Кыргыздар “Манасты” билбеген адамды кыргыз эмес дешсе, батыштагылар интернетти билбеген адамга таң калышары анык. Анткени азыркы жашообуз интернетке байланган.
ИНТЕРНЕТТИН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Интернет – (англ. бириккен түйүндөр) маалыматтык жана эсептеп чыгаруучу глобалдык ресурстардын телекоммуникациялык түйүнү.
1957-жылы Советтер Союзу Жердин спутнигин коё бергенде согуштан чочулаган америкалыктарга ишеничтүү маалымат тармагы керек болгон. Бул үчүн атайын компьютердик түйүн иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. Түйүн ARPANET деп аталган.
Алгачкы ARPANET 1969-жылы 1-сентябрда Лос-Анжелесте Калифорния университетинде орнотулган. Honeywell DP-516 компьютеринин 24 килобайт операциялык эс-тутуму болгон.
1969-жылы 29-октябрда ARPANET менен Стэнфорд изилдөө институтунда байланыш сеансын жүргүзүшкөн. Так ушул датаны интернеттин туулган күнү деп белгилесе болот.
1971-жылы электрондук кат жөнөтүү боюнча программа иштелип чыккан.
1988-жылы чат иштей баштаган.
Азыркы учурда интернетке байланыш спутниги, радиоканал, кабелдик телевидение, телефон, уюлдук байланыштар аркылуу туташса болот.
2008-жылдын ортосуна интернет колдонуучулардын саны 1,5 миллиардга жеткен.
ИНТЕРНЕТТИН “ТЕЗ ЖАРДАМЫ”
Фейсбук – 2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан ачылган социалдык тармактагы веб-сайт. Акыркы маалыматтарга караганда, 2010-жылы апрелде колдонуучулардын саны 540 миллионго жеткен.
Фейсбук аркылуу ар ким өзүнүн профилине сүрөттөрдү жүктөп, дос күтүп, башкалар менен кат алышууга жана өзүнүн статусу жөнүндө маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
2009-жылы 20-июнда фейсбук орус тилдүү вариантта чыккан. Ошондон тарта орус тилдүү колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө.
ТВИТТЕР ДЕГЕН ЭМНЕ?
Twitter – (англ. tweet – быдылдоо, көп сүйлөө ) тез аранын ичинде СМС жөнөтүүгө шарт түзгөн интернет-сайт. 2010-жылдын 15-апрелине карата 105 миллион колдонуучуну тейлеген. Ар ай сайын 190 миллион колдонуучу кирип-чыгат.
Жек Дорси деген адам “азыр эмне кылып жатасың?” деген суроого жооп издеп, акыры твиттерди иштеп чыккан. Твиттер – маалымат таратуучу эң ыкчам булак.
Твиттерди колдонуучулардын катарын Д.Медведев, Т.Канделаки, С.Лазарев сыяктуу атактуулар толукташат.
Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg