Архив
844   845   846   847   848   849   850  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Апасы ооруган 15 жаштагы Камила: «АПАМА ЖАРДАМ БЕРЕЙИН ДЕП САБАКТАН КИЙИН ИШТЕП ЖАТАМ»

№849 8-14-февраль, 2019-жыл


Редакцияга кат келди. Анда “Суранам, кайдыгер карабагылачы. Мен апамдын жашашын каалайм” деп жазылыптыр. Көп каттын арасынан ушул катка көзүм түштү. Байланышканымда, 15 жаштагы секелек кызга туш болдум. Кезигип, сүйлөшүп отуруп, маектешим Камила Төлөгөнова жөнүндө ичимди жылыткан “боорукер” маалыматтарды билдим. Ал өзү мектеп окуучусу болуп туруп кайрымдуулук иш-чараларын уюштургандардын катарында экен. Апасы тууралуу айтып берип жатып Камиланын токтоно албай ыйлаганын жазып түшүндүрө албасам керек.

“ЧОҢОЙГОНДО КАЙРЫМДУУЛУК ФОНД АЧАМ”

– Эч ким апасынын ооруганын каалабайт. Мен да апамды аябай жакшы көрөм. Эки жыл мурун апамдын ооруп калганын билген күндөн тартып күндө анын айыгып кетишин тиленем. Учурда колумдан келишинче жардам берейин деп тигүүчү болуп иштеп жатам. Эртең мененки саат 8ден түшкү бирге чейин сабактамын. Андан кийин жумушка барып, кечки 9дарга чейин иштейм. Үй тапшырмаларын кээде түнкүсүн аткарам. Жумасына 1000-2000 сом акча табам. Бирок акча чогулта албай койдук. 5 бир тууганбыз. Ошондуктан үйдөгү азык-түлүккө эле көп акча кетип калат. Артканына өзүмө кийим алам. Бир туугандарыма да кийим алып берем. Өзүм да кайрымдуулук кылып калам. Мектептеги 5-6 кыз чогулуп, Жаңы жылдын алдында балдар үйүнө барып, концерт коюп, балдарга шоколаддарды таратып келгенбиз. Анткени Жаңы жылды ар бир адам үй-бүлөсү менен тосот. Үй-бүлөсү жокторго аз болсо да жакшы маанай тартуулагыбыз келди. Алардын ата-энеси жок болсо да белек алышса деп ойлодук. Ал жактагы балдарды көрүп аябай жаман болдум. Айрымдарын ата-энеси таштап кетиптир (ыйлап). Алар бизди көрүп сүйүнүп, кучактады. Мындан тышкары кышкы суукта таңкы беште туруп чай кайнатып, “Тазалыкта” иштеген эже, байкелерге ысык чай таратканбыз. Биз оор күнгө туш болгондо башкалар да бизге жардам беришет деп ойлогом. Президентке чейин кат жаздым. Бирок эч ким көңүл бура элек. Азыр апамдын айыгып кетишин эле тилеп жатам. Буюрса, жакшы болуп кетет. Анан мен кийин чоңойгондо кайрымдуулук фонд ачып, кыйналган, ооругандарга жардам берем.

“КЫЗЫМ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ”

Камиланын апасы 47 жаштагы Жаңыл Сыдыкова оорусу тууралуу жана кызынын аракеттери тууралуу айтып берди:

– Менин мурдатан эле башым ооруйт, көз айнек тагынчумун. Башым ооруса дары ичип коюп иштеп жүрө берчүмүн. Кийин көзүм начарлап, башым катуу ооруп баштаганда 2017-жылдын март айында врачка барсам бир ай дарылап, дагы көз айнек тагынышым керектигин айтты. Аны тагынсам деле көчөдөгү адамдар эки болуп көрүнө берди. Тепкичтен кулап кеткен учурларым болду. Абалым оңолбогонунан невропатологго көрүнсөм, жылыш болгон жок. Томографияга түшкөндө гана аневризм деген диагноз коюлду. Бул башымдын тамырында шишик бар дегенди билдирет экен. Операция жасатыш керек экен. Болбосо шишик чоңоюп, кайсы бир учурда жарылып кетсе, ал өлүмгө алып келиши мүмкүн дешти. Башында шишик 18 миллиметр деп чыкса, бир жылдын ичинде 30 миллиметр болуп чоңоюп кетиптир. Операциянын баасын врачтар 10 миң доллар дешкен. Биздин врачтар андай операцияны жасай албагандыктан Казакстандан врачтар келип жасашат экен. Анча акчабыз болбогондон кийин элдик медицинадан шыпаа издедим. Майнап жок.

Мен иштебейм. Иштесем башым тегерене берет. Буга чейин бир заводдо оператор болуп иштеп жүргөндө башым айланып кулап калгам. Ошондо “көзүңүз начар көрөт экен” деп жумуштан чыгарып салышкан. Кийин тигүүчүлүктө иштеп жүрдүм. Бирок ал жумуш да мага болбойт экен. Жолдошум ширетүүчү болуп иштейт. Камила кызыма иштебе десек болбой жардам берем деп иштеп жатат. Анан мага жардам сурап бир канча жакка кайрылыптыр. Бул кызым боорукер. Минтип көп адамдарга жардам берет. Атасы экөөбүз сыймыктанып калабыз.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
12.02.2019. 10:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
04-09-2016
Соӊку аракети:
22-02-2019 07:04
Жынысы:
Белгисиз
+2
Paypal менен счёт ача аласынбы? Ошол аркылуу акча жонотсо болот, чет олкодогулорго. Апан айыгып кетсин, дагы коп жыл жашап сенин жакшылыктарына кубо болсун. Молодец, ушинтип чуркап жургонуно, жардам берчу адамдар табылат деп ойлойм.
12.02.2019. 15:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
04-06-2011
Соӊку аракети:
22-02-2019 01:45
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
россия москва
+2
Счет ачкыла, барбы?
18.02.2019. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-01-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 17:59
Жынысы:
Белгисиз
0
ulua,ЭЛСОМ 0703940216
12.02.2019. 18:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
172
Катталган:
05-02-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 19:27
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кантип байланышсак болот бул кызга
13.02.2019. 12:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
13-05-2016
Соӊку аракети:
19-02-2019 11:31
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат,жаш эле туруп башына ушундай оор маселелер турса баарына сабырдуулук менен жетишесин умутунду узбо баары ойдогудай болот.
13.02.2019. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
20
Катталган:
08-10-2011
Соӊку аракети:
20-02-2019 03:16
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
0
Аневризм деген бул онкология болуп эсептелет.Бизде Санкт-Петербург шаарында гамма нож менен дарылайт,бул радиотерапия дегенди билдирет,баш соокту ачпай дарылайт.5 жыл мурун менин таанышым дарыланып кетти,азыр шугур тороп алды.Акчасы ошол кезде 200 000 мин.руб.кетти эле, азыр болсо 300-400 мин. Руб.кетет экен бирок 10$эмес да. Айтайын дегеним Россиядан да сураштырып коргуло.
18.02.2019. 19:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
25-01-2018
Соӊку аракети:
21-02-2019 22:16
Жынысы:
Белгисиз
0
jazel87,азыр дагы ушул шаарда болсонор сураштырып жардам берип койгула. Силерден жардам болсун
14.02.2019. 16:37 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
03-12-2018
Соӊку аракети:
21-02-2019 21:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылындан сенин,счёт ачыныздар,балдарыныз учун жашаныз.
14.02.2019. 18:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
8
Катталган:
19-07-2013
Соӊку аракети:
21-02-2019 16:37
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЛСОМ электрондук капчыгын ачсан акча которгонго женил болот.
18.02.2019. 12:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
19-01-2017
Соӊку аракети:
21-02-2019 17:59
Жынысы:
Белгисиз
0
KUMKA,Жардам берүүнү каалагандарга ЭЛСОМ: 0703940216
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21873;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: