ДЖОННИ 2 СААТ ЖАНДУУ ЫРДАДЫ

Концерттин форматы – Контакт-шоу
Концерт өткөн күн – 14-февраль
Өткөн жери – Кыргыз драма театры
Башталышы – 20:10 (40 мүнөт кечигип башталды)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы
Алып баруучу – Жок
Мыкты номерлер – «Күттүм, ай», «Сары ой»


«14-февралда «К
үттүм, айды» ырдаган жигит жандуу концерт берет экен» дегенинен Кыргыз драма театрына жетип бардым. Жанымда отургандар концерт башталганга чейин Жаныбек, Жаныбек деп эле жатышкан. Жаныбеги ким болду экен десем, көрсө, жакындары Джонни дебей эле, өз атынан аташат турбайбы. Адатта концерттерди алып баруучу же бийчилер ачып берчү эмес беле, бул жолу башкача болду. Сахнага Джонни өзү чыгып, гитара черте баштады. Артындагы көшөгө ачылып, бэк-вокалисттер, бийчилер, анан саксофон, синтезатор, барабан, гитара көтөргөн музыканттар залды «дүң» эттирип жиберишти. Тушоо кесүү концерти болгонгобу, сүрдөдүбү же өзү аз сүйлөгөн жигитпи, айтор, Джонни биз менен учурашып коюп эле ырларын катар-катар ырдай кетти. Жандуу үн, жандуу музыкага мен эле эмес, келген элдин баары суусап калган көрүнөт, ышкырып-кыйкырып Джоннини колдоп жаттык. Эл талантты бааласа «Бишкек, барсыңарбы? Жаштар, барсыңарбы? Мен силерди көрбөй жатам, кол чапкыла» деген суранычы жок эле алакан кызарта кол чаап берет тура.

Концерт ортолоп калганда ырчы Аско сахнага чыгып, «Джонни кайсы ырды ырдасын, «заказ» бергиле. Контакт-шоу деген ушул» деди. Эл «Кызыл өрүк», «Буй-буй», «Беш ыргай», «Мурасты» суранышты негедир. Убада берилгендей эле, Джонни Асконун коштоосунда Атабековдун «Мурасын» гитара менен ырдап салды. Андан соң суранычтар боюнча Атай Огомбаевдин «Күйдүм чогун», «Сары ойдон» тартып, Rag’n’Bon Man’дин –
«Human’ына» чейин аткарып берди. Бул жигит бирде чопо чоордо ойноп, бирде бийлеп, айтор, таң калтырды. Андан тышкары Сайкал Садыбакасова, Абир Касенов, Бек Исраилов, Максат Садырбеков ырчы менен дуэт ырдашты. Бир маалда «Күттүм, ай» башталды. Ырды келгендердин баары кошулуп ырдады. Ошентип, концерт да бүттү. Көрсө, сахнага чоң экран койбой, жалтырак-жултуракты илбей, алып баруучу жалдабай, баштан-аяк бир форма кийип алып деле концерт берсе болот турбайбы. Көптөн бери «фирмачтардын» концертине бара элек элем, музыкалык «кайф» алып тойбой калган мен кечки саат 10до үйгө жөнөдүм.

Толик сынчы кичүүсү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
baisogur
2019-02-25 09:10:15
Ана кайф
+4
vikidiki
2019-02-25 16:53:58
Видеосун жуктогуло да эми баштан аяк концертин.
+3
admin_portal
2019-02-25 17:55:52
vikidiki, саламатсызбы! Буйруса, жүктөлөт.
+4
Paprikafm
2019-02-26 01:53:02
Толик сынчы сен 14-февраль кимисине бардың? Аваз Акимов или экөөнө тең үлгүрдүңбү
+3
Tyty1990
2019-02-26 11:10:49
Paprikafm,мен дагы ошону айтайын дегем
+2
Supsuluu
2019-02-26 11:19:55
PaprikafmТолик сынчы кичүүсү деп турат. Демек старший анан младший Толиктер бар экен да,
+6
aqua-94mema
2019-02-27 13:20:36
Мына ушундай концерттерди беришсе болмок мен да кутуп атам качан суперге чыгат экен эми
+2
al79mi
2019-02-28 10:57:47
Эл жасалмалардан жадап бутту. Жонокой болсо эл тартылат ушинтип.Азамат! Ийгилик!
+2
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан