Муунтулуп каза болгон баланын апасы: «БАЛАМДЫН ӨЛҮМҮНӨ БИЗДИ КҮНӨӨЛӨП ЖАТЫШАТ...»

Аутизм менен жабыркаган Чолпон-Ата шаарынын 9 жашар тургуну Жайдар Кадыров өткөн жылдын октябрь айында киши колдуу каза тапкан. Бул факт боюнча Ысык-Көл ОИИБинде тергөө уланууда. Шектүү катары эч ким кармала элек. Бирок Жайдардын жакындары милиция кызматкерлеринин ишине нааразы болушуп, аларды баланын өлүмүнө шекшип жаткандыктарын айтып жатышат.


ЖАЙДАР МУУНТУЛУП ӨЛТҮРҮЛГӨН

2018-жылдын 1-октябрында Ысык-Көл РИИБине 9 жашар баланын жоголгондугу тууралуу арыз түшкөн. Издөө иштери жүргүзүлүп, жоголгон баланын сөөгү шаардын көчөлөрүнүн биринен табылган. Каза болгон бала аутизм илдетинен жабыркап келген. Баланын сөөгү моюнуна жип жана тор кап оролгон абалда табылган. Соттук-медициналык экспертизадан анын жип менен муунтулуп каза болгондугу аныкталды. Факт боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бирок азырынча эч ким шектүү катары кармала элек. Тергөө иштери уланууда.


«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ИШТЕРИН ТАК АТКАРЫШКАН ЖОК»

Жайдардын атасы Таалай Хакимов милиция кызматкерлеринин ишине мындайча нааразычылыгын билдирди:

– Окуя болгон күнү мен Караколдо жумуштарым менен жүргөм. Түнкү саат 12лер чамасында мени РИИБге чакырышты. Ошол жерден баламдын сөөгү табылганын айтышты. Анан өлүкканага алып барышты. Баланын өлүмү тууралуу угуу, анын сөөгүн көрүү ата-эне үчүн канчалык оор экенин башынан өтпөгөн жан түшүнбөсө керек. Андан кийин сөөк табылган жерди көрсөтүштү. Ал жердеги унаанын изин биздин Тойота 4Раннер унаабыздын дөңгөлөгүнө окшоштурушуп, унаага караңгыда сүрөткө, видеого тартпай кароо жүргүзүштү. Унаа кызымдын атына катталган. Тинтүү кызымдын көзүнчө жүрүшү керек эле. Андай болгон жок. Унааны РИИБге алып кетишти да, ал жактан скотч менен мөөрлөп бекитишти. Билишимче, ал үчүн скотч эмес, атайын кагаз колдонулушу керек. Ошол күнү кызымды түнкү саат 23төн таңкы 5:30га чейин жактоочусуз суракка алышты. Уулумдун сөөгү табылган кечте үйүбүзгө тинтүү жүргүзүшкөн. Ал эми үйгө тинтүү жүргүзүү үчүн соттун чечими керек. Андай кагаз көргөн жокмун. Ал убакта биз бир нерсе ойлоно турган абалда эмес болчубуз. Милиция өз ишин жасап жатат дедик. Эртеси элди чогултуп, сөөктү жерге бергенден кийин автомат көтөргөн милиция кызматкерлери үйгө келишип, кызыбызды суракка алышарын айтышты. Жиним келип кетти. «Адамсыңарбы? Сөөктү жаңы койдук. Эртең да күн бар» деп уруштум. Алар кетип калышты. Ошондо гана жактоочу керек деген ой келди. 3-октябрда унаанын дөңгөлөктөрүн чечебиз деп РИИБге чакырышты. 4 дөңгөлөктү 3-4 саатта араң чечип бүтүштү. Эч кандай шаймандары жок экенин көрүп, «Шаймандарыңар жок экен. Кантип иштеп жатасыңар?» деп сурасам, алар «Байке, компьютерлер да өзүбүздүкү. Кагазды да өзүбүз сатып алабыз» дешти. Абалдары ушундай кызматкерлер канчалык деңгээлде сапаттуу иш жасайт деп ойлодум. Дөңгөлөктү чыгаргандан кийин унаанын ичиндеги одеалону алышты. Аны алган кызматкердин колунда кол кап жок болчу. Балыкчыдан өткөн химиялык экспертизадан одеалодон ал өлүмгө тиешелүү эч нерсе жок деп чыгыптыр. Андан кийин одеалону Республикалык соттук-эксперттик кызматына жиберишиптир. Ал жактан одеалодо тор каптын бөлүктөрү, унаанын чехолунда Жайдардын футболкасынын курамына кирген була, поликтен пияздын кабыгы табылыптыр. Башында Жайдардын моюнуна оролгон капты жаңы дешкен эле. Ал кап моюнуна оролуп гана турган экен. Баламды жип менен муунтушуптур.

Экспертизага далил буюмдарды ар кайсы жагы ачык, тешилген куту, баштыктар менен алынып барылганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Тергөөчү кыз дүкөндөн баштык сатып келип, далил буюмдарды ошол баштыкка салып алып кеткенин көргөм. Бул – далил буюм. Андагы ар бир так маанилүү.

Ооба, бизде күнөө бар. Дарбазаны жабышыбыз керек болчу. Бирок пендебиз. 5 мүнөт ары караганча бала дарбазадан чыгып жок болуп кетти. Апа үчүн баланын өлүмүнөн өткөн оор жаза барбы? Апасы баласы менен кошо «өлдү». Көлөкөдөй эле жүрөт. Бул убактын ичинде кандай гана абалдан өткөн жокпуз. Жубайымды эки жолу, кызымды бир жолу ооруканага жаткырдым. Ишти акыйкат карап берүүлөрүн суранып президентке, Коопсуздук кеңешине, ички иштер министрине бир канча жолу кайрылуу жибердик.


«БАЛАБЫЗГА КАНТИП КОЛ САЛМАК ЭЛЕК?»

Каза болгон баланын апасы Жүрсүн Сартова Жайдарды эч кандай кыйынчылык жаратпаган бала деп сыпаттап, баласынын телефонго тартылган видеолорун да көрсөттү. Болоктоп ыйлаган эне окуя тууралуу мындай пикирде:

– Жайдарым дени сак балдардай болчу. Ал 1 жашында басып, сүйлөгөн. Ага аутизм деген диагнозду 5 жарым жашында гана коюшту. Бул анын кадимки балдардай эле өзүн алып жүргөндүгүнөн кабар берет. Бир аутист экинчисине окшошпойт. Андыктан башка аутист балдардай элестетпегиле. Балама кайчы менен бир нерсени кескенди, сүрөт тартканды үйрөттүм. Бирок ага киши жырткыч экенин үйрөтө алган жокмун. Балам күлүп койгон адам менен жүрө берчү. Диагнозун билгенде Жайдарга карап Бишкектен Чолпон-Атага көчүп кеткенбиз. Жайы бою көлдүн суусуна түшүп, кышында бассейндерге алып барчубуз. Балам менен көл жээгинде, тоо-ташта сейилдечүбүз. Ал ошол дүйнөнү түшүнчү. Унааны да балага карап тоо-ташта айдоо үчүн алган элек. Үйдө балама бардык шарттар түзүлгөн. Баламдын күндөн-күнгө өсүп келатканын көрүп жаттым. Ал жашайм деген бала болчу. Эл арасында "бала оорукчан болгону үчүн өлтүрүп коюшту" деген сөз тарады. Ушундай кам көргөн балабызга кантип кол салмак элек? Үйдө ата-эне алсыз баласына жан тартат. Биз да Жайдарды көп ойлончубуз.

1-октябрь күнү үйдө коноктор бар болчу. Балам короодо ойноп жүргөн. Ал көбүнчө суу менен ойночу. Коноктор кеткенден кийин 15:30дарда кызым Айдай "бир жакка барып келейинчи" деп суранып калды. Унааны айдап кетти. Балам унаа жүргөндө эле ээрчип алчу. Ошондуктан Айдайды ээрчип кетти деп ойлодум. Кызым саат 6ларда келди. Жайдар кызым менен кетпегенин билгенде эле издеп баштадык. РИИБ биздин үйдөн 300 метр гана алыстыкта. Андыктан 15-20 мүнөттөн кийин эле милицияга кайрылдык. Арызды 8:30дарда жаздым. Бир маалда кайра РИИБге чакырып калгандыктан, бара жатып жолдо эки унаа токтоп турганын, «Тез жардам» турганын көрүп, жол кырсыгы болгон окшойт деп ойлоп койгонбуз. Көрсө, ошол жерде балам жансыз жаткан экен. Баламдын денеси жолдун жээгиндеги талдын түбүнөн табылды. Бирок биз ал жактан бир нече ирет издеп таппай койгонбуз. Сөөктү кийин эле таштаган окшойт. Бала жаткан жердин жанынан биздин унаанын изи бар деп бизден көрүп жатышат окшойт. Ал борбордук жол. Ал жолдон өтпөй издей албайт болчубуз. Биздин колдон келген кылмыш болсо, анда далил буюмдарды жок кылмакпыз да. Ага убактыбыз көп эле болчу. Эл оозунда элек жок. Эмне деген сөздөр айтылган жок. Баары бизге катуу тийди. Менин шекшиген да адамым жок. Кимдин колунан келди, билбейм. Мен азыр жер менен асмандын ортосунда такалып калгандай абалдамын. Жайдарыма кетип калайын десем, бул жакта эки балам бар. Жасаган киши жазасын алышы керек.


«ОКУУ ЖАЙГА БАРА АЛБАЙ КАЛДЫМ»

Жайдардын бир тууган эжеси 18 жаштагы Айдай Кадырова бул ишке шектүү катары бир ирет суралганын айтат:

– Жайдар жоголгон күнү саат 23тө мени суракка киргизишти. 20дай милиция кызматкери кирип-чыгып, мени карашып, сөгүнүшүп, кабинеттен кабинетке киргизип суракка алышты. Алардын баары мас абалында болчу. Мага инимдин каза болгонун түнкү саат 3төрдө айтышты. Мага угузушкандан кийин кагазды мен тарапка ыргытып туруп, «өз ыктыярым менен моюнума алам деп жаз» дешти. Бир нече ирет «ойлон, убакыт бар кезде жаз» деп да айтышты. Мен «Кылмыш кылган жокмун. Эмнеге моюнума алам? Жазсам, силердин басым жасаганыңарды жазам» дедим. Оор кабарды укканда эсимди жоготуп кулап да калгам. Ошентип мени таңкы 5:30да коё беришти. Ал күнү мен жолуккан курбу кызымды да суракка алышып, ага сөөктү көрсөтүшүптүр. Туура эмес да, жаш кыздын психикасына ал оор тиет.

Сөөктү тапканда ал жерди шыр курчоого алышкан жок. Жамгыр жаап, барган эл жерди баскылап койгондо, бир сааттан кийин гана курчоого алышты.

Анан да алар мени бир ирет шектүү катары сурашкан, "бул сурак биздин арабызда гана калсын" деп да айтышкан.

Өкүнүчтүүсү, эл арасында инимди мени өлтүрдү деген кептер тарап кетти. Муну милиция кызматкерлеринен көрүп жатабыз. Университетке барсам, баары мени колу менен көрсөтүп, ар кандай суроолорду бере беришкендиктен, окууга барбай калдым. Интернеттен белгисиз номерлерден «уятың жок, өлтүргүч, сен эркиндиктесиңби?» деген билдирүүлөр келди. Сот аныктамайынча эч кимди күнөөлүү деп айтууга болбойт! Бирок аны ойлогондор аз экен.


«КЫЗМАТТЫК ТЕРИШТИРҮҮ ЖҮРҮП ЖАТАТ»

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов мындай маалымат берди:

– 2018-жылдын 1-октябрында Ысык-Көл РИИБине 9 жашар бала жоголгондугу тууралуу арыз түшкөн. Көп өтпөй Чолпон-Ата шаарынын көчөлөрүнүн биринен баланын жансыз денеси табылган. 2-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза баланын муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн көрсөттү. Кошумча экспертизалардын толук жыйынтыгы чыга элек. Тергөө жүрүп жатат. Азырынча шектүү кармала элек. Каза болгон баланын жакындары «1-октябрь күнү милиция кызматкерлери мас абалында сурак өткөргөн, моюнуңа ал деп кыйнаган, үйгө автоматчан кирип барган, 18 жашар кыздын окуу жайына адам өлтүргөн деп сөз таратышкан» деген сыяктуу маалыматтарды таратып жатышат. Бул боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык териштирүү дайындалган. Эгер ал көрүнүштөрдүн болгону аныкталса, кызматкерлер тийиштүү жаза алышат. Баланын апасы «мени шектеп жатышат» деген маалымат таратып жатат. Апасына айып тагылган эмес, шектүү катары да кармалган эмес. Кызы дагы күбө катары гана суралган.


Перизат Музуратбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
Stervamyn
2019-02-19 10:16:05
Иий чырактай бала экен.Супсулуу
+3
Shaa-82
2019-02-19 11:43:54
Байкушум десе чырактай балага кантип колу барды экен, кимге мынчалык мешать этти экен бул бала анчалык кыйнап олтургудой? Акмактар ким болсо да оз жазасын алышсын.
+5
n.nurzina
2019-02-20 01:03:55
Жоок оорулу баласы болсо олтуруп койгудай эле кимге анчалык зыян келтирди экен???
Кантип тируу жанды адамды адам анан жаш баланы кыйнап олтуруп койо алат а???
Тообо.... ким болсода балким бул дуйнодо татыктуу жазасын албаса Аллахтын алдында татыктуу жазасын алат!!!
+1
ulua
2019-02-20 01:03:56
Чын олтургон адам жазасын алса экен, аутист балада куноо жок, эч кимди жектебейт ээрчип кете берет, бир макоолор ээрчитип барып бирдеме кылып анан куч колдонуп олтуруп коюшту го, жайы жаннаттан айтсын периште, жаман адамдар жазасын алсын, тозокто мин жыл куйсун ылайым, ким болсо дагы!!!
+1
Kroxa
2019-02-22 07:21:42
Балким кокустуктан болгондур??ким билет оздору кантип ошого барсын эжеси олтурду деген созго ким ишенет Милициялар эптеп мойнуна алдыргысы келсе керек...
+1
Aruujanshaxi
2019-04-15 13:46:03
Биздин милиция коргобойт, алар оборотни в погонах орустар айтмакчы. Бир дагы жакшы сөз укпай калдык го акыркы жылдары милициялар жөнүндө. Кудай күн салбасын бул макулуктарга.Өлкө башчыларына өтө узун өмүр ушуларды карап, кой деп койбогон. Жоопкерчилик дегендин "ж"сын да айланып өтүп кетишет го жетелешкен бойдон, беттерин табактай ичтерин чарадай кылышып. Уялгыла чоңдор атасы бакпай таштап койгон жетим баладай кылбай Кыргызстанды.
0
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан