ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 18-ФЕВРАЛДАН 24-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)
Сиз бул аптада шашма адам болуп чыга келесиз. Сүйлөшүүлөр, кыймыл-аракеттер көбөйөт. Документ, кагаз иштерине сак болуңуз. Кызматтагы адамдар менен жакшы тил табышасыз. Суроолор ойдогудай чечилишин кааласаңыз сыр ката билиңиз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жума ичи өнөктөш, жакын санаалаштарга жолугасыз. Активдүү сүйлөшүүлөр жүрөт. Үмүтүңүздүн орундалышы күтүлүүдө. Ал үмүттүн жогорку тактыкта аткарылышын кааласаңыз, текшерүү органдарына же башка шаардык өнөктөштөргө кайрылганыңыз оң.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул күндөрү жетекчилик, бийлик өкүлдөрү менен тыгыз байланышта болосуз. Айлык акыңыздын жогорулашы же жөн гана колуңузга акча тийиши күтүлүүдө. Андыктан эске алыңыз. Жубайыңыз, айрым адамдар менен мамиле кылууда таарынычтар болот.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Дин, жогорку билим, документ иштерине көп убакыт бөлүүгө туура келет. Аталган тармактагы иштериңиз негизинен жакшы бүтөт. Текшерүүлөр да болбой койбойт, эске алыңыз. Жубайыңыздын, өнөктөш адамдардын колдоосуна ээ болосуз.


АРСТАН (23.07-23.08)
Акча маселеси боюнча көбүрөөк чуркайсыз. Киреше кирген да, чыгаша чыккан да учурлар болот. Чыгаша негизинен эс алуу жаатына, балдарыңыздын керектөөлөрүнө байланыштуу болмокчу. Ден соолук, жумуш жааты сиз ойлогондой кетет, кам санабаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Сиз апта ичи адамдар менен көбүрөөк баарлашууга аргасыз болосуз. Бактыга жараша, бул алакалар жакшы нерселерге себепкер болушат. Жеке иштериңизди бүтүрүүдө маселе жаралышы мүмкүн. Көңүл ачуу жааты жана балдарыңыз кубантат.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Сиз “өрдөктүн өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө” деген абалда болосуз. Анткени бир эле учурда жумушка да, үйгө да көз салып турууга туура келет. Баарынан кызыгы, эки тармакта тең суроолор оң жагына чечилет. Болгону кошуна, туугандарга аяр мамиле жасаңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада спорт, чыгармачылык, эс алуу жаатына көбүрөөк убакыт бөлөсүз. Балдарыңыз кубаныч тартуулайт. Азыраак өлчөмдө акча сарптайсыз. Кошуна, курбу, бир туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт. Сапарга чыгасыз же жакшы кабар угасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул жумада менменсинүүнү азайтыңыз. Ошентсеңиз жакындар менен жакшы тил табышып жакшы ийгиликтерге жетишесиз. Үй чарба, ремонт иштери жакшы бүтөт. Конок келет. Колуңузга акча тийиши күтүлүүдө. Бул акчалар жакынкы эле чөйрөдөн келип түшөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Эң жакын кошуна, дос, туугандар менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрөт. Кызыктуу темалар талкууга алынат. Жагымсыз кабар да угасыз. Негизгиси көпчүлүктүн көңүл борборунда болосуз. Кай бир жашыруун сыр ачыкка калкып чыгат. Даяр болуңуз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Акча табуу иштерин уюштуруу боюнча аптада алдыңызга эч ким чыкпайт. Колуңузга акча да тиет, сарптоолор да болот. Сарптоолор же акча түшүнбөстүгү достор, өнөктөш, айрым ишканалар менен болот. Кирешенин өлчөмү сиздин сыр жашыра билүүңүздөн көз каранды.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бул жумада сиздин лидерлик сапатыңыз күчөйт. Абайлаңыз, аша чаппаңыз. Дос, өнөктөш, кесиптештердин сый-урматына ээ болосуз. Өкмөт өкүлдөрүнөн оолак болгонуңуз оң. Жеке иштериңизди орундатууда адаттагы сезгичтигиңизге таяныңыз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 18-24-февралга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан