627
628
629
630
631
632
633
634
531
532
533
534
535
536
537
538
539
540
541
542
543
544
545
546
547
548
549
550
551
552
553
554
555
556
557
558
559
560
561
562
563
564
565
566
567
568
569
570
571
572
573
574
575
576
577
578
579
580
581
582
479
480
481
482
483
484
485
486
487
488
489
490
491
492
493
494
495
496
497
498
499
500
501
502
503
504
505
506
507
508
509
510
511
512
513
514
515
516
517
518
519
520
521
522
523
524
525
526
527
528
529
530
427
428
429
430
431
432
433
434
435
436
437
438
439
440
441
442
443
444
445
446
447
448
449
450
451
452
453
454
455
456
457
458
459
460
461
462
463
464
465
466
467
468
469
470
471
472
473
474
475
476
477
478
374
375
376
377
378
379
380
381
382
383
384
385
386
387
388
389
390
391
392
393
394
395
396
397
398
399
400
401
402
403
404
405
406
407
408
409
410
411
412
413
414
415
416
417
418
419
420
421
422
423
424
425
426
322
323
324
325
326
327
328
329
330
331
332
333
334
335
336
337
338
339
340
341
342
343
344
345
346
347
348
349
350
351
352
353
354
355
356
357
358
359
360
361
362
363
364
365
366
367
368
369
370
371
372
373
264
265
266
267
268
269
270
271
272
273
274
275
276
277
278
279
280
281
282
283
284
285
286
287
288
289
290
291
292
293
294
295
296
297
298
299
300
301
302
303
304
305
306
307
308
309
310
311
312
313
314
315
316
317
318
319
320
321
Популярдуу макалалар
|
Мадина Талипбек, актриса: «ДЕЛБИРИМ» ТАСМАСЫНДА 43 ГРАДУС ЫСЫКТА КЫШ МЕЗГИЛИН ЧАГЫЛДЫРДЫК»№849 8-14-февраль, 2019-жыл
Аты-жөнү – Мадина Талипбек Туулган күнү – 1994-жыл, 1-сентябрь Бою – 174 сантиметр Салмагы – 55 килограмм Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок – «Делбирим» тасмасына профессионал актрисалардын арасында кастинг жүргүзүлдү. Алгач сүрөткө тартышкан, андан кийин видео сынакка мен жана дагы бир кыз чакырылдык. Биз эң татаал, эмоционалдуу учурун аткарып бердик. Бир аз убакыт өткөндөн кийин тасма боюнча эки өлкөнүн көркөм кеңеши мени Аселдин ролуна бекитишкенин айтышты. Аябай сүйүндүм. – Бардык тарабынан алып караганда Асел татаал роль. Алгач ролду анализдеп, иликтеп чыктым. Андан кийин тасманын режиссёру Сарвар Каримов Асел кандай болушу керек экендиги тууралуу айтып берди, мен өз пикиримди коштум. Ошентип отуруп Асел жаралды. Эми оң же терс пикир ар дайым айтыла берет. Бирок көбү жаңы Аселге жакшы баа бергенин айтышты, элге жакты окшойт. – Мага ийгилик жылмайды окшойт, өтө күчтүү актёрлор менен тасма талаасында бир болдум. Негизи эле күчтүү команда чогулган экен, эч кандай пикир келишпестиктер болгон жок. Көз карашыбыздан түшүнүшүп жаттык. Сен да, өнөктөшүң да жан дили менен берилип ойноп жатса, жакшы жыйынтык чыгат экен. Улук байке, Адиз байке менен тартылууда мен жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү сездим. – «Делбирим» Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, Кыргыз жеринде Ысык-Көлдүн жээгинде тартылды. Жайында – Мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин театралдык искусство бөлүмүн бүтүргөм. Бүткөндөн кийин Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке чакырышты. 4 жылдан бери ошол жакта эмгектенип келем. Аны менен кошо тасмаларда роль аткардым. Казакстандын кино жаратуучуларынын сунушу менен "Таиланддагы каникул", "Чатырдагы булут" тасмаларына тартылдым. Кыргыз киночуларынын "Дарак ыры", "Махабат", "Багар", «Делбирим» тасмаларында роль жараттым. Театрда да чет жактан сунуштар түшүүдө. Мен үчүн жеңил роль жок. Театрда болобу, тасмада болобу, ар бир ролума анализ жүргүзүп, репетиция кылып, үстүнөн катуу иштегенге аракет кылам. Ташкент шаарында өткөн "Пролог" кинофестивалында "Айымдын мыкты ролу" үчүн деген наамды алдым. Бул менин алгачкы чоң сыйлыгым. – Төрт жылдан бери иштеп келем, андай нерсени сезген жокмун. Ал адамдын өзүнөн көз каранды болушу мүмкүн. Интриганы жакшы көргөн адамдар бардык жерде жарата алса керек. Тескерисинче, мен театрда өзүмдү ыңгайлуу сезем. Биздин улуу муундагы театрда иштеген ага-эжелериме өзгөчө рахмат айткым келет, дайыма керек жерден оңдоп, баалуу кеңештерин айтып турушат. Мындайча айтканда, театрды экинчи үйүм, үй-бүлөм десем болот. – Апамдын кесиби экономист, атам болсо инженер-технолог. Үй-бүлөбүздө искусство тарапка кеткен биринчи адам эжем Чолпон болду. Режиссёр болом деп Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырган. Анын изи менен мен актрисалык жолго түштүм, эгизим Медина болсо операторлуктун окуусун бүтүрдү. Ошентип баарыбыз ушу чөйрөгө келип калдык. Апамдын үнү аябай жакшы, анын атасы да комузда ойногон таланттуу адам болгон экен. – Медина менин жарымым десем болот (күлүп). Бардык жерде чогуу жүрөбүз. Мүнөзүбүз эки башка, ал мага караганда тың, шок. Мен андан 20 мүнөт эрте төрөлгөм. Токтоомун, көп учурда ага көз салып жүрөм. – Ооба, жүрөгүм бош. Жашоодо бир эле жолу келе турган таза, бекем сүйүү болоруна ишенем, кезиге элекмин. Бирок сөзсүз келет деп ойлойм. Адатта кыздардын жигитке болгон талаптары болот эмеспи. Бою узун, келбеттүү болушу керек дегендей. Менде андай нерсе жок, болгону эркек өзүнүн сөзүнө, кыймыл-аракетине, кылган ишине жоопкерчиликтүү карашы керек деп ойлойм. Ушундай сапаты бар мырзалар жагат. – Издегенимди жолуктурганда мындай суроо жаралбайт болуш керек. Анткени ал менин жашоомду жакшы билиши керек. Мен үчүн театр менен кино өтө маанилүү нерсе. Өзүм үй-бүлөнү да карьераны да алып кете ала турганыма көзүм жетет. – Популярдуулук – көз ачып-жумганча өтүп кете турган нерсе. Бүгүн мени таанышса, эртең унутуп калбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Ошондуктан бул нерсеге көп деле маани бербейм. Мурун кандай болсом ошол боюнча эле калдым деп ойлойм. Өзгөргөндү каалабайм. "Эжем Чолпондун аркасы менен биз дагы чыгармачыл чөйрөнү тандадык".
"Мен жараткан Аселге көптөр жакшы баа беришти, буга аябай сүйүндүм".
Нуржамал Жийдебаева "Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн. Рейтинг:
![]() Комментарийлер(9)
tavanova.sarah
![]()
12.02.2019. 09:22
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
17
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
16-02-2019 10:30
Жынысы:
Белгисиз
+13
Чолпонго караганда маанилу суйлойт экен. Ийгилик молодец!
vikidiki
![]()
12.02.2019. 09:49
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
17-02-2019 16:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+8
Соз байлыгы кенен экен. Бой которбогон кыз окшойт. Азамат!
bessmertiy
![]()
12.02.2019. 10:41
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
07-02-2015
Соӊку аракети:
17-02-2019 16:46
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кемпиримдин журогу
+5
vikidiki, Бул жылдыз боло элек да. Бираз таанылып жылдыз болсунчу анан көрөбүз.
jamaika2015
![]()
12.02.2019. 10:51
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
17-04-2015
Соӊку аракети:
12-02-2019 23:35
Жынысы:
Белгисиз
+7
Молодец! Мындан да коптогон ийгиликтерге жет. Талипбектер Алга!
Skarlett-Skarlett
![]()
12.02.2019. 11:31
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
17-02-2019 17:18
Жынысы:
Белгисиз
+4
Татынашка,ийгилик сага!
Alin16
![]()
12.02.2019. 12:49
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
29
Катталган:
04-04-2016
Соӊку аракети:
15-02-2019 13:18
Жынысы:
Белгисиз
+4
Молодцы Талипбековы!!!
tyrgon
![]()
12.02.2019. 13:12
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
377
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
17-02-2019 16:23
Жынысы:
Белгисиз
-9
Сенда башка улутка тийип алба ХХХХ болуп а так ийгилик калайм
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-12 14:21:40
Tiken
![]()
13.02.2019. 11:32
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
15-07-2018
Соӊку аракети:
13-02-2019 12:23
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмгекчил кыз экен азамат!!! Бирок биринчи Асел мн азыркы Аселдин айырмасы чооон... Татынакай, Акыл-эстуу, тарбия коргон кыз экен. Кошумча Чопа жаш корунот экен синдилеринен.
Nurbek1212
![]()
14.02.2019. 22:12
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
10-12-2018
Соӊку аракети:
16-02-2019 22:26
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ош шаары
+1
Кино качан чыгат интернетке
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
|
|
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 10 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 10) бул макаланы окуду:
|