ТАЙ КАЗАНДЫН ТАГДЫРЫ ТАЛАШТА. КӨК БӨРҮНҮН ЭРЕЖЕСИ ӨЗГӨРӨБҮ?

14-февраль күнү Казакстандын Астана шаарында көк бөрү оюну боюнча жыйын өтүп, анда эл аралык мелдештерде көк бөрү оюну кандай эрежелер менен ойнолушу керектиги талкууланды. Кыргыз өлкөсү катышпаган бул жыйында 10 өлкө тай казанды алуу маселесин колдошту.

ЧЕЧИМДЕРИ АР БАШКА ЖЫЙЫНДАР

Астанада өткөн жыйынга чейин, ушул жылдын башында Ташкент шаарында Эл аралык көк бөрү федерациясынын конгресси өтүп, анда Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Орусиянын субъектилери (Татарстан, Иркутск, Красноярск, Алтай, Новосибирск), Монголия, Ооганстан, АКШ жана Түркия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышкан. Кыргыз өлкөсүнүн Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов иш-чарада быйылкы күз айында Өзбекстанда өтө турган көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу тай казан менен ойнолот деген чечим кабыл алынганын айткан эле.

Арадан бир ай өтүп, Казакстанда Түрк тилдүү элдердин ассоциациясынын конгресси өтүп, анда 10 мамлекеттин катышуусунда көк бөрүнүн эрежелерин талкуу кылышкан. Жаңы эрежеге ылайык, тай казандын ордуна тегерек чийин чийилип, улак эмес, 33-35 килограммдык муляж тартылат. Ал эми оюн 20 мүнөттөн эки тайм менен өтөт, ортодогу тыныгууга 10 мүнөт берилет (ред.: көк бөрүдө 20 мүнөттөн 3 тайм). “Бул ассоциация коопсуздук жана оюндун кызыктуулугун арттыруу үчүн жаңы эрежелерди киргизди. Оюнга болгон кызыгуу күч алат, оюнчулардын коопсуздугу да сакталат”,- дейт Казакстандын улуттук спорттун түрлөрү боюнча ассоциациясынын президенти Бекболат Тлеухан.

Бул чечимге ассоциацияга мүчө болгон 10 өлкө макул болушту, Кыргыз тарап барган эмес. Бир айга жетпей эки жыйындын жыйынтыгында эки башка чечим чыгып калды.

КӨК БӨРҮДӨГҮ ЭКИ ЭЛ АРАЛЫК УЮМ. КАНДАЙЧА?

Көк бөрү оюну Кыргыз өлкөcүндө гана эмес, коңшу өлкөлөрдө да бирдей эрежеде ойнолушу жана эл аралык мелдештерди бир эреже менен өткөрүү үчүн 2001-жылы Эл аралык көк бөрү федерациясы түзүлгөн. Анда Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү Кыргызда ойнолуп жаткан эрежени колдошкон.

Экинчи уюм 2017-жылы Казакстандын демилгеси менен түзүлгөн. Анда Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясы түзүлүп, ага бир катар өлкөлөр мүчө болушкан. Бул ассоциацияда көк бөрү көкпар деп аталып, эрежесинде да бир катар өзгөрүүлөр болгон. Кызыгы, Кыргыз өлкөсү 2014-жылдан тарта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп, анда улуттук оюндарда мыктылыгын көргөзүп баштаган. Көк бөрүдө да биринчиликти эч кимге берген эмес. Ошондон тарта көк бөрү бир гана спорт эмес, саясатташып да кеткени байкалат.

Эл аралык көк бөрү федерациясы турганда казактардын түзгөн ассоциациясы бир катар суроолорду жаратышы керек эле. Бирок буга Кыргыз өлкөсү да макул болуп, ассоциацияга мүчө болгон.

КӨКПАРГА КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ КАТЫШПАЙТ

Быйылкы жылы Өзбекстанда өтө турган көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу көкпар эрежеси менен ойнолсо, анда Кыргыз өлкөсү мелдешке катышпайт. Казакстанга бир жолу барып ойногондо уятка калтырышкан”,- деп билдирди бул окуядан кийин Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов.

Астанада кандай чечим чыкпасын, азыркы көк бөрүнүн эрежелери Эл аралык көк бөрү федерациясынын эрежелери болуп саналат. Дүйнө чемпиондугунун эрежелери ассоциациянын эмес, эл аралык федерациянын чечими менен өтүшү шарт. Демек, быйылкы жылкы чемпиондук көк бөрүнүн эрежелери менен өтөт. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү 3 жолу тең дал ушул эрежелер менен өткөрүлдү да. Алсак, бул оюндарды дүйнө жүзү боюнча жалпы 1 миллиард 300 миллионго жакын адам көргөн. Алардын 90 пайызы көк бөрүнү көргөндөр болгон. 2020-жылы өтө турган Көчмөндөр оюндарында көк бөрү ойнолот”- дейт Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов.

ИЧ АРА ЫРК КЕТТИ

Астанада өткөн жыйында ассоциацияга кирген бардык өлкөлөр макулдугун берген эмес. Алсак, Орусия өзгөртүүлөргө добушун берген эмес. Ооганстан Бузкаши (көк бөрү) федерациясы мурунку жылдары кабыл алынган эрежелерди эске алуу керектигин жана федерациялар ортосунда келишпестиктерди жаратпоо керектигин белгилешет. “Бул оюн ата-бабалардан калган оюн, андыктан оюндун эрежелеринен улам өз ара ынтымагыбызды бузууга укугубуз жок. Эл аралык мелдештерди жогорку деңгээлде уюштуруу, жаңы федерацияларды кошуу жана жаңы деңгээлге чыгаруу маселелерин көтөрүшүбүз керек”- дейт аталган федерация.

Талас Бегалиев 2017-жылы көкпар боюнча Дүйнө чемпиондугуна улуттук курамды жетектеп барган эле. Анын пикиринде, ушундай чечимдерден улам эл аралык аренада артта калып калышыбыз мүмкүн. “Ички чемпиондуктар менен жүрө бербей, эл аралык аренада дагы иштерди бүтүрүү керек эле" дейт ал.

ЭМИ КАНДАЙ БОЛОТ?

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Казакстан көк бөрүдөн ызалуу жеңилүүгө дуушар болуп келет. 2016-жылы финалда кыргыз улакчылары казактарды 15:3 менен жеңип алышкан. Бул жеңилүүдөн соң көкпар эрежесин иштеп чыгышып, 2017-жылы биринчи Дүйнө чемпиондугу өткөн эле. Анда Кыргыз улакчылары финалда казактарга жеңилип калган.

2018-жылы 3-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында казактар Өзбекстанга утулуп, финалга жеткен эмес. Мындан улам, кыргыздар менен финалда ойнобошу үчүн атайын утулуп коюшту деген сөздөр тараган. Ошондо Казакстандын улуттук спорттун түрлөрү боюнча ассоциациясынын президенти Бекболат Тлеухан “Көчмөндөр оюндары болгону фестиваль эле” деп айткан жайы бар.

Көк бөрү эбак саясатташып кеткени байкалат. Казакстан бир катар ызалуу жеңилүүгө дуушар болгондон бери өздөрүнө ылайык артыкчылык орнотуу үчүн болгон аракетин жасап келет. Көк бөрүнүн эрежелери боюнча суроолор азырынча ачык бойдон калууда. Күзүндө өтө турган Өзбекстандагы Дүйнөлүк чемпиондук көп маселеге чекит коюшу мүмкүн...

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tular
2019-02-26 11:30:25
Казактар кок боруну тарта алышпайт Кыргыздардай болуп. 2017-жылы Кыргыздарды камчы менен сабашкан... ХХХХХ эле коншу мамлекеттин оюнчулары...
+1
admin_portal
2019-02-26 14:55:29
tular, улут аралык келишпестиктерди жарата турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган! Эскертүү!
-1
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан