Ушул жылдын 11-февралынан 12сине караган түнү Каракол шаарында 11-класстын окуучусу мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Аны өлтүрүүгө шектелип ошол эле мектептин окуучулары жана өзүнөн бир жаш улуу балдар кармалышты. Өлүмгө алып келген мектеп окуучуларынын мушташын иликтедик.
«КҮНӨӨЛӨРҮН МОЮНДАРЫНА АЛЫШТЫ»
Окуя тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов буларды билдирди:
– 12-февралда саат 8:23 чамасында Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө унаа базардын жанында белгисиз адамдын сөөгү табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке Каракол ШИИБинин ыкчам тергөө тобу барып, ал жерден киши колдуу каза болгон 20-25 жаштардагы белгисиз жигиттин сөөгүн табышкан. Сөөктүн жанынан канжалаган жыгач таяктар табылган. Маркумдун аты-жөнү аныкталып, ал Каракол шаарынын 18 жаштагы тургуну, №5 орто мектептин 11-классынын окуучусу Д.А. экендиги аныкталган. Маркумдун ата-энесинин айтымында, бала 11-февралдан 12-февралга караган түнү саат 24:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон келген эмес. Факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) менен катталып, Каракол ШИИБи тарабынан сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Кылмышка шектелип 8 адам кармалды. Алар Каракол шаарынын тургундары: 19 жаштагы Н.Т. жана маркум окуган мектептин жогорку классынын окуучулары 17 жаштагы Ж.С., К.А., Д.А., С.Д, А.А., 16 жаштагы Т.Т, Т.Э. Кармалгандар алдын ала суракта өз күнөөлөрүн моюндарына алышты. Шектүүлөрдүн айтымында, өткөн жылдын декабрь айында каза болгон бала алардын ичинен бирөөнү сабап, телефонун тартып алган. Ошол себептүү алар өч алуу максатында түндө А.Дны эшикке чакырышып, таяк менен сабашкан. Окуя боюнча тергөө жүрүп жатат.
«ШЕКТҮҮЛӨР МАРКУМДУН ЭҢ ЖАКЫН ДОСТОРУ ЭКЕН»
Маркум Дүйшөнаалы уулу Абдыбакирдин ата-энесинин абалы оор. Алардын азырынча бирөө менен сүйлөшүүгө дармандары жок. Суроолорубузга Абдыбакирдин атасынын агасы Абдыкерим Өмүралиев жооп берди.
– Бакир ак көңүл, ата-энесинин, улуулардын тилин уккан элпек, жоопкерчиликтүү, дайыма жадырап күлүп жүргөн бала болчу. Анын бейбаштык кылганын, бирөөгө орой мамиле кылганын көргөн эмесмин.
Атасынын айтканына караганда, ал түнү Бакир саат 24:00 чамасында жуунуп жатайын деп жатканда телефонуна бирөө чалыптыр. Анан ал «досум келиптир» деп футболкасынын сыртынан күрмөсүн кийип алып эшикке чыккан экен. Ал күнү апасы үйдө жок болчу. Атасы болсо телевизор көрүп жатып уктап калыптыр. Атасы эртең менен туруп эшикке чыкса эле үйүнүн жанында эл топтолуп, милиция кызматкерлери жүрүшүптүр. Эртең менен кошуналары сөөктү көрүп калып, милицияга кабар беришкен экен. Бир маалда милиция кызматкерлери чакырып, иниме сөөктү көрсөтүшүп, анын баласы экенин аныкташыптыр. Иним караса баласынын башы талкаланып, жердин баарына кан жайылып жаткан болот. Баласын мындай абалда көрүү канчалык оор экенин түшүнсөңүздөр керек. Ата-энеси стрессте жүрөт. Бакир үч бир туугандын улуусу эле.
Тергөөчүнүн айтымында, Бакир сыртка чыкканда аны 8 бала күтүп туруптур. Үчөө унаада карап отурган, төртөө таяктарды көтөрүп жашынып турушкан, бир бала алдынан тосуп чыккан. Анан шыр эле 5 бала колундагы таяктар менен сабап салышкан. Жалаң башка урушуптур. Бакир жыгылып калганда унаага отуруп качып кетишкен экен. 1 мүнөткө жетпеген убакытта болгон иш дешти. Иним өзү 5-класстан бери бокс менен машыкчу. Чогуу жүргөн балдардын айтымында, сабаган 8 бала тең Бакирден коркуп, анын жанында сөз сүйлөй алышчу эмес экен. Ошондуктан тургузбай сабаш керек болгон окшойт. Бирок бул балдардын баары Бакир менен жакын мамиледе болгонун келиним айтып жатат. Шектүүлөрдүн жетөөсү үйгө келип чай ичип, Бакирди досум деп жүргөн балдар экен. Алардын ата-энелери келип, куран окутушуп, бизден кечирим сурап кетишти.
Азырынча кылмыштын себеби так аныктала элек. Бир баланын телефонун тартып алды деген кептер боюнча атайын барып тергөөчүдөн сурадым. Бул кылмышка шектүүлөрдүн бири Жаңы жылга чейин Бакир анын телефонун алганын, бирок кийин кайра төлөп бергенин айтыптыр. Телефондун бул ишке тиешеси жок экенин да айтып көрсөтмө бериптир. Менин оюмда, өзүнөн улуу балдар «бизди билип жүрсүн, шаарда биз да барбыз» деген белги бериш үчүн ушундай кадамга барышса керек. Анткени теңтуштары Бакирдин мектепте лидер экенин айтып жатышат. Ал эч кимди мектепке жолотпой, башка жактан балдар келсе, өзүнүн мектебинин балдарын коргоп турчу деген маалыматтарды угуп жатам. Эмне иш болсо да иним аркылуу өтчү экен.
Иним бокс боюнча мелдештерге катышып жакшы көрсөткүчтөргө ээ болуп жүргөн. Бокс боюнча Кыргызстандын чемпиондугуна катышууну, андан ары Олимпиадага барууну кыялданчу. «Кыргыз желегин желбиретем, көрөсүз, Керим ава» деп калчу мага. Армияда «Скорпион» атайын даярдыктагы отрядында кызмат өтөөнү кыялданып, ошого да көп даярданчу. Кыялдарына жетпей кетип калбадыбы. Күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алат деп ишенебиз.
«КӨРӨ АЛБАСТЫКТАН УЛАМ ӨЛТҮРҮШТҮ»
Бакир өзүн сабаган балдар менен эмнени бөлүшө албай койду? Бул суроого анын сүйлөшкөн кызы Айгүл (аты өзгөртүлду) да жооп берди:
– Мен башка мектепте окуйм. Экөөбүз 7 айдан бери кыз-жигит элек. Бакир аябай жакшы, тартиптүү, калп айтпаган, жароокер, эч кимден жардамын аябаган бала болчу. Дос балдары да көп эле. Классташтары менен жакшы мамиледе болгон. Шектүү катары кармалган балдарды дос балдарым деп атап, дайыма чогуу жүрүп алардан эч нерсе аячу эмес.
2 ай мурун Бакир шектүү катары кармалган классташтары менен урушуп кеткен. Анткени ал балдар Бакирдин артынан ар кандай жаман сөздөрдү таратышкан. Алар Бакирге ичи күйгөндүктөн жаман сөздөрдү таратышкан болушу керек. Анткени Бакирдин аброю бар эле. Аны баары жакшы көрүшчү.
Ошол мектепте окуп, бул жылы башка мектепке которулуп кеткен 9-класста окуган эгиз балдар да кармалышты. Аларды Бакир инилерим деп аябай жакшы көрүп, эч кимдин колун тийгизбейт эле. Алардын да Бакирди сыйлап мамиле кылышканын билем. 11-февралда чогуу отурсак, эгиз балдардын бири чалып акча сурап калды. Бакир «Жанымда жок. Эртең болуп калат. Ошондо берем» деди. Бир аздан кийин кайра экинчиси чалды. Бакир ага «мен сага эртең берем деп айтпадымбы» деп урушуп койгон. Көрсө, алар Бакирди эшикке чакырыш үчүн эле чалып жатышкан окшойт. Менимче, бул кылмышка көрө албастык эле себеп болду окшойт. Телефон тууралуу сөздөр чыгып жатат. Ал окуя тууралуу билбейм. Бирок мындай каргашалуу окуянын келип чыгышына телефон тартып алуу сыяктуу окуя себеп болду деп ойлобойм. Өкүнүчтүүсү, аны менен 11 жыл чогуу окуган, чогуу жүргөн жакын достору да анын өлүмүнө шектелип жатышат.
Бул окуядан кийин аталган мектептин директору Клара Курбанова кызматынан кеткени белгилүү болду. Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg