«Non-stop» дуэтинин мурунку солисти, ырчы Максат Садырбеков 31-январда тогуз жылдан бери кыз-жигит болуп келген сүйүктүүсү Айсулуу Молдалиеванын туулган күнүндө тизе бүгүп колун сурады. Мындай олуттуу чечимди жасап жатып ал сүрдөгөнүн айтып берди:
– Айсулуунун колун сурай турганымды эч ким билген эмес. Баарына күтүлбөгөн окуя болду. Тамашалуу болсун деп көңүл ачып отурган жерибизге атайын даярдыктагы жоокерлерди чакырганбыз. Алар кирип келип мени баңгизатын сактап жүргөн адам катары күнөөлөп башташты. Айсулуу ошол жерден аябай корккон экен. Сумканын чөнтөгүнөн шакекти алып чыгып, тизе бүгүп сунушумду айтканда баары күлүп жиберишти. Унутулгус кече болсун деп атайын ыр арнадым, ойлогонум баары эле ишке ашты окшойт. Тоюбуздун так датасы белгилене элек, бирок жакын арада түбөлүк кол кармашабыз,- деп билдирди ырчы.
Жакында чогуу түтүн булата турган жаштарга бакыт жана ийгилик каалайбыз.