ПАСПОРТ БОЮНЧА ТЕНДЕРДИН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КҮМӨН ЖАРАЛДЫ

Кыргыз өлкөсүндө 2017-жылдагы президенттик шайлоо алдында жарандарга ID-карт, ички колдонууга биометрикалык паспорттор берилип баштаган эле. Быйылкы жылдан тартып жалпы жарандык паспорттор биометрикалык форматта берилип баштамакчы. Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча былтыр тендер жарыялаган. Паспортко бланктарды камсыз кылуу боюнча тендерге беш компания катышып, бул компаниялардын экөө тендердин жыйынтыгына нааразычылык билдирип чыгышты. Алсак, 2019-жылы 1-февралда тендер жыйынтыгы жарыяланган. Анын натыйжасында литвалык «Гарсу пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «IDEMIA France» компаниялары тендерде эреже бузулганын билдирип, Мамлекеттик сатып алуу порталына арыз тапшырышты. Ошол себептен тендерде жеңүүчү болгон компания менен келишимге кол коюла элек.

«Muhlbauer ID Services» компаниясынын өкүлдөрү тендерде жеңүүчү болгон компаниянын мурда жасаган паспорттору талапка ылайык пластиктен эмес, кагаздан жасалганын айтып чыгышты. Эске салсак, жеңүүчү болгон литвалык компания 2013-жылы Мамлекеттик салык кызматы өткөргөн өлкөдөгү акциздик маркаларды басып чыгаруу боюнча тендерде жеңүүчү аталып, ошол учурдан баштап Кыргыз өлкөсүндө иштеп келет. 14-февралда «Гарсу Пасаулис» компаниясы Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп, аларга коюлуп жаткан айыптарды жокко чыгарганга аракет кылышты.

Акыркы учурда мыйзамсыз берилген кыргыз паспорттору боюнча фактылар көп катталууда. Канчалаган мисал, далил жарыя болгонуна карабай бийлик бул тармактагы коррупцияны жоё албай жатат.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан