РАЙЫМБЕК МАТРАИМОВДУН МҮЛКҮН ИНИСИ ИШТЕГЕН МЕКЕМЕ ТЕКШЕРҮҮДӨ

Эл ичинде «Раим миллион» деген каймана аты менен белгилүү Райымбек Матраимовдун үй-мүлкү, байлыгынын келип чыгуу тарыхы текшерилүүдө. Мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп байыган Матраимов эмгек таржымалын 1997-жылы Бажы кызматынын инспектору болуп баштап, 2015-жылы Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. 2017-жылдын 23-ноябрында ал кездеги премьер-министр Сапар Исаков Матраимовду "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен кызматтан алган. Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун тирешинин келип чыгышын коомчулукта дал ушул Матраимовдун кызматтан алынышына байланыштыргандар да бар. 2018-жылы 26-апрелде Жогорку Кеңеш Сапар Исаковду ишенбестик көрсөтүү жолу менен өкмөт башчылык кызматтан кетирген соң Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп сотко кайрылган. 2018-жылдын 25-июлунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовду Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарып, 28-декабрда Бишкек шаардык соту ал чечимди күчүндө калтырды.

Матраимовдордун мүлктөрү тууралуу журналисттик иликтөөлөр жасалып, бул үй-бүлөнүн мүлктөрү текшерилиши керек, мамлекеттик кызматта иштеген адам кантип байыды деген суроолор коюлуп келген. Андыктан соттордун мындай чечимдери сынга алынды. Кызуу талкуу, сындардан соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы Райымбек Матраимовдун мүлкүн текшерет деген маалымат жарыяланды. Эң кызыгы ушул жерде. Анткени Матраимовдун иниси Исламбек Матраимов ушул эле кызматта башкармалык башчысы. Ал эми бир тууган агасы Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин депутаты, Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет башчысынын орун басары. Буларды эске алсак, текшерүүнүн калыс, адилеттүү жүргүзүлөрүнө ишенүү мүмкүн эмес.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан