Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынан депутат Эльвира Сурабалдиева жергиликтүү ЖМКлардын бирине берген маегинде 2005-жылдын 10-июнунда атасы, ал кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев атып өлтүрүлгөнүн, саналуу күндөн кийин эле алардын бизнесине ар кандай текшерүүлөр башталганын, белгилүү саясатчы алардын бизнесин тартып алууга аракет кылганын айтты.
"Мага атамдын жердеши компанияларыбыздын бирин тартып алганы жатат деген кабар түшкөн. Мен ошол адамга бардым. Ал мага "Жакшылыкча бер, колуңдан эч нерсе келбейт, баары бир тартып алам. Мен депутатмын, а сен эч ким эмессиң" деген жоопту берди",- дейт Сурабалдиева. Эл өкүлү бул сөздөрдү айтып коркуткан адам «Ак шумкар» партиясынын лидери, белгилүү саясатчы Темир Сариев экенин ачыктады. Эльвира Сурабалдиева атасы каза тапкан соң алардын бизнесин тартып алам деп коркуткандар болгонун буга чейин да айтып, бирок ким экендигин так атачу эмес.
Сурабалдиеванын бул сөздөрүнө экс-премьер Темир Сариев "таң калдым" деп жооп узатты. Өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Сариев: "Мага анын мындай калптарды сүйлөп жатканынын себеби түшүнүксүз. Бул анын фантазиясы же мени каралоо боюнча кимдир бирөөнүн буйругу. Мен анын атасын билем, эмне менен алектенип жүргөнүн да билем. Көзү өткөн адам тууралуу жакшы сөздөрдү сүйлөш керек же такыр ал тууралуу сүйлөбөш керек деген кеп бар. Мен ал кезде кайсы бир бизнес менен эмес, саясат менен алек болчумун. Бул нерсени Сурабалдиеванын абийирине койдум",- деп жазды.
Сурабалдиева өзүнүн айткандарын далилдөө үчүн сотко күбөлөрдү алып келерин айтат. "Эгер Сариев макул болсо, аны менен чогуу «детектор лжи» – калпты текшерүүчү аппараттан өтөм, далилдейм" дейт. Темир Сариев атын актоо үчүн мындай кадамдарга даярбы, бул тууралуу үн ката элек.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg