Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы мектептердин абалы менен таанышып жүргөн учурунда кол чатырын өзү көтөрүп бара жаткан сүрөт интернетке тарады. Бул сүрөттү өлкө башчынын жеке фотографы интернетке жарыялаган. Президенттик маалымат кызматын жетектеген Толгонай Стамалиева баш болуп, кайсы бир топтор кар алдында кол чатыр кармаган Жээнбековдун фотосун туш-тарапка таратып, "азамат, кол чатырын өзү көтөрөт, бирөөгө көтөртпөйт экен" деген пикир түзүүгө киришишти.
Сооронбай Жээнбеков президент болгондон бери «кол чатырды өзү көтөрдү», «эл менен чогуу самолётто учту» деген өңдүү иштер макталып келет. Албетте, жөнөкөйлүк жакшы сапат, бирок андай сүрөттөр менен өлкөнүн көйгөйлөрү чечилип, коомдо коррупция жоюлуп, элдин курсагы тоюп, өлкө өнүгүү жолуна түшкөн жок. Жалпы эл өлкө башчылыгына шайлаган соң жаңы идеяларды, өнүгүүгө болгон аракеттерди жана элдин абалын жакшыртууга болгон чечкиндүү кадамдарды күтүп жаткан кези.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg