ТУРИЗМДИН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫНА ЖАНА ЭКОЛОГИЯСЫНА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

2017-жылы Кыргыз Республикасынын чек арасын кесип өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны 4,7 миллион адамды түзгөн. Чет өлкөлүк туристтердин негизги агымы: 70 пайызга жакыны КМШдан, калган туристтердин 30 пайызы Европадан жана алыскы чет өлкөдөн келишкен.

КМШдан келген туристтер көбүнчө Ысык-Көлдүн жээгиндеги курорттук эс алууга кызыгышат, ошол эле убакта алыскы чет өлкөдөн келген меймандардай эле көбү туризмдин тоо, кызыктуу окуялар, маданий таануучулук түрлөрүнө кызыгышат, ал жерден алар жаратылыш парктарынын, корук жерлердин өсүмдүктөрүн, жаныбарларын изилдешет. Мындан тышкары, туризмди өнүктүрүү акциялары ички туристтерди дагы треккинг, альпинизм менен алектенип, улуттук парктарга, корук жерлерге барууга түрткү берди.

Туризм тармагынын акырындык менен өсүшү өлкөнүн инвестиция тартышына дагы таасир этти. 2017-жылы туризм тармагына чет өлкөлүк инвестициялардын 17,3 миллион АКШ доллары тартылган, бул 2016-жылга караганда 5,1 эсеге көп.

Өлкөдө бардыгы болуп 107 миңден ашуун туризм жаатында иштеген уюмдар жана жеке ишкерлер катталган. Көбүнчө тамактануучу жана жашоочу жайлар туристтерди тейлешет, алар маанилүү экосистемага багытталган. Аларга пляждар, дарыя жээктери жана көлдөр кирет, тоолордо алар тоо ойдуңдарынан алыс эмес, кооз жерлерде, улуттук парктарда жайгашкан. Туризмдин акырындык менен өнүгүшү, өлкөнүн экономикасына жакшы таасир берүүсүнөн тышкары, ошондой эле улуттук парктардын, корук жерлердин жаныбарларына жана өсүмдүктөрүнө таасир этип жатат.

Туризмдин ар бир түрү экологияга ар кандай таасир этет. Жөнөкөй эле жаратылыш зонасына бир турист барса ошол жердин биотүрдүүлүгүнө таасир этет. Мисалы, бактын бир эле бутагы сынса бүткүл бакты соолутат, өсүмдүктөрдү тебелөө коргоодо турган аз сандагы баалуу өсүмдүктөрдүн жок болушуна алып келет.

ЭКОЛОГИЯГА ТЕРС ТААСИР ЭТКЕН ТУРИЗМДИН ТҮРЛӨРҮ

Жаратылыш зоналарында эс алгандан кийин туристтер көп учурда таштандыларын таштап кетишет. Өзгөчө пластикалык бөтөлкөлөр жапайы жаратылышка, жапайы жаныбарлардын жашоосуна терс таасирин тийгизет. Анткени пластикалык бөтөлкөлөрдүн сиңип кетүү мөөнөтү болжол менен 180-200 жылды түзөт. Жаратылыштагы катуу үндөр, оюн-зоок түрүндөгү массалык иш-чаралар, музыка жаныбарларды коркутат, алар табигый жерин таштап кетүүгө мажбур болушат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү туризмди экономиканын өзгөчө багыты деп бөлгөндөн кийин айлана-чөйрөгө, биотүрдүүлүккө жана климатка бир кыйла зыян алып келбеген туризмдин артыкчылык түрүн өнүктүрүүнү ойлонушубуз керек. Кыргыз жериндеги туристтердин экологиялык аң-сезимдерин маалыматтык кампаниялары, атайын табличкалар, зарыл болгон инфратүзүм аркылуу өсүшүн ойлонушубуз керек. Ошондуктан экологиялык туризмди өнүктүрүү, айыл жерлерди туруктуу өнүктүрүү, айлана-чөйрөнү жана биотүрдүүлүктү сактоо үчүн эң эле оптималдуу түрү болуп саналат.

Өзгөчө корголгон жаратылыш аймактардагы (ӨКЖА) туризм жашоо шартты оңдоо, айыл жерлеринин финансылык туруктуулугун жакшыртуу ыкмаларынын бири болуп саналат, андыктан мамлекеттик органдар ӨКЖА экосистемасына туристтердин терс таасир этишин азайтуу боюнча бардык шарттарды түзүп, тез арада чара көрүүлөрү керек. Бул үчүн эко-туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүү маанилүү, башкача айтканда, жаратылыш аймактарын жооптуу түрдө кыдыруу зарыл. Мында ар бир барган адам өсүмдүккө, жаныбарга зыян келтиргендиги үчүн жеке жоопкерчилик тартат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
0102beka17
2019-02-12 18:13:56
туризм тармагына окусамбы деп жатам. кандай болот? бироо жарым барбы ушул тармакта окугандар
0
№ 849, 8-14-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан