«Малышка Би», “Bishkek City”, “Мне нужна любовь” деген ырларды аткарган Нурбек Савитахуновдун чыгармачылыктан алыстап кеткенине көп болгон. Ал актриса Альбина Бейшембиевага баш кошуп, экөө учурда Орусияда жашайт. Өткөн жумада Нурбек чыгармачылыктан кетүүсүнө уулунун аутизм синдромуна чалдыкканы себеп болгонун социалдык баракчасына жазды:
– 2015-жылы Альбина экөөбүздүн уулубуз Артур төрөлдү. Ал 6 айынан жапайы жана үй жаныбарларын таанып, 2 жашынан эки тилде санап, мөмө-жемиштердин, геометрикалык формалардын аттарын айтып берчү. Экинчи уулубуз Алан төрөлөрдө Артурдан өзгөрүүлөрдү байкай баштадык. Бат-бат ооруп, түнү менен ыйлап, агрессивдүү болуп, чакырсак келбей, көзгө тике карабай, өз дүйнөсүндө жашап калды. 3 жашында уулубузга аутизм синдрому деген диагноз коюлуп, анализдеринен "сымаптан ууланган" деген жыйынтык чыккан. Ошондон бери балабызды тынбай дарылатууга, анализдерине
13 000 доллар жумшадык. Аутизм менен 5-6 жашка чейин күрөшсө жыйынтык жакшы болот экен. Артурду 1,5 жылдык реабилитациялоо курсу күтүп турат. Аны өтүү үчүн бизге 45 000 доллар керек болууда. Уулубуз үчүн азыр ар бир саат кымбат. Андыктан Артурдун жаркын келечеги үчүн досторубуздун жана бейтааныштардын жардамына муктажбыз",- дейт Нурбек.
Чыгармачылыктан алыстаган Нурбек кечээ “Сен тартуулаган кубанычтан ырдаймын. Ким эмнени айтпасын, биз баарын жеңебиз...” деп уулуна арнаган ырын социалдык баракчасына жүктөдү.
Артурга жардам берүү үчүн эсеп:
Элсом 0555 313770
KICB 1280096052819310