ДАГЫ БИР КЫРГЫЗ МУШКЕРИ UFC МЕНЕН КЕЛИШИМ ТҮЗДҮ

Кыргыз мушкери Рафаэль Физиев эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөдөгү эң беделдүү уюм – UFC менен келишим түздү. "Атаман" деген каймана атка конгон Рафаэль Физиевдин менеджери социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөп, аны дүйнөдөгү мыкты уюм менен келишим түзүшү менен куттуктады. Мушкер UFC'деги алгачкы беттешин "UFC ESPN" мелдешинде өткөрөт. Мелдеш 20-апрель күнү Орусиянын Санкт-Петербург шаарында болот. Анын каршылашы ким болору азырынча белгисиз. Атаман дүйнөлүк уюм менен келишим түзгөн үчүнчү кыргызстандык спортчу. Учурда эже-сиңди Валентина менен Антонина Шевченколор UFC`нин октагонунда күч сынашып келишет.

Атаман тай боксунун IFMA түрү боюнча Азия жана Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону. Эрежесиз эр уруш боюнча профессионалдык рингде 6 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жеткен.


 

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Mamiev
2019-02-19 15:04:14
Бул баланы эмнеге кайра кайра чыгарып жатасыңар. Өзү Кыргыз жеринде торолуп осуптур улуту азерби армянбы болгон үчүн ал жактын дагы желегин көтөрүп чыгам деген учун жакпай калды. ХХХ ХХХХ деген эң туура да өзү у. Баарыбир Кыргыз деп сокпойт бунун журогу
0
murat17
2019-02-21 19:37:27
Mamiev, туура айтасын бул азерди реклама кылбай эле коюш керек патриот деген футболчу люксдай кичиндей болуш керек
+1
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан