Равшан Жээнбеков, экс-депутат: «ЕВРОПА ҮЙ-БҮЛӨМӨ МАМИЛЕМДИ ӨЗГӨРТТҮ»

Аял жана күйөө. Табышмактуу, ажайып эки башка дүйнө. 30 жылдан бери эки дүйнө биригип, тил табышып түтүн булатып келе жатса, демек, экөөнүн тең жеңиши. Мени мындай философиялык ойлорго түрткөн саясатчы Равшан Жээнбеков жана анын жубайы Салкынай Алимбаева болду. Окурман, отуз жылдык тарыхы бар жубайлардын маеги сизди кайдыгер калтырбайт деп ойлойм.

– Равшан мырза, Салкынай айым, Cүйүү күнүнө утурлап маектешип калдык, бул күндү белгилейсиздерби?

Равшан Жээнбеков: – Маани берип деле белгилебейбиз. Бирок үй-бүлөбүздө жакшы өзгөчөлүк бар, өзүбүзгө майрам жасай коёбуз. Келинчегим экөөбүз “киного барып келели” деп кол кармашып жөнөп калабыз. Жакшы ресторандын өзгөчө тамагына көңүлүбүз чапса, ал жакка кетип калабыз. Мен үйгө келе жатып жөн күнү деле гүл алып алам. Айрым майрамдарда үй-бүлөбүз менен чогуу тамак жасап калабыз. Мен ойлойм, бир күн эмес, көңүл каалаган күнү майрам кылыш керек деп.

Салкынай Алимбекова:
– Бул майрамды эки-үч жылдан бери билип калдык. Анткени кыздарыбыз куттуктап калышат. Интернеттен, теледен көрүп калабыз.

– Сиздердин учуруңуздарда сезимди кантип билдирчү элеңиздер?

Р.: – Ар бир доордун өз кызыкчылыгы болот эмеспи. Биз киного барчубуз, “Ош базар” ал учурда студенттер үчүн популярдуу жер болчу. Ал жакка барып жаңы чыккан кулпунай, карагаттарды сатып келип жечүбүз. Менимче, ушундай жолдор менен билгизсек керек.

С.: – Сүйүүбүздү жакшы мамилебиз менен билдирчүбүз. Ал учурларда кат жазуу мода болчу.

– Кандайча таанышып калгансыздар?

Р.: – Келинчегим экөөбүз тең Талас облусунан болобуз. Ал Жайылган деген айылдан, мен Аралдан болом. Салкынай маданий иштерге жакын болчу, ырдап, бийлеп, кээде алып баруучулук кылып жиберчү. Мен болсо уюштуруу иштерине, спортко жакын элем. Иш-чараларда жолугуп калчубуз. Кийин студент болгондо чыныгы сезимдерге туш болдук. Ал жатаканада жашачу, үчүнчү кабаттагы терезесине майда таштарды ыргытып чакырып алчумун. Бир-эки жылдай кыз-жигит болуп жүрүп, мен үчүнчү, ал экинчи курста баш коштук. 30 жылдан бери жашап келе жатабыз.

– Үй-бүлө куруу, түптөө – бул ар күндүк мээнет. Сиздерде ким көбүрөөк мээнет кылды?

С.: – Менин оюмча, жаш кезибизде мен көбүрөөк мээнет кылдым. Ар бир жаш үй-бүлө жакшы жашап кетейин деп максат кылат эмеспи. Равшан окуш керек эле, карьера жасашы керек болчу. Баалуулуктар алмашып жүрүп отурат эмеспи, 35 жаштан тартып жолдошум дагы үй-бүлөгө карамдуу боло баштады. Азыр экөөбүздүн тең эмгегибиз чоң деп ойлойм. Көп эле адамдар ажырашып кетип жатышпайбы, биз балдарыбыздын ынтымагын, келечегин сактап калдык, бул чоң нерсе.

Р.: – Үй-бүлөнү кармап турган, мээнет кылган да аял. Аял үчүн эң маанилүү нерсе – үй-бүлөсү, балдары. Эркектер көп нерсеге сырттан карайт, тууганына, карьерасына, талаага, ишке көңүл бурушат. Ошондуктан алардын ойлору чачыранды. Бул аял-эркектин жамандыгынан эмес, табияты, психологиясы ошондой. Биздин маданиятыбызда эркектер көп убакта үй-бүлөсүнө көңүл бурбайт. Балдары менен киного барган, китеп окуп берген, мектептеги чогулушуна катышкан эркектер аз. Мунун баарын аял кылыш керек деп ойлойбуз. Мен деле үй-бүлөгө көп көңүл бөлбөгөн, үстүртөн караган адам болчумун. Бирок Европада жашап, окуп жүрдүм, ошол нерселер таасир берди окшойт. Европа үй-бүлөмө мамилемди өзгөрттү. Азыр үй-бүлөм менен көп убакытымды өткөрөм. Эркек үй-бүлөгө карамдуу болсо, бала менен атанын ортосунда өзөктүү байланыш пайда болот.

– Буга кыргыздар көчмөн болгондугу себеп болсо керек?

Р.: – Көчмөндүк да бар, бирок салттан улам болсо керек. Мурун ата-эне балдарынын бетинен өөп койгондон жазганчу. “Менин көзүмчө балаңды эмнеге өптүң же аялыңа жардам бердиң?" деп чымындан пил жасаган ата-энелер бар эмеспи. Бул канга, аң-сезимге сиңип калган нерсени сындырып өтүп кеткенге аракет кылышыбыз керек.

– Салкынай айым, жолдошуңуз эл көзүндөгү адам, атактуунун аялы болуш оорбу?

С.: – Менимче, оор эле. Анткени окуйм, иштейм дейт. Ага шарт түзүп берүү керек. Эл көзүндөгү адам болгон үчүн көп сөз ээрчийт. Сөздүн баарын көтөрүү деле оңой эмес. Ошонун баарына карабай жүрөктү жылыткан нерсе бар. Анткени атабыз белгилүү адам, аны менен сыймыктанабыз.

Р.: – Өкмөттө иштедим, депутат болдум, ошол эле учурда оппозицияда көп жүрдүм. Башымдан кыйынчылыктар көп өттү. Ошол нерсенин баарын көргөндө чыныгы баалуулук эмне экенин түшүнүп калат экенсиң. Адам баласындагы эки нерсе эң баалуу экен. Бири – үй-бүлө, экинчиси – өзүңдү реализациялоо. Эркектер ийгиликке мас болуп жүрүп бул нерсени кеч байкап калат экен.

– Бири-бириңиздердеги баалаган сапаттар кайсылар?

Р.: – Акыл жана акылмандык деген нерсе бар. Келинчегимде акылмандык басымдуу. Акылмандыктын ичинде сабырдуулук, көрөгөчтүк, чыдамкайлык, кайсы учурда сүйлөп, кайсы учурда сүйлөбөй кутулуш керек экенин билүү, көргөн-билген нерселеринин баарын чогултуп турмушунда колдонуу, ушунун баары бар. Мен жубайымдын акылмандыгына суктанам. Бул ген аркылуу берилген нерсе деп ойлойм. Анткени мен үйрөнөйүн деп аракет кылдым, бирок үйрөнө албадым.

С.: – Мен жолдошумдун күчтүүлүгүнө суктанам. Көп нерсени башынан өткөрдү, бирок сынып калган жок. “Мен силердин атаңардай адам менен жашап өткөнүм үчүн бактылуумун” деп балдарыма көп айтып калам. Акылы, күчү менен көп ийгиликтерге жетти.

– Мамилеңиздерде романтика сакталды болуш керек?

Р.: – Кээ бир убакта романтикмин, кээ бир убакта реалистмин. Кээде жаш балдарча эле “кеттик жүрү” деп чет өлкөгө алып кетмейим бар, гүл алып келмейим бар. Анткен менен турмушка реалдуу көз караш менен карайм.

С.: – Мен жолдошумду романтик деп ойлойм.Күтүүсүз майрам тартуулаганды жакшы көрөт.

– Балдарыңыздар тууралуу айтып берсеңиздер...

С.: – Төрт балабыз бар. Улуусу Айсулуу азыр үйлүү-жайлуу, бизди неберелүү кылды. Уулубуз Азат Америкада иштеп жүрөт, үйлөнө элек. Андан кийин Каныкей жана Айжан мектеп жашында.

– Балдарды тарбиялоодо кандай ыкма колдоносуздар?

С.: – Мен айылда чоңойдум да, ошондуктан кыргызча тарбиялайм. Шаардыктар балдарына көбүрөөк эркиндик берет го, мен андай эмесмин (күлүп). Равшан чет жакта көп жүргөндүктөн балдарды эркин тарбиялайт. Менин тарбиям болсо катуураак.

Р.: – Балдар эркин өсүшү керек. Ата-энесин, өзүн, чөйрөнү талдап, дүйнөгө сын көз караш менен караганды үйрөнгөнү жакшы. Ал үчүн балдарды эркин коюш керек. Туура эмес нерседен баш тартып, туура нерсени тандоодон коркпогонго үйрөнүшү керек. Өз көз карашын коргой алган, жаңы заманда туура багытта жашап кете ала турган, билимдүү балдарды тарбиялаганга аракет кылам.

– Салкынай айым, Равшан мырзанын эсиңизде калган көз ирмеми...

С.: – Уулубуз Азат төрөлгөндө жетине албай аябай кубанган. Атын Азат деп өзү койгон. Азыр сен айтсаң ушул учуру көз алдыма келди. Демек, эсимде сакталып калган экен.

– Равшан мырза, сизди таасирленткен сүйүү баянын эстей кетсеңиз. Тасмада, китепте же жашоодо?

Р.: – Жаш кезибизде келинчегим экөөбүз бир үй-бүлөгө аябай суктанчу элек. Жөнөкөй эле кыргыздын айылынан чыкканы менен, алдыга умтулган, балдарына жакшы билим берген, мыкты үй-бүлө болчу. Ушул үй-бүлөгө таасирленип, үлгү катары тутунчумун. Бир топ жылдан кийин ошол адамдар ажырашып кетишти. Демек, сүйүүдө же мамиледе идеалдуулук мүмкүн эмес тура.

– Маегиңиздерге рахмат, сүйүүңүздөр бир өмүр сакталат деп ишенем.

Ханыша ханбийкелери менен
"Үй-бүлөбүз менен майрамдарды уюштуруп жиберебиз".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан