БАТЫРАЛИЕВГЕ КОЗГОЛГОН КЫЛМЫШ ИШИН САЯСИЙ КУУГУНТУК АТАШТЫ

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевге кылмыш иши козголду. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, мурунку министр Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Билип туруп жасалма келишим түзүү” беренелери боюнча айыпталууда.

Талантбек Батыралиев "министр кезинде бөйрөк ооруларынан жабыркаган бейтаптарга гемодиализ ыкмасы менен медициналык жардам берүү боюнча керектүү каражаттарды сатып алууда мамлекетке 107 миллион сомдон ашык зыян келтирген" деп айыпталып жатат. Батыралиев саламаттыкты сактоо министри кызматында 2014-2018-жылдары иштеди. Ага чейин ал Түркияда медицина тармагында 23 жыл иштеп, тажрыйбалуу адистердин катарын толуктаган.

Экс-министрге кылмыш ишинин козголушун коомчулук көбүрөөк сын менен кабыл алды. Буга чейин гемодиализ өлкөдөгү курч маселелердин бири болуп келген. Мындай маселени чечип, миңдеген бейтаптын жашоосун жеңилдетүүгө жол тапкан адамдын ал иши үчүн айыпталышына нааразы болгондордун бири Рита Карасартова болду. Укук коргоочу “Бул камалды, тигил камалды деп бир жарым жылдан бери келдик. Качан реформаларды ишке ашыра баштайбыз? Мына Кыргыз-түрк ооруканасы салынганына бир жылдан ашты, иштейин деген ою жок. Ош шаарында Кыргыз-Кытай ооруканасы салыныптыр, ал дагы турат.
А биздин ооруга чалдыккан мекендештерибиз кайсы гана мамлекетте жүрүшпөйт? Көзгө көрүнүктүү иш кылган аткаминерди куру шылтоо менен өлкөсүнө зыян келтирген деп айыптоо – саясий куугунтук. Батыралиевди камаганга аракет кылышса, ошол УКМКнын алдында ачкачылык жарыялаганга даярмын. Бизде деги оңолуу болобу?”
деп суроо салат.

Экс-министрдин тарапташтары бөйрөк жетишсиздигинен жабыркагандар гемодиализге кезеги жетпей өмүрү менен коштошуп жаткан маалда чечкиндүү чараларды көрүү менен бейтаптардын жашоосун жеңилдеткендигин айтып, бул иши үчүн кылмыш иши козголушуна нааразычылык билдиришүүдө.

Учурда бөйрөгү жабыркагандар 5500 сомдун ордуна 550 сом төлөп гемодиализ кызматын алышууда.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 851, 21-27-февраль, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан