Депутат суроо салат: “БИШКЕК ЖЭБин ЖАҢЫЛОО БОЮНЧА АСЫЛБЕК ЖЭЭНБЕКОВДУН ЖООПКЕРЧИЛИГИ КАРАЛБАЙБЫ?”

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш депутаттары Бишкек ЖЭБин жаңылоо иши боюнча маалымат угушту. Депутат Ирина Карамушкина кытайлык ТВЕА компаниясы менен кредиттик келишимди колдоп берген тармактык комитеттердин депутаттарынын, ал кездеги Жогорку Кеңештин төрагасынын жоопкерчилиги тууралуу сөз кылышыбыз керек деди. "Биз парламенттик өлкөбүз, ратификациялар жана макулдашуулар боюнча негизги чечимдерди парламент чечет. Эмне себептен профилдик комитеттердин төрагалары, депутаттары, пайдасыз келишимди кабыл алууну айткан төрага жоопкерчиликке тартылган жок?" деп суроо салды эл өкүлү. Ал кездеги спикер, учурда депутат Асылбек Жээнбеков “Жогорку Кеңеш чечимдерди дайыма жакшы көз караш менен кабыл алат. Бул келишимди колдогондо да чын дилибизден, ак ниеттен башчыларыбызга ишенип колдоп бергенбиз” деп билдирди. Өткөн жылы ЖЭБдеги өндүрүштүк кырсыктан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев тараткан билдирүүсүндө да ушундай эле ойду айткан. Эгер чечим кабыл алган бийликтегилердин бардыгы жакшы ойдо бул ишти жасаса, анда кредиттик келишимдин мамлекеттик кызыкчылыкка туура келбегендей түзүлүп калышына, ЖЭБди жаңылоодо миллиондордун уурдалышына, аягында келип 500 миллион долларга жакын карыз элдин моюнуна илинишине ким күнөөлүү?

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан