ДЖОННИ ИНИСИ ҮЧҮН ЖАРДАМ СУРАЙТ

Элдин баарын «Күттүм, ай» деген ыры менен ооруткан ырчы Джоннинин иниси оор абалда. Агасы Нарынбектин 4 жаштагы баласы Нуриман тубаса майып төрөлгөн. Тактап айтканда, омуртка, жамбаш сөөктөрү жабыркагандыктан басуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылган. Кичинекей наристенин айыгып кетиши үчүн үй-бүлөсү менен бирдикте колунан келгенин кылып жатканын айтат ырчы:

– Өзүбүз алты бир тууганбыз. Улуу агамдын баласы Нуриман жардамга муктаж. Омурткасында грыжа болгону үчүн буттары туура эмес өсүп жатат. Баса албайт. Биз Израилге, Түркияга, Орусияга чейин диагнозун айтып, дарыгерлерден кеңеш сураганбыз. Түркиядан жакшы кабар келди. «100 пайыз кепилдик беребиз, бала басып кетет» деп жатышат. Баасы 30 миң доллар болот экен. Керектелген сумманы чогултуп баштаганыбызга бир жума болду. Кайдыгер карабай жардам берген адамдар көп болот экен, буюрса, керектүү сумма чогулуп, бөбөгүм басып кетет деп үмүт кылып турабыз.

Ырчынын тилеги кабыл болуп, Нуриман тез арада чуркап кетүүсүнө тилектешпиз.

Нуриманга жардам берүү үчүн:
ЭЛСОМ: 0702 55 55 41,
БАНКТЫК ЭСЕП: 41714012618

 

star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Ырчы Джоннинин иниси жардамга муктаж
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
raykray
2019-02-13 01:04:20
Ах байкушум((( эл сомго москвадан кантип которот?
+2
petushokimishka
2019-02-14 19:55:26
Кудайым шыпаасын берсин! Келечеги кен, бактылуу бала болсун!!! Москвадан кандай кылып акча которгонду да жазып койсонуздар сбербанктан.
0
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан