Жогорку Кеңеште көпчүлүк коалициядагы КСДП фракциясы “инвестиция тарта албай жатат” деп өкмөттүн ишин сындай баштады. Мындан улам жакынкы күндөрү Абылгазиев баштаган өкмөт отставкага жиберилеби, Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетсе, анын ордуна ким премьер-министр болушу мүмкүн деген талкуулар башталды. Мурдагы элчи Кылычбек Султан "Сооронбай Жээнбеков элдин жашоосун жакшырткан күчтүү премьерге эмес, "хоп-ляппай" деген "кол бала" премьерге кызыкдар" деген пикирде:
– Премьердик кызматка татыктуулар көп. Мисалы, ошол эле Бабанов, Мадумаров жана башкалар. Бирок эл Жогорку Кеңешти эмнеге шайлаганын эстешибиз керек. Жогорку Кеңеш, андагы партиялар шайланганга чейин кандай гана убадаларды беришкен жок! Ошондуктан ким татыктуу эмес, ким милдеттүү деген суроо салып көрүү керек.
"Асмандагы айды алып берем" деп шайлоодо жеңип чыккан партиялардын лидерлери өкмөттү жетектеп, убадаларын аткарышы керек. Тагыраак айтканда, көпчүлүк коалицияны түзгөн 4 фракциянын лидерлери өкмөттү жетектөөгө моралдык жактан милдеттүү. Ошондо эң көп мандаттуу КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов премьер-министр болууга милдеттүү. Ал эми "Бир болдун" лидери Алтынбек Сулайманов, "Республика-Ата Журттун" лидери Жыргалбек Турускулов, "Кыргызстандын" лидери Алмазбек Баатырбеков вице-премьер-министрлик жүктү аркалашы керек. Антпесе убада берген алар, парламентте кооз сүйлөп акыл үйрөткөн алар, анан эле оюнчук премьерди дайындап алышып өздөрү жоопкерчиликтен качып жүрүшөт.
Ал эми реалдуулукка келсек, Сооронбай Жээнбеков мындай конфигурацияга жол бербейт. Анткени ал элдин жашоосун жакшырткан күчтүү премьерге эмес, "хоп-ляппай" деген "кол бала" премьерге кызыкдар,- дейт Кылычбек Султан.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg