“Супер-Инфо” гезитинин 2009-жылдагы тандоо жыйынтыгы боюнча мыкты телеалпаруучу болгон Эрмек Нурбаев жакында АКШга барып, андан соң «Тамашоу» долбоорунун жайкы фестивалын өткөрдү.
– Эрмек, маегибизди сенин АКШга болгон сапарыңан баштасак...
– Американы көрүү – менин бала кезимдеги кыялдарымдын бири болчу. Кыялыма жетүү үчүн бир жылдан ашуун тырышып иштеп, акыры өтөсүнө чыктым. Ал жакка «Тамашоу» долбоорунун администратору Нурлан Жаныбеков менен эс алганы бардык. Мага таксисттер «бул жерге калып таксист болуп иште, көп акча табасың» деген сунуштарын айтышты. Албетте, макул болгон жокмун.
– Сүйлөшкөн кызың Динара менен кетти деп уктук эле...
– Кудайым буюрса, чет өлкөгө Дикуся менен деле баруу пландарымда бар. Бирок бул жолу ал барган жок. Ырчы Омар, Алмаз, Жанузак, Адилет, Улар аттуу жакын досторум менен кезигип, жалаң эркектер менен эркекче эс алып, сагынычты болушунча таркаттым.
АКШнын Нью-Йорк, Чикаго, Майами, Орландо аттуу белгилүү шаарларынын кооз, тарыхый жерлерин кыдырып көрдүм. Түшүмдө да көрбөгөн аттракциондорго түштүм. Диско сүйүүчүлөрдөн эмесмин, бирок досторум ой-боюма койбой түнкү клубга алпарышты. Ал жак биздикине окшош эле экен.
– Тил жагынан канттиң? Англис тилин билчү белең?
– Англис тилин чала-була билем. Дүкөнгө киргенде досторго “мен өзүм аракет кылып сүйлөшүп көрөйүнчү” деп жаттым. Өткөн чак, учур чак менен сүйлөсөм, сатуучулар да, досторум да каткырып күлүп жатышты. Негизи, практика жүзүндө көп сүйлөшсөң тез үйрөнөт экенсиң.
– Омар менен канчадан бери доссуң?
– 2 жыл болду. Бирок мага өмүр бою дос болуп келгендей сезилет. Бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнөбүз. Анын мага ачык мүнөзү аябай жагат. Кыскасы, “красавчик” бала.
– Досторуңдун бири менен таарынышып кетсең кантип жарашасың?
– Күнөө менден кетсе, барып кечирим сурайм. Кээде эмоцияга алдырып бакырып алам да, кайра ичимден кыжалат болуп акыры кечирим сурап, жеңилдеп калам. Эгер күнөө мен тараптан кетпесе, кечирим суроосун күтөм.
– Кыргызстанга келериң менен эмне кылдың?
– Чынын айтсам, акыркы күндөрү үйдү сагынып кеткем. Жакшы нерсе да аз-аздан болушу керек экен. Баары сонун болду, бирок баары бир үйгө шашылдым. Келип эле ата-энемди, Динараны көрүп, сагынычымды тараттым. Анан кайра досторум “эс алууну улант” деп Суусамыр жайлоосуна чакырышты. Үч күн жайлоодо кымыз ичип, ат чаап... Мына, эс алуу деген. 19 күн Америкадагы эс алганым 3 күн жайлоодо эс алганыма жетпеди. Телефон өчүк, күн салкын...
– «Тамашоунун» Ысык-Көлдөгү жайкы фестивалы кандай өттү?
– «Тамашоуну» өлкөдөгү абалга жараша жарнамалабай эле план боюнча өткөрүп келдик. Ойдогудай, жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында, “Саяктар” командасы менен “Жигиттердеги” Азамат “Достуктагы” Санжар биригип, “СанчиАза” командасы болуп, “Эң мыкты команда” наамын алышты. “КG 77” командасындагы Зияш менен “Саяктардагы” Азамат “Мыкты оюнчу” болушту. Расмий түрдө «Тамашоунун» экинчи сезонун жаап, балдарга жакшы эс алуу каалап, 3-сезонго толтура идея, күчтүү энергия менен кайтууларын айттым.
– Акыркы көргөн тасмаң?
– Ысык-Көлдө пансионатта эс алып жатып, “Ноев ковчег” аттуу мелодрама көрдүм. Тасма ушунчалык жакты. Негизи, жан дүйнөнү козгогон кайгылуу тасманы жалгыз көргөндө кээде ыйлап алам.
– Өзүңдүн кайсы сапатың жагат, кайсынысы жакпайт?
– Адамгерчиликтүүмүн. Бардык адамды бирдей көрөм, түшүнөм. Ийилбейм, бирок ошол эле учурда бой көтөрбөйм. Жакпаганы – өтө ачыкмын. Ачылып кеткенде ички дүйнөмдөгү уйгу-туйгуну болгондой айтып салам да, кайра, ий, айтпай эле койсом болмок деп өкүнөм.
– Бирөөнүн ийгилигин көрө албай, ич күйдүлүк кылгандарга мамилең...
– Көрө албастар көрө албаса, бул алардын “проблемасы”. Кербен жүрө берет, ит үрө берет деп коём. Ийгилик болгон жерде көрө албастык да болот.
– Сени көзөмөлдөп, кеңеш берип, туура жолго салган адам барбы?
– Ата-энем, бир туугандарым, досторум, жакын адамдарым. Бирок мен эң негизги жол көрсөткүч насаатчымдан бир жыл мурун айрылдым. Ал таякем – Уметалиев Жаныбек Асанбекович КРнын биринчи Коргоо министри, генерал-майор, бирок ошол эле учурда жөнөкөй адам эле. Жумасына үч жолу көрүшүп, кеңешип, сүйлөшмөйүнчө жүрө алчу эмесмин. Ал мени жарым сөзүмдөн түшүнүп, дайым жүйөлүү кеңешин берчү. Анын кебин укканда, ишим сөзсүз оңунан чыкчу. «Тамашоу» долбоорун ачууга раматылык таякемдин салымы чоң.
– Болочокто үй-бүлөңдү кандай элестетесиң?
– Үй-бүлөм жетиштүү турмушта жашашы үчүн бүт аракетимди жумшайм. Заңгыраган чоң үй кургум келет. Ичинде төрт балам менен ызы-чууга бөлөнүп, апабыз качан бизге тамак даярдап берет деп күтүп ойноп жатабыз. Ал учурда Дикуся мен жакшы көргөн лагманды шакылдатып чоюп даярдап жаткан болот... Эх, ошондой күндөргө жеткирсин. Буюрса, анын баары алдыда.
– Магдырап калганыңа караганда үйлөнөөрүңө аз калган окшойт?
– Улуу агам Тилек үйлөнгөндөн кийин мен үйлөнөм деп жүрөм. Чынында, катын алсаң отун ал дейт. Башкача айтканда, үй сал, анан ичин толтур деген принциптерим бар. Үйлөнүп алып, батирлеп жүргүм келбейт.
– Көзгө чөп салган айымды кечирүүгө болобу?
– Эркек убактысы менен, айым денеси менен чыккынчылык кылат дегенге кошулам. Негизи, үй-бүлөсүнө ынак адамды сыйлайм жана мен да ошондой болом дейм. Ал эми көзгө чөп салган айымды кечирүүгө мүмкүн эмес. Керек болсо, андайларга катуу күч колдонуу керек.
– Учурда бардык белгилүүлөр саясатка баш багып жатканы жашыруун эмес. Сенин саясатка аралашуу планың жокпу?
– Убактысы келгенде аралашам. Менин өзүмдүн саясатым бар. Ал – «Тамашоу».
– Ийгиликтин артынан ийгиликти жетелеп жүрө бер.
СЕН...
– Чылым чегесиңби?
– Жок.
– Жумшак оюнчукту кучактап уктайсыңбы?
– Бар болсо.
– Сырткы келбетиңе кам көрөсүңбү?
– Кадимки эркектердей жуунуп, чач тегиздетем.
– Эмнени чыдамсыздык менен күтүп жатасың?
– Апамдын укмуштуудай лагманын.
– Патриотсуңбу?
– Ашыкча.
УЧУРДА ...
– Маанайың: – Супер.
– Чөнтөгүңдө эмне бар? – Телефон, 20 сом, машиненин ачкычы жана элдик лото.
– Каалооң:
– Муздак суу ичүү.
– Кимди көргүң келип жатат?
– Бакиевди.
ИШЕНЕМ, ИШЕНБЕЙМ...
– Бир көрүп сүйүүгө: – Ооба.
– Өзүңө: – Албетте.
– Кыз менен жигиттин достугуна: – Ооба.
– Аяз атага: – Аяз кызга ишенем, аяз ата бир жолу “кидать” этип кеткен.
– Башка планетада жашоо барына: – Жок.
ЖАМАН КӨРӨМ...
– Кошоматчылыкты,
коштошууну,
алдамчыны,
чыккынчылыкты.
ЭМНЕНИ ТАНДАЙСЫҢ?
– Сүйүүнү же достукту?
– Экөөнү тең.
– Кышты же жайды?
– Жайды.
– Даңкты же акчаны?
– Даңкты.
– Телевизорду же компьютерди?
– Компьютерди.
– Күн же түн? – Күндү.
- Кумарданууну же кыялкечтикти?
– Кыялкечтикти.
Бактыгүл Сокушова
star@super.kg