7-8-февраль күндөрү Ирандын Тегеран шаарында эркин күрөш боюнча беделдүү мелдештердин бири “Тахти Кубогу” болуп өттү. Ага Кыргыз өлкөсүнөн 14 балбан барып, алардын ичинен Улукбек Жолдошбеков менен Эрназар Акматалиев өз салмак чендеринде чемпион болушту. Алтын байгелердин бирин жеңип алган Улукбек Жолдошбеков биздин маек төрдө.
Аты-жөнү – Жолдошбеков Улукбек Жолдошбекович
Туулган жылы – 1996-жыл, 9-февраль
Туулган жери – Нарын шаары
Билими – Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын 4-курсунун студенти
Жетишкендиктери – Кадеттер арасында Азия чемпиону (2012-жыл), жаштар арасында Азия чемпиону (2014-жыл), Азия чемпиондугунда эки жолу коло байге ээси (2016-жыл, 2018-жыл), Эл аралык “Тахти Кубогунун” чемпиону (2019-жыл).
Үй-бүлөдө – Үч бир туугандын кичүүсү
Машыктыруучусу – Сүймөнкул Табалды уулу
– "Тахти Кубогунда" чемпион болушуң менен куттуктайм. Сөздү жеңишке карай жолуң тууралуу баштасак.
– Чоң рахмат. Бул жыл мен үчүн кубанычтуу башталды. Буюрса, 2019-жыл мен үчүн ийгиликтин жылы болот деп үмүт кылам. Мелдеш тууралуу айтсам, 11 өлкөнүн алдыңкы спортчулары өз күчтөрүн сынашты. Чейрек финалда ирандык балбан менен күрөштүм, мына ошол беттеш мен үчүн бардыгынан оор болду. Ал эми финалда азербайжандын намысын коргогон Ахмеднаби Гварзатилов менен кез келдим. Эки ай мурун Грозныйда болгон мелдеште дал ушул балбандан жеңилип калгам. Финалдык беттешке чоң мотивация менен чыгып, реванш алуу менен бирге алтын байгени багынттым.
– Спортто бир гана жеңиш боло бербейт эмеспи. Жеңилген учурда кайгырып, депрессияга түшүп кеткен учурлар болобу?
– Утулууну ар бир спортчу өтө оор кабыл алат. Анткени күн сайын 3 жолу машыгасың, көптөгөн сборлорго барасың. Кыскасы, көптөгөн даярдыктардан жана тоскоолдуктардан өтүп барып анан жеңилип калсаң, албетте, чоң өкүнүч болот. Мындай депрессиялар жашоомдо көп эле болгон.
– Ушундай учурда кантип өзүңдү алаксытасың?
– Мага апам жардам берет. Ал "сен муну туура эмес кылып жатасың, мындай кыл" деп каталарымды айтып турат. Дайыма көмөктөшөт, колунан келген жардамын, дем-күчүн берет. Машыктыруучум Сүймөнкул Табалды уулу каталарымды оңдоо жолдорун айтып берет. Өзүмө-өзүм дем берем. Анткени менин Олимпиада чемпиону болуу максатым бар. Ар бир жоокер генерал болгусу келгендей, спортчулар да Олимпиада чемпиону болууну самашат. Ошондуктан карьерамды жыйынтыктап жатканда үйүмдө Олимпиаданын алтын медалы илинип турганын каалайм.
– Спорт дүйнөсүнө кантип аралашып калдың эле, ошол тууралуу сөз кылсак.
– Менден улуу эки агам бар. Алар дагы бала кезинде күрөш менен машыгышчу. Агаларымдан таасирленип, кичинекейимден эле “спортчу болом, спорт мектебине окуйм” дечүмүн. Апам агаларымды спорт мектебине окутпай койгон. Менин дагы ал жакта окушума каршы болчу, бирок атам дайыма “сени спорт мектепке окутам” деп айтат эле. 2009-жылы атам дүйнөдөн өтүп кетти. Ошондон кийин апам “атаңдын аманатын аткарайын, аманатка кыянаттык кылбаш керек” деп мени спорт мектепке берген.
– Күрөш менен машыгып жүрүп, оор жаракат алган учурлар болсо керек?
– Негизи профессионалдык спорт жаракатсыз болбойт. 2014-жылы жаштар арасындагы Азия чемпиондугуна даярданып жаткан учурда бутумдан жаракат алгам. Жаракатым айыга электе эле мелдешке жөнөп кеткем. Бутумду оорутуп албайын деп, ооруган бутумду артка коюп, коргонууга басым жасап күрөштүм, себеби денең ооруганда коргонуу абдан күчтүү болуп калат. Ашыкча кыймыл кылбайсың, катачылыктарга барбайсың. Ошентип Азия биринчилигин жаракат менен күрөшүп, жеңип алгам.
– Өлкөбүздө эркин күрөшкө караганда грек-рим күрөшү популярдуу, спортчулардын да көрсөткүчтөрү мыктыраак. Себеби эмнеде деп ойлойсуң?
– Буга чейинки эркин күрөш боюнча улуттук курамдагы күчтүү спортчулар бир учурда бардыгы спорттук карьерасын аякташкан. Анан кайра күчтүү курамды топтоо кыйын иш. Жакынкы 5 жыл ичинде курама команда бийик деңгээлге көтөрүлүп, жакшы жыйынтык көрсөтөт деп ойлойм.
– Эркин күрөш Иранда аябай өнүккөн. Эмнеси менен күчтүү экендигин байкай алдың?
– Иранда машыгууларды өткөрүп жатып бир нерсени байкадым. Тегеран шаарында бир спорттук залда 25 бала машыгып жатса, 12 машыктыруучу карап жүрөт. Демек, бардык балбан машыктыруучунун көз алдында. Алар ар бир кыймылыңды байкап, каталар болсо дароо оңдоого аракет кылышат. Балбандар менен атайын спорттук психологдор иштешет экен. Бизде болсо 25 бала менен 2 машыктыруучу иштейт. Айырма абдан чоң. Бизге машыктыруучу өзү психолог. Менин жеке пикиримде бизге, кыргыз спортчуларына, спорттук психологдор керек. Мисалы, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевдин деңгээлин, сүйлөгөн сөзүн, өзүн алып жүргөнүн биз менен салыштырсак айырма чоң. Себеби ал кезде ал адам менен психологдор иштешкени билинип турат.
– Кээ бир беттештерде утулуп берип кой деген сунуштар болду беле спорттук карьераңда?
– Тилекке каршы, эл аралык мелдештерде да мындай нерселер аябай көп кездешет. Бирок сүйүндүргөнү – кыргыз балбандары өзүнүн беттештерин эч качан сатпайт. Бир жолу ири бир мелдеште биздин бир балбанга "беттеште жеңилип бер" деп 15 миң доллар сунуш кылышкан. Бирок ал макул болгон эмес, кийин ал ошол мелдештин чемпиону болду.
– Күрөш чебери болбосоң, анда башка кайсы спорт менен алектенет элең?
– Лыжа тебүүгө кызыгам. Эгер күрөш менен алектенбесем, лыжа спортунун чебери болот белем, ким билет.
– Алдыда кандай мелдештерге даярдык көрөсүң?
– Эки айдан кийин 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиондугу болот, андан кийин эле Кытайда чоңдор арасында Азия биринчилиги өтөт. Ал мелдештерге ийгиликтүү катышышым керек. Бирок бул жылдагы негизги максат – Астанада боло турган Дүйнө биринчилигин жеңип, Токиодо өтчү 2020-жылдагы Олимпиадага жолдомо алуу.
– Максатыңа жет. Ийгилик!
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg