АЛЕКСАНДР КРЕСТИНИН УЛУТТУК КУРАМ МЕНЕН КЕЛИШИМИН УЗАРТТЫ

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы Александр Крестинин менен жаңы келишим түздү. Ага ылайык, ал Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасын төрт жыл машыктырып, кийин келишимди узартуу жөнүндө маселе эки тараптуу макулдашуунун негизинде узартылышы мүмкүн. Бул Крестинин улуттук кураманы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу этабына жана 2023-жылы өтө турган Азия кубогуна даярдайт дегенди билдирет.

Бул адам Кыргыз улуттук курама командасын 2014-жылдан бери машыктырып келет. Жаңы келишимге кол койгон Крестинин жаш оюнчуларга басым жасаарын белгиледи. “Өзгөчө жаш оюнчуларга көңүл бурабыз. Алар курамыбыздын келечеги. Бардык жоопкерчиликти сезип турам, өз ишибизди мыкты аткарып, алдыга койгон максаттарга жеткенге бардык күч-аракетибизди жумшайбыз”,- дейт Крестинин.



Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
erjigit-e.15
2019-02-19 10:13:32
Кыргыз Республикасынын тарыхында калчу инсан.
+6
TalaCSKA
2019-02-19 11:33:51
Буюрса сентябрдын бешинде башталат футбол майрамы
+3
SIMA_kg
2019-02-23 03:46:15
TalaCSKA, эмне болот? Отборбу??
0
altyw555
2019-02-23 01:49:00
Ийгилик урматту Крестинин!!
+1
altyw555
2019-02-23 01:49:53
Жакшы кабар.
+1
№ 850, 15-21-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан