1. Жол чырактын кызыл белгиси күйүп турганда өтүп кеткен жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 000 сом;
2. Каршы тилке менен жүргөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;
3. Тротуар, веложол, газон жана жөө адамдар өтүүчү чийиндер менен жүргөн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;
4. Жол чырактын кызылы күйгөн учурда "стоп" сызыгынан өтүп кеткен жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;
5. Жөө адамдар өтүүчү сызыктан эреже бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;
6. Белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымдан ашырып айдаган (мисалы, ылдамдыкты 40 чакырымдан ашырбай айдоочу аймакта 60тан ашырып айдаса) жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом. Ал эми ошол эле белгиленген ылдамдыктан саатына 40 чакырымдан, башкача айтканда, мисалы, 40 менен айдоочу аймактан 80ден ашырып айдаса, анда жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом, белгиленген ылдамдыктан саатына 20 чакырымга жеткирбей айдаса, анда айып пул салынбайт (мисалы, ылдамдыкты 40 чакырымдан ашырбай айдоочу аймакта 60ка жеткирбей айдаса);
7. Аялдама жана унаа токтоочу жайда эреже бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg