“КООПСУЗ ШААР” БИР СУТКАДА ЭЛГЕ 878 МИҢ СОМДУК АЙЫП ЖАЗДЫ

Көптөгөн сындардан соң "Коопсуз шаар" долбоору старт алды. Үстүбүздөгү жылдын 12-февралынан тартып Бишкекте жол кыймылы боюнча талаптарды бузган унааларды аныктоочу жети радар иштей баштады. Учурда жол кыймылындагы эрежелерди бузуу боюнча фактыларды борбор калаанын көчөлөрүнүн 10 кесилишинде, аймактардын 17 жеринде орнотулган камералар, кошумча аппараттар менен жабдылган 10 кайгуул унаасы жана 20 көчмө радар көзөмөлдөп жатат.

Бул камералар жол кыймылына байланыштуу 7 эреже бузууну каттоого алат. Алар: Жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кетүү; Каршы тилке менен жүрүү; Тротуар, веложол, газон жана жөө адамдар өтүүчү чийимдер менен жүрүү; Жол чырактын кызылы күйгөн учурда "стоп" сызыгынан өтүп кетүү; Жөө адамдар өтүүчү сызыктан эреже бузуу; Ылдамдыкты талаптан ашырып айдоо; Аялдама жана унаа токтоочу жайда эреже бузуу.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын мониторинг жүргүзүү борбору 1 сутка ичинде 761 жол эрежесин бузуу фактысы катталып, 878 миң сомго айып жазылганын жарыялады.

Эреже бузуп каттоого алынган автоунаалардын номуру "Инфокомго" жөнөтүлөт. Андан соң Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айып пулдун өлчөмүн аныктап, айып кагазы үч күндүн ичинде "Кыргыз почтасы" аркылуу айдоочуга жиберилет. Жарандар канча суммада айып салынганын өздөрү, онлайнда көрүп, тактап алуулары мүмкүн болчу. Бирок egov.kg сайты «Коопсуз шаар» старт алган күнү эле түшкө жетпей маселе жаратып, суроо-талаптарды аткарууга даяр эместиги көрүндү. Сайт мезгил-мезгили менен иштебей калып жатты.
Долбоор ишке кирген биринчи суткада жазылган айыптардын суммасы боюнча да суроо жаралды. Кайсы бир булактар аркылуу бир суткада 9,5 миллион сомго жакын айып жазылды деген маалыматтар тарап, эртеси тийиштүү башкармалык сумманы 878 миң сом деп көрсөттү. 9,5 миллион сом жөн гана ойдон чыгарылган сумма беле же түнү бою ал сумма кайсы бир топтордун кызыкчылыгына “жоголуп” кеттиби деген суроо жоопсуз калды.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан