«КЫЗДАРЫМДЫ АБДАН САГЫНАМ...» САПАР ИСАКОВДУН ЖАРЫЯЛАНБАЙ КАЛГАН МАЕГИ

Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун иши боюнча сот процесси Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралга белгиленди. Экс-премьердин жактоочулары тергөө толгон токой мыйзам бузуулар менен жүрүп жатканын айтып келишүүдө.
Бул маек Сапар Исаков премьер-министрлик кызматта иштеп жаткан маалында алынган. Ал кезде Сапар Исаков оптимизге толо болчу.

– Сапар мырза, акыркы күндөрү коомчулукта сиздин “жашоо жакшырып баратат” деген сөзүңүзгө сындар болууда. Өкмөттүн байкоосунда жашоо кайсы тарабынан жакшырып, кайсы маселе жылбай жатат?

– Биринчиден айта кетсем, экономикабызда жылыш бар, цифралар да муну тастыктайт. Өсүш 2017-жылдын аягы менен 4,5 пайыз болуп жатат. Менимче, бул биздин экономикабызда жакшы көрсөткүч. Өзгөчө экспорттук продукция жакшы кетип жатат. ЕАЭБ мамлекеттерине болгон экспортто 30 пайызга өсүш бар. Башка тармактар да, Кудай буюрса, өсүү жолунда. Бул жакшы көрсөткүч. Андан тышкары инфляциянын көрсөткүчү да экономикага жакшы таасирин тийгизет. Жылдын аягы менен 3,7 пайыз деп айтып жатабыз. Бул чоң инфляция эмес, бул дагы жакшы көрсөткүч. Мен толугу менен ишендирип айта алам, биз туура орусча айтканда, “трекке” түштүк. Буга эмне себептер бар? Эң негизгиси, Кыргызстаныбызда жакшы процесстер болуп жатат. Өзүңүздөр билесиздер, президенттик шайлоо болду, андан мурун парламенттик шайлоо өттү. Алардын бардыгы таза, ачык-айкын болду. Бийлик тынчтык жолу менен өткөрүлүп берилди. Акыркы жылдары Кыргызстанда тынчтык орноп, экономикабызды алдыга жылдырып жатат деп айтсак болот.

Буюрса, “Таза коомдун” алкагында көп жакшы процесстерди киргизип жатабыз. Бир эле мисал келтирейин, мигранттар паспорт, документтерин жоготуп алышканда аларды алыш үчүн 2-3 ай күтүшчү. Паспорт алуу чоң көйгөй эле. Биз мунун баарын электрондук форматка өткөрүп койдук. Эми Кыргыздын жараны Орусиядан же башка бир өлкөдөн паспортун жоготуп алса, жаңы паспортту почта аркылуу заказ берип алса болот. Эми жарандарыбыз элчиликти издеп барып бланк толтурбай эле, алыстан эле буйрук берип паспорт алса болот. Буюрса, мындан дагы жакшы нерселер болот.

– 8-февралда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков күч, сот, көзөмөл органдарына кескин сын айтты. Өлкө башындагы эки адамдын бири катары айтсаңыз, сындар негиздүү болдубу?

– Президентибиз айтып кеткен сындарга кошулам. Бирок ошол сындардын ичинен мен ачык айткым келет, Коопсуздук кеңешинин катчылыгы президентке берген маалыматтары боюнча бир топ катачылыкты кетирип койду. Ошолорду, менимче, жакшылап тактап туруп караттырса болмок. Жыйындан журналисттер чыгып кеткенден кийин Индира Жолдубаева (ред.: ал кездеги башкы прокурор) өзүнүн маалыматын берди. Ал маалымат катчылык даярдаган маалымат менен такыр дал келбей калды. Бул катачылыкты Коопсуздук кеңешинин катчылыгы моюнга алышы керек. Бул чоң нерсе, себеби мунун баары жалпы элге жарыя болуп жаткан нерсе.

Албетте, коррупция менен күрөшүш керек, коррупцияга жол бербеш керек деген тезистер менен президентке толук кошулам.

– Ошол сындан кийин жарандардан президентке арыз-муңу менен кайрылгандар кескин көбөйдү деп маалымат берилүүдө. Элдин ошол үмүтү акталат деп ойлойсузбу?

– Мен ойлойм, өкмөт, президент, парламент, соттордун эң негизги максатыбыз, иштеп жаткан ишибиздин негизги үзүрү – коррупцияны жоготуу. Ал үчүн эмне кылышыбыз керек? Биз коррупциянын жаралыш жолун токтотушубуз керек. Ошондой системдерди түзүшүбүз зарыл. Мыйзам чегинде тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Ошондой эле "Таза коомдун" алкагындагы системдерди иштеп чыгышыбыз керек. Мамлекеттик кызматкер менен жөнөкөй жарандын ортосунда контакт болбошу керек. Биз азыр “Салык процедураларын фискалдаштыруу” дегенди киргизип жатабыз. Буюрса, ушул жумада 3-окууда өткөнү турат. Эгер ал мыйзам өтсө, Сооронбай Шарипович кол коюп берсе, бюджетке кошумча киреше булактарын алып келебиз. Мунун негизинде көмүскө экономикада жүргөн акчаларды өлкө казынасына алып келебиз. Ушундай бир жакшы кадамдар бара-бара коррупцияны жоготот.

– Акыркы убакта экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президенттин ортосунда ажырым пайда болгону талкууланууда. Бул нерсенин чындыгы барбы?

– Ачыгын айтайын, менде андай маалымат жок. Менин билишимче, Алмазбек Шаршенович менен Сооронбай Шариповичтин ортосунда мамилелер жакшы. Ортосунда мамилелери жаман деп айта албайм же мен ал тууралуу билбейм.

– Каршылаштарыңыз сизди "реалдуулуктан алыс, саясий романтизмге жакын" деген сындарды айтып келет. Кандай комментарий бересиз?

– Мен реалистмин. Менимче, реалдуулуктан алыс адамдар өкмөттө иштебеш керек. Адам деген реалдуу түрдө ынанып жаткан маселени алдыга түртүш керек. Айрым саясатчылардан, коомдук ишмерлерден мындай сын-пикирлер айтылууда, угуп жатам. Биз мурда жасалбаган иштерди колго алып, ишке ашырууга аракет кылып жатабыз. Ошол эле “Таза коомдун” алкагында фискалдаштырууну, “Акылдуу шаар” сыяктуу мурун айтылбаган демилгелерди көтөрүп чыктык. Алар болсо бул нерселерди фантастика деп ойлоп жатышат. Биз мындай долбоорлорду ишке ашырбасак, анда Кыргызстандын келечеги ачылбайт. Биз чоң долбоорлор менен иштешибиз керек. Анткени ушундай чоң долбоорлор – өлкөнүн экономикасына түрткү бере турган нерселер. "Эптеп планды толтурабыз" деп отура берген жарабайт. Жылдан-жылга эч нерсени өзгөртпөй, эски процесстер кете берсин, тобокелдикке барбай эле коёлу дегенден алысмын. Биз Кыргызстанды өнүктүрүшүбүз керек. Биз жыл сайын жок дегенде 5,5-6 пайызга экономиканы өнүктүрүүгө аракет кылышыбыз керек. Себеби Дүйнөлүк банктын, финансылык эл аралык уюмдардын эсептери боюнча эгер тез өнүкпөсөк, анда бизге оор болот. Ошондуктан биз азыр күнү-түнү дебей иштеп, чоң долбоорлорду ишке ашырышыбыз, жаңы булактарды издеп, жаңы долбоорлорду жасап, экономикабызды өнүктүрүшүбүз керек.

– Бишкек ЖЭБин жаңылоо долбоору алкагында кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан 20 миллион долларга кыргыз электростанция ишканасы эмеректерди өз баасынан бир топ кымбат алган документтер ачыкка чыкты. Негизинен эле четтен келген гранттык акчалардын тыйынына чейин көзөмөлдөөгө эмне тоскоолдук болуп жатат?

– Мен бир нерсени ачык айтайын. Муну эч жакка айта элек болчумун. Бирок ошону айтканга азыр убактысы келди окшойт. Эмне үчүн 386 миллион боюнча өкмөт билдирүүлөрдү берген жокпуз? Себеби депутаттык комиссияга мүмкүнчүлүк бердик. Алар ийне-жибине чейин карап, мамлекеттик органдарга тапшырма берип изилдеп чыксын. Биз анын баарына даярбыз. Көмөктөшкөнгө да даярбыз. Бирок 386 миллион долларды кытайлык TBEA компаниясы өзү өздөштүрдү. Бул долбоор башталарда биздин тышкы иштер министрине Кытайдын элчилигинен расмий нота келген. Анда “Биз жеңилдетилген кредитти берип жатабыз, бирок биздин мыйзам боюнча мындай кредитти биздин компания ишке ашырыш керек” деген. Факт түрүндө булар акчаны берип, өздөрү өздөштүрүшөт экен. Менин мындай олуттуу билдирүүлөрдү жасабаганымдын себеби – баарын кылдаттык менен изилдеп чыгып, анан доомат болсо Кытай тарапка койсок болот. Эч нерсе тактала электе Кытайга эч кандай доомат койгонго болбойт. Себеби биз Кытай тарап менен мамилени бузуп албашыбыз керек. Мен бул нерсени парламенттин депутаттарынан да сурандым. Ал эми калган нерсени сөзсүз териштиришибиз керек. Мисалы, Тажикстанда курулган ЖЭБдин баасы канча болду, кайсы стандарттар менен жасалды, а бизде канча болду, Кыргыз тараптын ролу кандай болду курулушунда? Мыйзамсыз нерселер болдубу-жокпу, бардыгын карап чыгыш керек. Карап чыккандан кийин гана дооматтар менен жыйынтыктар жасалыш керек.

– Аймактарга чыккан иш сапарларыңызда жакыр үй-бүлөлөргө кайрылып, абалдарын сурап турасыз. Жаш балдарга жакын болуп, алар менен түшкөн сүрөттөрүңүз коомчулукта жылуу кабыл алынат. Кыздарыңызды да көп эркелетесизби?

– Жакыр үй-бүлөлөр боюнча айтып кетсем, бул менин принципиалдуу позициям. Биз колдон келишинче жакыр үй-бүлөлөргө жардам беришибиз керек. Мен премьер-министр катары бардык кесиптештериме, министрлерге, ишкерлерге жалпы эле коомчулукка үлгү көрсөтүүнү каалайм. Өкмөт башчынын социалдык көмөк көрсөтүү фонду бар. Ошол фонддун негизинде акчаларды мен ошол жерлерге жумшап жатам. Кудайым буюрса, эптемей времянкаларда жашап жаткан жарандарга үй куруп берип же батир алып берүүгө аракет кылам. 3-4 аябай жакыр жашаган үй-бүлөлөр бар экен. Мына ошолорго да көмөк көрсөтүп, үй маселесин чечип берем деген ниетим бар.

Үй-бүлөм боюнча айтсам, менин 4 кызым бар. Кыздарымды абдан эркелетем. Жубайым болсо аларды катуу кармайт. Мен, орусча айтканда, “добрый полицейскиймин”. Тилекке каршы, алар мени көп көрүшпөйт. Эртең менен эрте, алар уктап жатканда жумушка кетип, кечинде уктап калышканда келем. Андыктан кыздарым мени абдан сагынышат. Мен да кыздарымды абдан сагынам. Үй-бүлөм мага моралдык жактан жардам берет. Үйгө чарчап, кайгырып же кыйналып келген учурлар болот. Мындай учурда кыздарым тез эле мени мурунку абалыма келтирип коюшат. Мен аларды абдан жакшы көрөм. Алар өмүрүмдөгү эң чоң байлыгым.

– Эмгек өргүүсүнө качан чыгасыз? Кайсы жактарга саякаттагыңыз келет?

– 7 жыл болуп калды, эмгек өргүүсү жок иштеп келе жатам. Бирок эс алуунун өзүнүн убакыт-сааты келет го деп ойлойм. Буюрса, убагы келгенде эс алууга чыгабыз. Азырынча жашмын, күчүм бар. Ошондуктан күчтүн баарын жумушка жумшап жатам. Иш сапарга чыгып жатканым деле өзү саякат. Өзгөчө инвестицияларды тартуу боюнча ар кандай саммиттерге барып келип жатам. Анткени Кыргызстандын өнүгүүсү, экономикалык өсүшү дал ушул инвестиция аркылуу гана болот. Жакынкы убакта, келечекте да инвестиция боюнча тиешелүү мыйзамдарды парламентке киргизип, талкуулайбыз. Канчалык көп инвестиция тартса, биз ошончолук тез өнүгөбүз. Ошондуктан менин премьер-министр катары негизги ишим – өлкөгө инвестиция тартуу.

– Рахмат маегиңизге, ишиңизде ийгиликтер болсун! Жакшы күндөрдө жолугушалы.

(Маек 2018-жылдын 28-февралында алынган, айрым кыскартуулар менен берилди)

Автандил Добулбеков,
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан