САПАР ИСАКОВДУН ИШИ БОЮНЧА СОТ 18-ФЕВРАЛДА БАШТАЛАТ

Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоо ишинен улам коррупция боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун соту 18-февралда башталат. Кылмыш иши Башкы прокуратура тарабынан Бишкектин Свердлов райондук сотуна өткөрүлүп берилгенин, бирок жактоочулар кабарсыз калышканын, муну менен айыптоочу тарап мыйзам талаптарын бузганын экс-премьердин жактоочусу жарыялады. Экс-премьер-министрдин жактоочусу Нурбек Токтакунов:

– Жазык-процессуалдык кодекстин 254-беренесинин негизинде прокуратура ишти сотко өткөрөрүн айыпталуучунун жактоочусуна маалымдашы керек болчу. Прокуратура иш сотко жиберилгени тууралуу бизге эч кандай билдирүү берген жок. Иштин сотко жиберилгенин журналисттерден угуп, Бишкектин Свердлов райондук сотунан тастыктоо алдым. Ишти кароо сот Инара Гилязетдиновага тапшырылыптыр. Мен катышкан мурунку иштер боюнча бул сот тууралуу менде тажрыйбалуу адис деген жакшы пикир калган. Бирок президенттик институттан ага басым болот деп божомолдоп жатам. Анткени президенттик аппарат соттук системди көзөмөлдөп, таасир берүүнү салтка айлантып алган,- дейт.

Эгемендүү Кыргыз тарыхында эң жаш премьер болгон, “Таза коом” өңдүү олуттуу долбоорду баштаган Сапар Исаковго президент Алмазбек Атамбаевге жазылган бир кат үчүн 2018-жылы 29-майда Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишине байланыштуу "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ушул эле катка Сапар Исаков менен биргеликте кол койгон ал кездеги президенттик аппараттагы бөлүм башчы Нурсулуу Ахметовага кылмыш иши козголгон жок. Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин жаңылоо ишинде өзүнүн кызматтык милдеттерине тиешелүү гана ишти кылганын, эч кандай коррупцияга жол бербегенин, өзүнө каршы саясий куугунтук жүрүп жатканын, кылмыш иши ошондон улам козголгонун айтып келет.
Бул иш сотко берилгенден кийин 14-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек ЖЭБи боюнча өкмөт маалымат берди. Анда депутат Дастан Бекешевдин "Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча коррупцияга айыпталгандардан мыйзамсыз мүлк табылдыбы?" деген суроосуна башкы прокурор конкреттүү жооп бере алган жок. Өткүрбек Жамшитов: “Иш жүрүп жатат. Тиешелүү багыттар боюнча тийиштүү кызматтар иштеп жатат",- деп жалпыланган сөздөр менен кутулду.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан