«Заманыбыздын супер алпаруучусу» Нурзат Токтосунова жана жолдошу Максат Надырбековдун үйүндө ымыркайдын үнү жаңырды. 13-февраль күнү Нурзаттын жолдошу Максат Инстаграм баракчасына “Сүйүнчү! Кудайым бизге кыз берди! Баарыңарга биздикиндей кубаныч каалайбыз. Кызым айына жетпей төрөлүп калды, батаңарды берип койсоңор. Нурзат, жаным, мен сени сүйөм!” деген билдирүү калтырган. Максат мырзаны кубанычтуу кабары менен куттуктап байланышканыбызда ал: “Нурзат Алматы шаарында, ай-күнүнө жетпей төрөдү. Ошентсе да кызым менен апасынын ден соолугу жакшы. Кызым үчүн Кудайга миң мертебе рахмат айтып, кубанычым коюнума батпай отурам”,- деди.
Бул кубанычтуу кабар интернет айдыңында тез тарап, баары куттуктап жатышкан чагы. Нурзат менен Максатты ата-эне статусун алышы менен куттуктап, баланын бешик боосу бек болсун дейбиз!