БИР БҮРКҮМ

  • Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча мурдагы финансы министри Ольга Лавровага да коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголду.
  • Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы экс-министрге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өлкө казынасына 107 миллион сом өлчөмүндөгү зыян келтирген деп айып коюуда.
  • Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Улан Өзүмбековду реформалоо боюнча тапшырмаларды аткарбады деп кызматтан бошотту.
  • "The Heritage Foundation" уюму дүйнөдөгү экономикалык эркиндиктин жылдык рейтингин жарыялады. Ага 180 өлкө кирип, Кыргыз өлкөсү 79-орунду ээледи. Былтыр биздин өлкө 78-орунда болчу.
  • Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы болуп Улан Абилов дайындалды.
  • "Бийликти басып алууга аракет кылган" деп соттолгон Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыкты.
  • Кыргызстандын абактарында чет өлкөлүк 360 жаран бар. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламентте билдирди.
  • Алимент төлөбөй качып жүргөн 2731 кишиге Сот департаменти издөө жарыялады.
  • Мамлекеттик карызды тейлөөгө 2018-жылы 23 миллиард 741,3 миллион сом жумшалган. Бул тууралуу Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директорунун орун басары Марлен Амандыков билдирди.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан