БОЛОТ ШЕРДИН ОРДУНА БАЙБОЛОВ
Ички иштер министрлигинин башчылары дагы бир ирет алмашты. Айтмакчы, 7-апрелден кийин аталган министрликтин орду эң көп өзгөрүүлөргө дуушар болуп жаткан. Эми минтип жаңы министрлик кызматка Кубатбек Байболов дайындалды.
Ал эми Болот Шер кызматынан кетери жөнүндө билдирүүсүндө: “Менин бул кызматка келишимди көп адамдар сынга алышты. Бирок 8-апрелге караган түнү Алмазбек Атамбаев бир топ эле белгилүү адистерге ИИМ жетекчилигин сунуштаган. Баары баш тартышты. Бүгүн милиция кызматкерлери Отунбаевага, же Бакиевге эмес, мыйзамга жана тартипке баш ийиши кажет. Кызматтан кетип жатканымдын себеби врачтар мага азыр дарылануу керектигин айтышууда. Бирок мен жакында саясатка кайтып келем”,- дейт.
Болот Шерге кызматтан бошоор алдында, тактап айтканда, 7-июль күнү Роза Отунбаева “милициянын генерал-лейтенанты” деген наам ыйгарды.
ҮЧ ӨМҮРБЕКТИН КИМИСИ ЖЕҢЕТ?
Азыр эмне көп, партия көп. Улам бир партиянын ачылышы болууда. Алсак, бул аптада эле эки саясий партия маалымат жыйын уюштурду. Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов “Эгемен Кыргызстанды” жарыяласа, экинчисинде “Кыргызстандын либералдуу партиясы” шайлоого барарын айтты. Аталган партияны эл арасында “Равшан Жээнбеков каржылайт” деген сөздөр жүрөт. Парламенттик шайлоонун так күнү айтылып, партиялардын үгүттөө мезгили жарыялана электе Бишкек шаарынын көчөлөрүндө түрдүү көрнөк-жарнактар пайда болду.
Учурда 140тан ашуун саясий партия Адилет министрлигинде каттоодон өткөн. “Саны бар, сапаты жок” бул партиялардын ичинен үмүт туудургандарын экиге бөлүп карасак болчудай.
“Бийликчил” партиялардын тобуна азыр “Ата Мекен” (Өмүрбек Текебаев, Болот Шер), КСДП (Алмазбек Атамбаев, Дамира Ниязалиева), “Ак шумкар” (Темир Сариев) жана “Бириккен элдик кыймылды” (Азимбек Бекназаров) киргизүүгө болот. Айтмакчы, Исмаил Исаковдун “Азаттык” деген партия түзгөнү айтылганы менен, маалымат айдыңында ал тууралуу азырынча кабар жок. Бул партиялардын мүчөлөрү бүгүн бийликте жана качан баары кызматтан кетишери да толук айтыла элек.
Ал эми экинчи жээкте “экстердин” тобунан турган “Ата Журт” (Өмүрбек Суваналиев, Акматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев), “Бүтүн Кыргызстан” (Адахан Мадумаров, Нурлан Шакиев), “Замандаш” (Мухтар Өмүракунов), “Акыйкат” (Аликбек Жекшенкулов) жана “Республика” (Өмүрбек Бабанов) партиялары да салмактуу саясатчылардан турат.
Жогоруда аталган саясий партиялар Жогорку Кеңеште орун алуу үчүн колундагы акчасын жана болгон аракетин жумшаары анык. Эмитеден күрөшкө даярданган талапкерлер “сүттөй аппак” же “көөдөй каралоо” ыкмаларын өздөштүрүп жатышкандыр. Шайлоого шымалана киришкен үч Өмүрбектин кимиси күрөштө жеңип чыгар экен?
БОРБОР ОШКО ООГОНДО ОҢОЛОБУ?
“Ош шаары талкаланып, абал өтө кооптуу болуп турат. Борбор калааны Ошко көчүрүү маселеси чечилиши керек”,- дейт УӨнүн төрайымынын 1-орун басары Азимбек Бекназаров. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш жана өкмөт Ош шаарына барышы шарт. Бекназаров бул маселени партиянын атынан дагы көтөрүп чыкмакчы. “Бийликте турган УӨ акыркы үч ай ичинде аймактарда калк менен тыгыз иш алып барбады. Бул биздин кемчилигибиз. Ошондуктан жаңы түзүлчү өкмөттүн курамына жөн эле сүйлөй бергендер эмес, конкреттүү маселе чече алгандар келиши керек”,- дейт ал.
Буга чейин “Бириккен элдик кыймылдын” курамында жүргөн Азимбек Бекназаров парламенттик шайлоого катышуу үчүн аталган кыймылды саясий партияга айлантарын билдирди. Анткени мыйзам боюнча шайлоого кыймыл эмес, саясий партиянын атынан барууга болот.
КАРАЛОО КУРСАН АСАНОВГО ЖЕТТИБИ?
Биздин редакцияга “Кыргызстандын аймактары” саясий партиясынын лидери жана КРнын президенттигине талапкер Игорь Трофимовдон кат келип түштү. Анда учурда эч жерде айтылбай турган маалыматтар жазылган, каттан үзүндү келтиребиз.
“Ош шаарындагы кан төгүүгө ушул эле шаардын коменданты Курсан Асановго баш ийгендер күнөөлүү.
Ал А.Акаев, К.Бакиев, УӨнүн учурунда да баңгизат жолун башкарып келет. К.Асанов эч нерседен коркпойт, анткени анын 200гө жакын можахед жана 50дөй баш кесерлери бар. Дал ушул можахеддер Оштогу тополоңду башташты. Алар өзбек коомунун лидерлерин таап, байлыгын тоноп, Кара-Суу РИИБинин башчысын өлтүрүштү. Качан гана Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен Орусиянын өкмөт башчысы Владимир Путин Тажикстанда жайгашкан можахеддердин аскердик майдандарын бомбалай тургандыгын айтышканда алар Оштогу баш аламандыкты токтотушту. Можахеддер ортодогу келишимди бузушпаса, И.Каримов кийлигишмек эмес. Алардын ортосунда “эгер можахеддер саясатка аралашпаса, И.Каримов алардын Кыргызстан аркылуу баңгизат ташуусуна тоскоол болбойт” деген келишим бар эле.
Бул кайрылууну жазганымдын себеби – арабызда жүргөн маңкурттарды жана кой терисин жамынган карышкырларды адамдар билип жүрсүн дегеним. Эгерде аларга азыр тоскоолдук кылбасак, анда Кыргызстан согуш отунда жок болот. Керек болсо, мен өзүмдүн дагы канча жашаарымды билбейм, бирок өмүрүмдүн аягына чейин Улуу Айкөл Манастын жери үчүн күрөшүүдөн тайбайм”.
Негизи, Игорь Трофимов эл ишене албай турган жарыялары менен буга чейин белгилүү. Алсак, кезегинде Рысбек Акматбаевди «өлгөн жок, аны Орусия алып кетти» деп чыккан.Ал эми 2008-2009-жылдары эки жолу психоневрологиялык ооруканага жаткырылганы интернет маалымат булактарында айтылып жүрөт.
Кыргызстандын мурунку муфтийи Мураталы ажы Жуманов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты. Мураталы ажы Бишкек шаарында 7-июль күнү көз жумган. 37 жаштагы ажы акыркы мезгилде ашказан рагынан катуу жабыркап жүргөн.
Ал 8-июлда Ноокат районундагы туулган айылы Ынтымакта жерге берилди. Артында үч кызы жана бир уулу калды.
КАЛПАК-ДОПУ АЛМАШУУДА
Ош облусунда “Элдешүү аптасы” башталып, ага карата аймактарда иш-чаралар жүрүп жатат. Алсак, Кара-Суу шаарында миңге жакын тургундар чогулуп, ага Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарын мэри Мелис Мырзакматов жана Ош облусунун коменданты Бакытбек Алымбеков катышты. “Биздин жерибиз жана мекенибиз бир, бөлүп ала турган нерсебиз жок”,-дейт комендант. Ал элди түрдүү ушактарга жана чагымчылардын сөзүнө ишенбөөгө, тынчтыкты сактоого чакырды. Ал эми чогулган эл жарашуунун белгиси катары бири-бирине улуттук кийим жана калпак-допуларын беришип алмашышты.
Эльвира Караева
politika@super.kg