СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ДА БИЙЛИКТИ БИР КОЛГО ТОПТОГУСУ КЕЛЕРИН КӨРСӨТТҮ

Өткөн аптада Жогорку Кеңеште президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда финансы министри Бактыгүл Жээнбаева менен транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов ант беришти. Президент Жээнбеков сүйлөп жатып, "бийликтин үч бутагы эриш-аркак, чогуу биргеликте иштесе, өлкөдө ийгиликтер болот" деди. Башкача айтканда, "Жогорку Кеңеш, өкмөт жана сот биргеликте иштегиле" деди. Өлкө башчынын бул пикири коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Юрист Нурбек Токтакунов президенттин мындай пикирин мурунку президенттер да дайыма кайталап келе жаткан эң негизги катачылык катары түшүндүрдү. Жактоочу бийлик бутактарынын биримдикте иштеши коррупцияга жол ачарын белгилейт. "Жээнбековдун бул сөзү анын деңгээлин көрсөтүп койду. Бийлик бутактары бири-бири менен эриш-аркак эмес, бири-бирин тескеп, көзөмөлдөп, бири-биринин кылмыштарын ачыктап иштеши керек. Ошондо өлкөдө чындык орнойт, ошондо эл мыйзамды сыйлап баштайт. Бийликтин үч бутагы тең биримдикте иштесин деген кеп, анда баары президентке баш ийип, бир эле адамдын алдында иш жасап калат деген сөз. Мындай учурда коррупция күч алат»,- дейт Токтакунов.

Экс-депутат Равшан Жээнбеков бийлик бутактарынын биримдикте иштеши жакшы жыйынтык алып келбесин айтат. "Жакшы мамлекетте ар кайсы бийлик бутагы өз алдынча, өзүнүн тикелей функцияларын так аткарып, бири-бирин көзөмөлдөп иштейт. Биримдикте иштеген бутактар өлкөгө пайдалуу эмес. Биримдикте иштөөнүн жыйынтыгын 30 жылдан бери көрдүк. Бул бир кишинин бийлигине, авторитаризмге жана экономикалык-социалдык жарылууга алып келет",- дейт Жээнбеков.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан