Гезитибиздин өткөн сандарында телеалпаруучу Максат Довранов жубайы, ырчы Сайкал Садыбакасова менен ажырашканын ачыктаган. Египеттеги эс алуудан кайткан ырчы айым да бул маалыматты тастыктап өттү.
– Салам, Сайкал! Жакында эле Египеттен келдиң, эс алуу кандай өттү? Чыгармачылыгыңда эмне жаңылыктар бар?
– Кандайсыздар? Ооба, 80ге жакын киши Египетке барып 10 күн сонун эс алып келдик. Египет аябай жакты, дагы бир жолу апамды, инимди алып баргым келет. Чыгармачылыгымды улантып жатам. Шаңдуу 2 ыр жаздырдым, жакында күбө болосуздар. Концерттерде катарынан жай ыргактагы ырларды ырдай берип өзүм да ыңгайсыз боло берчүмүн. Шаңдуу ырларды ошол үчүн, экинчиден, тойлорго ырдайын деп жаздырдым. Ачыгын айтканда, азыр ырчылар тойлордон эле каражат таап калбадыкпы. Андан сырткары, буюрса, “Кыз-Бурак” тобуна атайын имарат курууга аракет көрүп жатабыз. Продюсердик борбор ачалы деген жакшы максаттар бар. Ал жерден ырчыларга тиешелүү бардык кызматтарды көрсөтсөк дейбиз. Муну менен “Кыз-Бурактын” кыздарына да жакшы шарт түзүлөт. Дагы бир жаңылык, кайра “Кыз-Бурак” тобунун курамында ырдайын деп чечтим. Буюрса, ушул жылы топтун 40 жылдык юбилейин белгилөөгө даярданып жаткан чагыбыз.
– “Кыргыз ырчылары артына 4 бийчи бийлетип коюп концерт бере беришет. Шоу жасаганды билбейт” деп сын айткандар көп. Шоу жасоо үчүн эмне керек? Акчабы же изденүүбү?
– Биздин улуттук колоритибиз бар, аны эч качан жоготпой, кыргыз кайрыктары менен дүйнөнү багынтып, башкалар бизди туураш керек деп ойлойм. Мисалы, коңшу өзбек, казак ырчылары эч качан батышты туурабайт. Мен да мурун батыштын ырларын угуп, аларды туураганга аракеттенчүмүн. Эми оюм өзгөрдү. Мисалы, биздин шоу чөйрөдө чыныгы ырчылар көп. Алар аябай эмгектенишет, изденишет. Ар бир эмгек бааланса туура болмок. 4 бийчини бийлетип койсоң дагы сахнада 5 адам эмгектенип жатат да. Бирок биз өнүгүшүбүз керек. Болгону бизде колдоо жана жетиштүү каражат, атайын курулган концерттик зал жок. Концерттик мекемелерде жандуу ырдаш үчүн жогорку сапаттагы аппаратура коюлса, биз деле жандуу ырдап, жандуу концерт бергибиз келет.
– Гезитибиздин өткөн сандарында мурунку жолдошуң Максат Довранов маек куруп, ажырашып кеткениңерди ачыктады...
– Ооба, Максат экөөбүз чындап эле эки жолго кеттик. Тагдыр экен. Эч ким маңдайына эмне жазылганын билбейт тура. Биз деле аракет кылып көрдүк. Максат кичи пейил, ак көңүл, жакшы адам. Болгону экөөбүздүн жылдызыбыз, көз караштарыбыз, мүнөзүбүз же кызыкчылыктарыбыз, кыялдарыбыз келишпей калды. Экөөбүздүн дүйнө таанымыбыз эки башка болуп туруп алды. Балким, достугубуз, жакшы көрүү сезимибиз чыныгы сүйүүгө айланбай калгандыр. Сый боюнча калдык, эч кандай уруш-талаш болгон жок. Азыр деле чалышып, сүйлөшүп, бири-бирибизге жардам керек болсо кол сунуп турабыз. Ал азыр тамадалык кыла баштабадыбы. Ажырашып кетсек деле ал мени тойлорго чакырат. Барып ырдап кетем.
Бирок экөөбүз тууралуу ар кандай сөздөр болууда. Элдер эч нерсени билбей туруп жүрөктү оорута турган сөздөрдү жазып жатышат. Мисалы, “Сайкал Максатты колдонду” же “Максат келишим менен үйлөнгөн” деген сөздөр чыкты. Максат келишим менен үйлөнгүдөй акылсыз адам беле? Анын дагы эркектик намысы бар. Максат унаасын да, үйүнө каражатты да ак эмгеги, маңдай тери менен тапкан. Мен келишим менен күйөөгө тийгидей эч ким албай койгон кыз белем?! Эч кандай ортодо келишим деген болгон эмес. Экөөбүз бири-бирибизди жактырчубуз, баш кошуу экөөбүздүн гана чечимибиз болгон. “Биз баш кошобуз” деп апама айтсак, ал өзү нес абалда калган. Апаларыбыздын алдынан өтүп, батасын алып баш коштук. Жакшы тилектерибиз бар эле, бирок жашоо ушундай экен. Ажырашуу мен үчүн да аябай оор болду. Бирок тагдырдын жазмышына баш ийебиз да. Буюрса, жакшы күндөр алдыда.
– Ажырашууңар апаңарга да оор тийген чыгар.
– Ажырашканыбыз апама да, кайненеме да, жакындарыбызга да оор тийди, дагы деле өздөрүнө келе албай жүрүшөт. Кайра жараштырганга болгон аракеттерин жумшашты. Болгону бешенеге жазганды Жараткандан башка эч ким өзгөртө албайт экен. Бул Максат экөөбүздүн биргелешкен чечимибиз болду.
– Сага үйлөнгөндөн тарта Максат шоу чөйрөсүндө активдүү эмгектенип, алпаруучулуктан тышкары менеджерлик, тамадалык да кыла баштады.
– Негизи эле Максат уюштуруучулук жагынан аябай кыйын. Мисалы, көп жылдан бери телеалпаруучулукту аркалап жүрөт. Сөзгө чечен. Ошондуктан тамадалыкты да өздөштүрүп алды. Балким, экөөбүздүн баш кошконубуз же ажырашканыбыз аны таасирленткендир. Жаңы үйлөнгөндө “тамада эле болбойлубу, азыр тамадалар жакшы табышат” деп тамашалашып, кыялданып калар элек. Ошол пландар ишке ашты.
– Мурунку маегиңде толуп кеткениңди айттың эле. Азыр арыктап калыптырсың, диета кармап жатасыңбы?
– Мен 4-5 ай катуу оорудум. Ооруган учурда мага дарыгерлер жазып берген гормоналдык дары-дармектерди ичип улам катуу толуп кеткем. Андан кийин ажырашуу стрессине кабылдым.
– Комментарийлер катуу капа кылып жаткан окшойт?
– Негизи комментарийлерге терикпейм деле. Бирок ушундай жүрөктү ооруткан сөздөрдү жазышат. Каяктан андай ушактарды таап чыгышат билбейм. Бирок 1 жалган комментарийди 10 адам окуса, 5өөсү ишениши мүмкүн да. “Бирөөнүн үй-бүлөсү – чытырман токой” деген кепке кошулам. Кимдин жашоосунда эмне болуп жатканын билбей туруп айтып коюш оңой. Кээде апамды да кошуп, ар нерсени жазып жатышат. Апамды элдин баары жакшы билет. Аябай тартипти бекем кармаган, каада-салт, үрп-адаттарды аздектеген, акыл-эстүү, чынчыл аялзаты. Ал аялдын баласы болуу да жеңил эмес. 330 кызды тарбиялап, уядан учуруп, кыргыз элинин урмат-сыйына татыган апамды уят кылбаш менин негизги милдетим деп эсептейм. Апама эч кимдин сөз тийгизгенге акысы жок. Бул менин жашоом, менин тандоом, тагдырдын буйругу!
– Маегиңе ыраазычылык! Алдыда жакшылыктар көп болсун!
Асхат Субанбеков
star@super.kg