ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИ КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН АЖЫРАТУУДАН ДЕМИЛГЕЧИ БАШ ТАРТТЫ

Экс-президенттерден кол тийбестик макамын алып салуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев сунуштап чыгышкан эле. Парламент ал демилгени 1-окууда колдогон. 2-окууда Масалиев бул демилгесинен баш тартты.

– "Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндө" мыйзамдын 12-беренесин толук алып салууну сунуш кылгам. Бул сунушум Конституциялык палатанын чечимине каршы келип жатат. Конституциялык палатанын чечимине таянып, башка нормалар киргизилди. Андыктан мыйзам долбоорун колдоодон баш тартам,- дейт ал.

Конституциялык палата экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу процесси президентке импичмент жарыялагандан жеңил болбошу керек деген чечим чыгарган.

Жыйынтыгында бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү 2-окууда 94 депутат колдоду. Документке ылайык, экс-президенттердин кол тийбестик укугу башында сунушталгандай такыр жоюлбай, учурда иштеп жаткан президенттикиндей сакталып калмай болду.

Сыягы, Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматтан кеткенден кийин Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев сыяктуу кооптонгусу келбеди көрүнөт.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан