КАНЧА СОМГО БАЛА ТӨРӨТҮП АЛУУГА БОЛОТ?

Мезгил үнү

Ыңаалап жарык дүйнөгө келген бала ата-эне үчүн кандай бакыт тартуулайт?! Ушул бакыттын даамын сыза албай, зар какшап жүргөндөр канча? Бирок учурда акчаң болсо, бул маселени да чечип алууга жол бар. Мисалы, "суррогат эне" деген кызмат тууралуу угуп калсаңыз керек...

КЫЗЫКТУУ

  • Алёна Апина жолдошу Александр Иратов менен кызы Ксенияны “суррогат эненин” жардамы менен төрөтүп алгандары айтылат.
  • Майкл Жексондун үчүнчү баласы Майкл да “суррогат энеден” жарык дүйнөгө келген.
  • Шерон Стоун үчүн техастык айым бала төрөп берген.
  • Рики Мартин “суррогат эненин” кызматы менен 2008-жылы 22-августта Матео жана Валентино аттуу эгиз балалуу болгон.

35 МИҢ ДОЛЛАРЛЫК КЫЗМАТ
Капырай, шумдугуң кургур деп деле чочуунун кажети жок. Батыштагы көрүнүш эртеби-кечпи, акырындап бизге да жетет эмеспи. Жакында эле кыргыз сайттарынын бириндеги “Суррогат эне" кызматын сунуштайм” деп телефон номурлары жазылган жарыяны көзүбүз чалды. Ушундан улам бизде да мындай кызмат ачыкка чыга баштаганын билдик. Жарыянын ээси 35 жаштагы Света аттуу (аты өзгөртүлдү) айым экен. Бул айымга кардар катары кайрылдык.
– Алло, саламатсызбы, мен жарыя боюнча чалып жатам.
– Саламатчылык.
– Сиздин кызмат тууралуу маалымат алайын дедим эле.
– Жакшы болот. Сиз “суррогат эне” кызматын түшүнөсүз да. Өзүм тууралуу айтсам, акча жагынан кыйналып турган учурум. Жолдошум менен пикир келишпестиктер болуп, эки айры жолго түшкөнбүз. Эки кызым менде калган. Чынын айтсам, мен бул кадамга ушул кыздарымдын келечеги үчүн барып жатам. Маянам өтө эле аз. Ичпейм, чекпейм.
– Бойго бүткөндөн кийинки процессти өзүбүз көзөмөлгө алалы дедик эле. Мисалы, биз батир таап берсек, ошондо жашасаңыз...
– Мен кыздарымды таштап башка жакка бара албайм. Аларды карай турган адам жок. Анын үстүнө кыздарым окуган мектебин таштап, башка жактан окугулары келбейт.
– Жарыя боюнча кайрылгандар көппү?
– Көп эле телефон чалуулар болуп жатат. Бир айым менен жолугуп, сүйлөшкөм. Азыр ойлонуп жатат окшойт.
– Бул кызмат үчүн кандай шарттарды коюп жатасыз?
– Эгер кардар менен макулдашсак, ар айда 350 доллар төлөп берет. Мунун ичине тамак-аш, кийим, доктурларга көрүнүп туруум кирет. Ал эми бала төрөлгөндөн кийин 35 миң доллар сурап жатам. Мунун баары өз ара келишимдин негизинде болот. Эгер билсеңиздер, бизде жасалма жол менен бойго бүтүрүп, төрөтүү жок. Бул процесс Москвада ишке ашырылары тууралуу маалыматым бар. Булардын баарын сүйлөшөбүз. Баары келишимдин негизинде болот (борбор калаабызда репродуктивдүү ден соолук борборлору бар. Бирок бул борборлор жасалма жол менен бойго бүтүрүү кызматын азырынча Москва менен бирдикте ишке ашырышат).
– Тогуз ай көтөрүп, жарык дүйнөгө келгенден кийин баланы бербей, чыр салган энелер болот. Сиз андай кылбайсызбы?
– Мындай кадамга барардан мурда өзүмдү психологиялык жактан көндүрдүм. Албетте, омурткаң сыздап 9 ай көтөрүштүн өзү эле кандай? Бирок мен кыздарымдын эч нерседен кем болбой өсүшүн каалап, аргасыз бул жолго барып жатам.

КАЙСЫ ӨЛКӨДӨ МЫЙЗАМДАШКАН?
Акчага бала төрөп бергендерди “суррогат энелер” деп коюшат. “Суррогат” латын сөзүнөн бизче “ордун алмаштыруу” деген маанини берет. 1986-жылы АКШда алгач бул жол менен балалуу болуу катталган. “Суррогат эне” табигый эмес, репродуктивдүү технологиянын жардамы менен баласыз үй-бүлөгө наристе төрөп берет.
Алгач тукумсуз үй-бүлө “суррогат эненин” кызматын колдонордо толугу менен медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Анан айымдын жумуртка клеткасы алынып, ал күйөөсүнүн уругу менен уруктандырылат. Кээ бир учурда мырзанын уругу кыймылдуу болбой калат. Бул учурда жубайлардын макулдугу менен донордун уругу колдонулушу мүмкүн. Ошондой эле аялынын жумуртка клеткасын ала албай калган учурлар кездешет. Анда түгөйлөрдүн макулдугу менен “суррогат аялдын” жумуртка клеткасы колдонулат.
Ошентип, лабораториялык жол менен уруктандырылган клетка “суррогат эненин” жатынына салынат.
Учурда дүйнөдө эки миллион адам “суррогат энелерден” төрөлгөнү тууралуу маалымат бар. Бирок бардык эле өлкөлөрдө “суррогат” жолу менен бала төрөп берүүгө мыйзамдуу түрдө уруксат берилген эмес. Улуу Британия, Финляндия жана Голландия өлкөлөрүндө гана мыйзамдуу түрдө кабыл алынган. Ал эми Израилде бала төрөп берүүнү каалоочулар дин кызматкерлеринен, социалдык кызматкерлерден жана врачтардын тобунан турган комиссиядан сөзсүз түрдө өтүүлөрү керек. Англияда “суррогат эне” баланы бир жарым айга толгондо гана генетикалык ата-энелеринин колуна берет. Ага чейин эмизип багуусу талап кылынат. Негизинен, буга ар кайсы улуттун диний көз караштары, моралдык, этикалык принциптеринен улам тыюу салынып келет.
Орусияда 1997-жылы 15-ноябрда “суррогат энелер" тууралуу мыйзам ишке кирген. Анда 20 жаштан 35 жашка чейинки ден соолугу чың, буга чейин жок дегенде бир бала төрөгөндөр "суррогат эне" боло алары жазылган.

УКРАИНАДА АРЗАН
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен “суррогат энелердин” чордону Украина деп айтылып келет. Чындыгына келгенде, учурда Украинада бул жаатта 19 адистештирилген борбор катталган. Борборлордун баары мыйзам чегинде мамлекеттик каттоодон өткөн. Борборго кайрылгандардын көбү Украинада "суррогат эненин" кызматы арзан экендигин белгилешет. Тагыраак айтсак, кызматтын орточо баасы 29 350 доллар. Бул сумманын ичине “суррогат эненин” күнүмдүк тамагы, врачка кайрылып туруусу, кийим-кечесинен өйдө кирет.

Бахияна Сатылганова
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу

АКЧАГА БАЛА ТӨРӨП БЕРГЕН ЭНЕЛЕРГЕ КӨЗ КАРАШЫҢЫЗ?

Манас,
20 жашта, коопсуздук кызматкери:
– Туура эмес. Аял киши кантип акчага төрөп бермек эле? Өзүмө келсек, балага зар болгон күндө дагы наристени сатып алмак эмесмин. Анын ордуна балдар үйүнөн эле кароосуз калган ымыркайлардын бирин багып алар элем.

Ибадат,
70 жашта, пенсионер:

– Мен андай энелерди сезими жок, акчанын кулу деп айтар элем. Ошончолук эле акчадан кыйналса, баланы өзүнө алып калып, өкмөттүн берген жөлөк пулу менен жашасын. Эгерде балага зар болуп жатса, ал кишинин пейилине карап, Кудай өзү бала берерине ишенем.

Ренат,
25 жашта, энергетика боюнча адис:
– Ден соолугунун айынан төрөй албаган энелер үчүн эмнеге болбосун? Бардык эле кыз-келиндер төрөй алат деген кепилдик жок да. Эки жакка тең эле пайдалуу деп эсептейм. Бир тарабы акчалуу болсо, экинчи жагы балалуу болуп калышат.

Сабыргүл,
45 жашта, почта кызматкери:
– Өз каалоосу менен барса, акчага муктаж болсо, балким, боло берет. Бирок өзүм ага каршымын. Негизи, мусулманчылыкта бул одоно көрүнүш. Эне болгондон кийин өзүңдүн денеңден чыккан баланы өзүң бакканга жетеби?

Рустам,
52 жашта, айдоочу:
– Моралдык жактан туура эмес. Өзү төрөп, анан бирөөгө кантип берет? Экинчи жактан, заманга ылайык, аялдардын арасында оорулуулар бар. Өмүр бою балам жок деп кайгыда жашагандан көрө акча менен болсо да бала төрөтүп алган жакшы болсо керек.

Фарида,
37 жашта, мээрман айым:
– Баласы жокторго уруксат деп ойлойм. Бирок бул мыйзамдуу болуш керек. Анан бала чоңойгондо баары бир жашырылган нерсе ачыкка чыгат. Ошондуктан өз туугандарынан эле кандайдыр бир келишим жана жакшы ниет менен бала багып алса туура болот.

Токтогүл,
50 жашта, врач:
– Мен каршымын. Акчага төрөп берген эне оорукчан болсо, бала да оорукчан төрөлөт. Анын ордуна жакын туугандарынын арасынан ден соолугу чың эне менен сүйлөшүп, төрөтүп алуу зарыл.

Эльвира Караева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
maradona
2010-07-13 11:51:31
Баланы тороп туруп аборт кылгандан коро тируу калганы артык,бирок тороп берууну сойкулук кесип катары кором.
0
№ 401, 9-15-июль, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан