– Ата болуу эмне? Бул сөздүн чыныгы аныктамасын билесизби? Мен беш кыздын атасымын. Кыздарым куш сыяктуу колумдан учканы турат. Уулдуу болбодум. Балким, Жараткан каалабады, балким, мен уулдуу болууга татыксыздырмын. Ал жагын Кудай акы билбейм. Мен уулга ата болууну билбейм, бирок кыздарга ата болуу кандай ырахат жана бактылуулук экенин билем. Жогорку окуу жайында окуган жокмун, ал тууралуу кыялданбасам деле керек. Бирок айылдык китепканада мен окубаган китеп калган жок.
Ар бир инсан бир миссия аткаруу үчүн келсе мен ушу кыздарды жаратып, ата болуу миссиясын өтөө үчүн жаралсам керек. Менимче, кыздарга ата болуу – дүйнө сенин алаканыңда тургандай өзүңдү күчтүү сезүү. Ата деп алдыңдан тоскон кыздарыңды бекем кучактап, чачтарын сылап бактылуу болуу. Чарчаганыңды билбей күнү-түнү иштөө. Ар бир мүнөт, ар бир секунд сайын аларды эстеп жылмаюу. Кыздарың менен кошо ооруп, кошо айыгуу. Аларды ысыктан, сууктан, атүгүл коңшунун баласынан коргогуң келет. Ошенткенге мажбурсуң. Кыздарым мени ишеним толгон көздөрү менен тиктегенде мен дүйнөдөгү бардык нерсеге даяр болдум. Мисалы, чарчабай иштегенге, алардын кем-карчын толуктаганга, өзүмдүн үстүм жука болсо да, аларды жылуу кийинткенге, атасы гана болбостон, апасынын да ордун басканга...
Апасы – ал башка окуя. Ал Орусияга иштегени кетип, ошол жактан мектеп кезиндеги махабатын жолуктуруп калган экен. Ыйлап өзү чалды. Ошол жакта бир жолу кала турганын айтты. Эмне дейт элем, бут алдымдан жер көчтү. Бирок бул чындыкты мен алигиче кыздарыма айтпай келем. Элден укса угуп жатышкандыр, бирок мен апасы тууралуу сүйлөшпөдүм. Кыскасы, өзүм тарбияладым.
Кыздарым чоңойду! Ошондо карыганымды сездим. Төрөлгөндө алаканыма араң баткан кыздар бүгүн керилип уясынан учкан куштар сымал алдымда турушат. А мен, мен ооруп калдым. Аз кана күнүм калганын жакында билдим. Кеп мен жашап же жашабаганымда деле эмес. Өлбөгөн адам барбы, бирок баары бир көкүрөгүмдө өксүк бар.
Бир нерсени бере албай калгандай, кыздарымды кем калтыргандай сезем. Балким, апасын жандарында кармай албай калганым үчүнбү? Балким, ал тууралуу ачык сүйлөшө албаганым үчүнбү? Силер билесиңер, атаңар колунан келгенин кылып, адал эмгеги менен силерди бакты. Мен силерге мендей кам көргөн адамга туш болууңарды каалайм. Мага күйөө баламдын бийлиги да, байлыгы да керек эмес. Силерди ыйлатпасын, башын жерге салдырбасын, мага ошол жетет. Мен идеалдуу ата болдум деп айта албайм, бирок мен бүтүн жүрөгүм менен силерди сүйдүм. Мен силерге байлык да таштап кете албайм, бере алганым ишеним болду. Кыздарым, ишенгиле, жашоодо ар кандай жолду басып өтөсүңөр. Мен силердин жаныңарда болуп коруп колдой албай калышым мүмкүн. Апаңар экөөбүздөн улам сүйүү деген жомок деп өзүңөрдү ишендирип албагыла. Биз сүйүүсүз үйлөндүк, мезгилибиз ошол болчу. Силер сүйүүсүз жашабагыла. Бар экенинен таптакыр күмөн санабагыла.
Бүгүн тиктеп турдум силерди. Айта албаган, ошол унчукпай тиктеп турган көз караштын ичинде баары бар. Аталык – бул ата болгондо гана сезе ала турган нерсе. Ата – бул түшүндүргөнгө мүмкүн эмес, баштан өткөрө турган бийик сүйүү.
Султан