Концерттин аталышы – “Сүйүүгө толгон шоу-концерт”
Концерт өткөн күн – 14-февраль
Концерт өткөн жер – Кожомкул атындагы Спорт ордосу
Билет баасы – 300-500 сом
Башталышы – 19:40 (1 саат 10 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 95 пайызы
Алпаруучулар – Эмил Эсеналиев, Айзада Жамгырчиева
Концерттин коноктору – Алина Жетигенова, Нурмат Садыров, Канат Деркембаев, Төлөгөн Мамыров
Мыкты номерлер – Аваздын аккордеон менен жандуу ырдаганы, “Жаным” дуэти
Көп жылдан бери “ага-карындашпыз”, “доспуз” деп эгиз козудай ээрчишип жүргөн Аваз Акимов менен Айдана Дека сүйүү мамилесин элге жар салып “өх” дей түшкөндөй эле болушту. Таттуу түгөйлөр Сүйүү күнүндө концерт беришмек. Алардын биргелешкен концертине күбө болуу үчүн Спорт ордосуна эч шашылбай жазылган убактысынан жарым саат өтүп бардым. Концерттер убагында башталбаса, Толик деле кечигүүнү адат кылат экен.
Кире бериштеги кош жылдыздын бакыйган баннеринин жанында сүрөткө түшкөндөр көп экен. Зал али толбоптур. Көнгөн адат калабы, орун талашып ызылдашып кеткендерге бул ирет да күбө болдум. Эрте келип алгандардын чыдамы кетип, шашылбагандар сейил бакта жүргөнсүп жай баракат келип орундарын таап отуруп жатышты. Качан кол чабылып, ышкырыктар жаңырганда гана Айдананын бийчи кыздары чоңунан кичинесине чейин сахнага шыгырап тизилишти. Бийсиз концерт башталчу беле, бул ырчылардын салты да. Бийден кийин экранда көрсөтүлгөн Аваз менен Айдананын бала чагынан азыркы кезге чейинки видео-слайды баарынын көңүлүн бурду. "Үлпөт тойго түгөйлөрдүн слайд-шоусу даяр болуп калыптыр" деп койдум. Аны улай эле эки жаш “Аппагым” ыры менен сахнага чыга келишти. Ырдап бүткөндө Айдана озунуп сүйлөп баратып эле тык токтоду. “Биринчи Аваз сүйлөш керек эмес беле” деген ой келгендей көрүндү кыздын өңүнөн. Анан Аваз Айдананы узатып жиберип, “Володя, монитор не работает...” деп эле чебелектеп жатканынан, ырдай бербейби кур сөз менен убакыт өткөрбөй десем, көрсө, сүйүктүүсүнө арнап чыгарган ырын аткарып, экранда сүйүшкөндөрдүн Кореядагы сапарынан тартылган жапжаңы клип элге сунулмак экен. Ырчы жигиттин сүйүүгө мас болуп турган учуру өңдөнөт, эки сөзүнүн бири Айдана болуп жатты. Айтканындай эле бар тура, ырчы мырзанын бир топ ырынын жаралышына муза болуп бериптир кайран кыз!
Ырчылар “тигил концертинде сыйланды, мен да сыйланышым керек” дешеби, билбейм, бул ирет да концерт учурунда сыйлык тапшыруу орун алды. Маданият министрлигинен келишкен өкүлдөр күнөөкөрлөргө “маданият тармагында жигердүү эмгектенип жатканы үчүн” деген Ардак грамотаны тапшыра салып эле эшикти көздөй шашышты.
Аваздан Айдана кем бекен? Ал дагы “Жигитке” деген ыры Авазга арналып жаралганын айтып, аткарып өттү. Кыз тыпылдап тың. Ар бир ырында бийчилер менен чогуу так секире бийлеп, улам сүйлөп, эркелеп күлүп жатты. “Эл алдында сүйлөгөндөн уяла берем, ырдап, бийлесем эле болду. Үйрөнүп жатам, эми мен дагы Аваздай болуп элди кол чаптырганга жарап калам” деп элден кечирим сурап үлгүрдү.
Концертке келген элге дүңкүлдөгөн фонограмма кызык эмес. Аны эл да тастыктады. Аваз аккордеонду көтөрүп, жанына гитара көтөргөн жигитти ээрчитип чыкканда эл кол чаап сүрөп тосуп алышты. Аваздын жандуу ырдаарын эсепке албаган уюштуруучу топ микрофон орнотулчу таякча тууралуу такыр унуткан өңдөнөт. Таякчадан кабар жок. Алпаруучу Эмил Эсеналиев Авазга микрофон кармап берейин десе, гитарачы калат. Акыры залда элдин катарында отурган ырчы КG Элмурат элпектик кылып сахнага чыга калып микрофон кармап берип Авазды ыңгайсыз абалдан чыгарып кетти. Эл Аваз менен жарыша ырдап, ушул бөлүк узак болсунчу дегендей эле ишарат кылып жатышты. Мага дагы жакты. Баса, ырлар ырдалып бүтүп калганда кыйшайган таякчаны көтөрүп бир кичинекей бала чыкса боло. Баары ууртунан жылмайып алышты.
Бул концерттин кульминациясына келип жеттик көрүнөт. Жарыктар өчүрүлүп, өйдөдөн шарлар жаап, Айдана бир сыйкырды күткөндөй сахнада туруп калды. Аваз кучак толгон гүлү менен элди аралап чыга келип, сүйүктүүсүнө жагымдуу сөздөрүн арнап, акырында колун сурады. “Сен менин жашоомдогу акылдуу кыздарымдын бирисиң” деген сөзүнө кулагым токтоду. Толкунданган Айдана макулдугун берди. Ошентип концерт түгөйлөрдүн “Жаным” дуэти менен жагымдуу маанайда жыйынтыкталды. Өткөн жылы Нурлан менен Аселдин жарым жылга созулган той-концертине эл күбө болду эле. Быйылкы той-концерттердин кезеги Аваз менен Айданага жетти окшойт...
Толик сынчы