БЮДЖЕТ ТАРТЫШ КЕЗДЕ ДЕПАРТАМЕНТТИ КАЙТАЛАГАН ИШКАНА АЧЫЛДЫ

2-февраль күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кыргыз туризм» мамлекеттик ишканасын түзүү тууралуу чечимге кол койду. Мындай ишкана түзүүгө Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары каршы болушту. Парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев: «Өнүккөн мамлекеттер, СССРдин курамында болгон өлкөлөр да мамлекеттик ишканалардан качып жатат. Мисалы, Өзбекстан туризм боюнча мамлекеттик холдингди жоюп, жеке менчикке өткөрүп жатат. А бизде тескерисинче. Балким, премьер-министрдин курсташтарына иш орун керек болуп жаткандыр. Туризм департаменти бар го?»- деп суроо салды. Чын эле, департамент алектениши керек болгон иш үчүн кошумча ишкана да түзүп бюджеттен акча кетирүүнүн кажети барбы?

Эл өкүлү премьер-министрди жаңыча иштөөгө чакырып, туризм тармагы өнүгүп жаткан Өзбекстан, Армения өңдүү мамлекеттерге иш сапарга барып келүүнү сунуш кылды. Чындыгында, өлкөдө бюджет тартыш болуп, өкмөттүн түзүмүн оптимизациялап чыгуу керек деген талаптар коюлуп келе жатканда жаңы ишкана ачуунун кажети барбы?

Өкмөт жаңы ишкана ачууга 50 миллион сом бөлүнөрүн айтты. Депутат Экмат Бейбакпаев ага жумшала турган акчаны туризмди өнүктүрүү үчүн конкреттүү жумуштарга колдонууга чакырып, анын ичинде Ысык-Көлгө даараткана салыш керек экенин сунуштады.

Жаңы ачыла турган ишкана өлкөбүздүн булуң-бурчунда ачыла турган туристтик маалымат борборлорун башкарат. Ошондой эле ишкана, мамлекеттик айрым туристтик объектилерди көзөмөлдөп, интернет аркылуу чет өлкөлүк туристтерге Кыргыз өлкөсүн жарнамалайт. Учурда мамлекетибизде маалымат жана туризм министрлиги, анын алдында иштеген туризм департаменти да бар. Бул департамент жогоруда айтылган иштерди аткара албайбы?

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан